"БИКАРД" КАРДИОЛОГИЯЛЫК КЛИНИКАСЫ ЖҮРӨК ООРУҢУЗДАН АРЫЛТАТ!

Бишкекте "Бикард" аталышындагы кардиологиялык жаңы клиникасы ишке киришти. Клиникада амбулатордук, стационардык дарылануу, жандандырып калыбына келтирүү бөлүмдөрү, анан, албетте, дартты аныктоо бөлүмү бир имаратта жайгашкан. Клиника технология боюнча алдыңкы орундарды бербеген Европа, Япония, АКШда чыгарылган акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган. Бейтапка амбулатордук, стационардык жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөт. Жана да өз ишин мыкты билген кесипкөй дарыгерлер сакайып кетишиңизге көмөкчү болушат.
Стационардык дарылануунун ичиндеги операция жасалуучу уникалдуу заманбап 2 жай дүйнөлүк стандартка жооп берет. Андан сырткары жандандыруу бөлүмүндө бардык шарттар каралган. Бейтап күнү-түнү дарыгердин көзөмөлүндө болот.
Жүрөк-кан тамыр ооруларынын айынан Кыргызстанда жылына 18 000 адам көз жумары белгилүү. Анын 70 пайызын жүрөккө стент коюу менен алып калууга болорун эстеп калышыбыз керек.
Клиникада ооруну аныктоо үчүн УЗИнин бардык түрү, допплерография, эхокардиография, ЭКГ холтер, СМАД, рентген пайдаланылат. "Бикард" клиникасындагы бардык буюмдар, шаймандар микроб, бактериялардан, зыяндуу көрүнүштөрдөн корголгон.

Динара Жураева:
– Биз "Бикард" клиникасына өтө ыраазыбыз. Акыры мына ушундай медициналык кызмат көрсөтүү бизде да пайда болду. Биздин апабызга операция жасалып, жүрөгүнө стент коюлду. Дарыгерлер үзүлүп түшүп жакшы карашты. Биз апамдын дарыланышын чет өлкөдөгү мыкты клиникаларда дарылангандай кабыл алдык. Дамирбек Осмонов бир гана мыкты кардиолог эмес, дасыккан психолог десем болот. Анткени бейтаптын абалына жараша мамиле жасап, бат айыгуусуна көмөкчү боло алат.

Давранбек Курбанов:
– Менин атам 58 жашта. Башка оорукананын дарыгерлери атамдын жүрөгүнө стент коюуга аракет кылышкан, бирок ийгиликтүү болгон жок. Бишкектеги "Бикард" клиникасынын дарыгери Дамирбек Осмонов атамды текшерип, кайрадан жүрөгүнө операция жасоо менен стент койгон. Кудайга шүгүр, атамдын жүрөгү мурунку калыбына келди десем болот.

www.bicard.kg
Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 2/1
Тел.: 312 97-96-88, 312 88-06-88, 0776 68-06-88, 0708 86-06-88, 0559 86-06-88
Лицензия Серия НГМУ №2845

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан