БИР ИРМЕМ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Элиза? Эмне болду?..- Эрлан мындайды күткөн эмес, мукактанып кетти.
– Агай, мага сиздин жардамыңыз керек болуп жатат... Мен азыр сиздин үйүңүздүн жанындамын.
– Эмне жардам? Сабак боюнчабы? Эмнеге үйдүн жанында турасың?
– Агай, сыртка чыксаңыз?
Эрлан шашып сыртка чыкты. Көп кабаттуу үйдүн короосундагы балдар аянтчасындагы отургучта Элиза отурган экен.
– Агай...- деп үн салып, колун жаңсады.
– Тынччылыкпы?
– Агай...- кыз Эрландын колунан тартты... – Отурсаңыз.
Эрлан кыздын жанынан орун алары менен Элиза анын ийинине башын жөлөп "уф" деп үшкүрүнүп алды. Кыздан ичимдик жыттанат.
– Агай... Мм... Эмне десем? Менде бир маселе жаралды. Ал маселени ата-энеме, эжелериме же курбуларыма кеңешип чечсем болмок. Бирок мен сизге келдим...
– Жардам бере алсам эле...
– Менин боюмда бар,- бул сөздөн кийин Эрлан эмне дээрин билбей дендароо болуп калды.
– Элиза, сен экөөбүз жакын тааныш эмеспиз. Мен болгону университетте сабак берген агайыңмын.
– Боюмда бар экенин ата-энеме айтсам, алар өлтүрүшөт. Курбуларыма айтсам, алар шылдыңдашат... Ооба, сиз агайымсыз. Бирок эмнегедир сиз мага жардам бере аласызбы деп ойлодум. Сизге ишендим. Анткени мен... Чын, аябай уялып жаткам. Анан ыйлап отуруп бир бөтөлкө шампан ичкен соң сизге жолугушум керек деп келип калдым... Уф...
– Баланын атасы кайда?
– Ал акмак боюмда бар экенин угар замат жок болуп кетти. Телефонун албай жатат...- бул сөздөн кийин кыз бышактап ыйлап баштады.
– Бүгүн күндүз сен жетелешип бара жаткан мен көргөн балабы?
– Ооба, ошол...
– Элиза, чынын айтсам, мен сага таптакыр түшүнбөй турам. Алгач лекцияда сен "жигитим жок" дегенсиң. Кийин көрсөм кайсы бир бала менен жетелешип бараттың. А кечинде болсо мага келип "боюмда бар" деп ыйлап жатасың... Ушунун баары бир күндө! Сен экөөбүз чынында чоочун эле кишилербиз да.
– Демек, жардам бербейм деңизчи. Мен сизден кеңеш сурайын деп гана келгем. Анткени жакшы адамдай көрүнгөнсүз...- кыз ордунан чечкиндүү турду да, бийик такаларын тыкылдата басып жөнөдү. Бирок алыс кете алган жок. Мастыгынанбы же жолдо бир нерсеге чалындыбы, айтор, жыгылып түшүп отуруп калды. Анан ошол калыбында ыйлай баштады. Эрлан чуркап барып кызды өйдө кылмакчы болду. Бирок кыз аны таарынган түр менен түртүп койду.
– Эч кимге керегим жок! Жашоодон тажадым...
– Кечирип кой! Кел эми өйдө бол!
– Бутумду оорутуп алдым. Ай!
Эрландын заматта кыжыры келип чыкты. "Бул эмне мага келди?!" деп өзүнө-өзү суроо берип, бирок жооп таппай жатты. Анан кыздын абалын көрүп аяп кетти.
– Элиза, балким, сен ишенген, кеңеше турган киши жок болгону үчүн мага келгендирсиң. Бирок мен бул маселени чечиш үчүн эмне кылышты деле билбейм. Мага бир эле жол көрүнүп жатат. Баланын атасына жакшылап түшүндүрүү керек. Ал бардык жоопкерчиликти моюнуна ала билсин... Же мен аны менен сүйлөшүп берейинби? Мен байкеси болом деп коём да. Баарын түшүндүрөм ага. Коркутуп деле коё алам...
– Мен үйгө барышым керек. Таксиге салып жибериңизчи...
Эрлан кызды жөлөп-таяп өйдө кылды. Бирок кыз бутун шылтоолоп таптакыр баспай койду. Айла кеткенде Эрлан аны колуна көтөрүп жолду карай басты. Эрландын моюнуна колдорун асып баратып Элиза өзүн абдан бактылуу сезип кетти. Жолдо болсо таксилердин токтошу да кыйын болду. Акыры бир унаа келген соң Эрлан Элизаны отургузуп жатып:
– Мейли, жакшы жетип ал,- деди.
– Рахмат. Сиз мага жардам бересиз да, ээ?- кыз жалооруй карады.
– Ооба. Бир айласын табабыз. Кам санаба!
Кыз жөнөп кеткенден кийин Эрлан бир топко чейин өзүнө келе албай турду. "Эмнеге мага келди? Мен ага эч ким эмесмин го..." деп жатты ичинен.
Элиза болсо унаада маанайы көтөрүңкү баратты. Шампандын күчүбү же агайынын колунда эркелеп алганы эргитип койдубу, айтор, өзүнчө кудуңдап жылмайып койду.

