ЖЫЛДЫЗДАРГА КАТ

«АЙГЕРИМ, МЕН СЕНИН СҮРӨТҮҢДҮ КОҢУР ҮНДҮҮ КОМУЗУМДУН ТЭЭГИНЕ БАСТЫРЫП КОЙДУМ»

Жүрөгүм бир калыбында согуп турган күн­дөрүмдүн биринде “Супер-Инфо” гезитин барактап калдым. Андагы макалаларга көз жү­гүртүп отуруп, “бийдин бардык түрүн үйрөн­гүсү келген улан-кыздарды чакырабыз” деген жарыя менен кошо басылган чырайлуу селкинин сүрөтүнө көзүм түштү. Көрсө, жүзү жарык бул селки мен буга чейин атын гана угуп жүргөн жаш ырчы Расул кызы Айгерим экен. Айгерим, сенин ошол гезиттеги сүрөтүңдү