ххх

Аудиторияга кирип келип эле Эрлан көздөрү менен Элизаны издеди. Кыз арткы орундукта отурган экен. Агайын бир карап алып башын билинер-билинбес ийкеп ишарат кылды. Анан адаттагыдай лекция бүткөнчө агайынан көз албай отурду.
Жумушу бүтөрү менен Эрлан сыртка чыкса, Элиза күтүп туруптур.
– Агай, сиз менин жигитим менен сүйлөшүп көрөсүзбү?
– Кайсы жигитиң?
– Баланын атасы менен...
– Мен бир адамга жолугушум керек эле азыр. Сен телефонун берчи? Мен телефондон эле айтып көрөйүн.
– Ал телефонун өчүрүп салды. Мен анын үйүн билем. Сүйлөшүп көрүңүзчү.
– Мейли, жүр...

ххх

Элиза үйүн билем дегени менен, батир номурун билбейт экен. "Сыртта күтүп туралы. Ал азыр окуусунан келет. Короодон эле күтүп алабыз" деген кыз Эрланды көп кабаттуу үйдүн короосуна алып келди.
– А сен анын ата-энесин тааныйсыңбы? Балким, ата-энеси менен сүйлөшөбүз.
– Тааныйм. Бирок алар билсе менин ата-энеме айтышат. Ызы-чуу чыгат. Биринчи Азаматтын өзү менен сүйлөшөлү.
– Аты Азаматпы, ээ?
– Ии...
Анан Эрлан студенти менен ошол короодо күүгүм киргенче отурду. Улам саатын карап коёт. Элиза болсо кыялдана агайынын ийинине жөлөнүп көңүлү ток отурду. Улам бир нерсени сурап коёт. Эрлан жакшы эле Элизаны өзүнөн оолак отургузайын деди, бирок кыздын кош бойлуу экенин эстеп, аны капа кылгысы келген жок.
– Агай, сиздин сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
– Бар.
– Мм... Аты ким?
– Айдай. Мен ошол Айдайга жолугушум керек эле. Ал мени күтүп калды го... Балким, Азамат менен эртең сүйлөшөбүз...
– Азыр келип калса керек. Бир аз күтө туралы.
Бирок Азамат келген жок. Акыр аягында Эрлан Элизаны маршруттук таксиге салып жиберип, өзү шашкан бойдон сейил бакка жөнөдү.
Өзүнө тааныш сейил бактагы орундуктан орун алды. Кыз али келе элек экен. Караңгы кирип калган тапта гана сейил бакты аралай жай басып келе жаткан кыздын ак көйнөкчөн элесин көрдү. Жигитке Айдай периштедей эле көрүндү. Жылмайып алып, сүйүүгө толгон көздөрү менен тиктеп жигитке жакындай берди.
– Мен бүгүн бир аз кечигип калдым,- деди жигит Айдайынын колунан алып.
– Эч нерсе эмес. Сени күткөн жагымдуу эле иш.
– Сагынып кеттим.
– Мен да...- кыздын колдору жигиттин моюнуна оролду. Ушул тапта алардын жанынан бир жигит өтүп бара жаткан. Ал эмнегедир таң калуу менен Эрланды карап койду. Эрлан болсо Айдайын кызганып кетти. "Бул менин айымым!" деди ал ичинен. Тиги бейтааныш жигит улам артын кылчак-кылчак карап Эрландын ким менен сүйлөшүп жатканына акылы жетпей баратты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
MIRBOLOT
2016-09-19 11:29:08
Айдай бул жин-шайтан да, Эрланды азгырып жүрөт ко, таксиге салганын эле окуганда түшүнгөм!
+3
Nazikbaigazy
2016-09-19 11:31:17
Агайдын жашоосу кызыкго кунуго анын елеси мн суйлошот окшойт, Элиза еми кандай болоор екен
+1
karasuu
2016-09-19 13:30:28
озу мугалим болуп анан жок адам м.н суйлошкону кызык экен...
+3
HAPPY.GIRL
2016-09-19 14:17:06
Галлюцинация,мындайлар барып барып ХХХ болуп калат....
+2
admin_superstan
2016-09-19 14:28:55
HAPPY.GIRL, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
-1
burulsun33
2016-09-19 16:42:46
Агайыбыз кичине ооруйт окшойт.
+4
belka
2016-09-19 18:06:41
Айдай жин окшойт.
0
Aima94
2016-09-19 18:38:57
Аз го. Сонун башталды
0
Bibi2009
2016-09-19 19:16:26
Кызыгы алды да окшойт
0
nuriza91-90
2016-09-19 22:53:10
Эрлан Айдайдын элеси менен жашайт окшойт.Чыныгы суйуу деп ушул экоонун суйуунун айтыш керек.
+1
ilgis1991
2016-09-21 00:22:13
Агайы накта больной го...
0
kenjazmed
2016-09-21 12:04:53
Кызык экен тим эле сандан-санга кутуп окуйсун
0
insap
2016-09-22 16:40:40
Азырынча Айдайынын елеси менен сүйлөшүп жүрүп, анан акырындап барып олтуруп Элизасынын өзү менен сүйлөшөт көрүнөн мугалим жигит.
+2
suiuu345
2016-09-26 11:59:43
Ооба Айдай ал жок. Биринчи санында окуусаңар кыялындагы кыз менен сүйлөшүп жинди канага барып калатко? Кыздар аябай сүйлөйтко кыялында бир кызды таап алыптыр деп.....
0
Kadyrbek09.10.2015
2016-09-27 21:10:13
Баарыле билет жаза бербегилечи
0
kanat_myrza
2016-10-09 03:54:09
Айдайы олуп калганго, арбагы менен суйлошуп куурап жургонго шордуу ЭРЛАН.
+1
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан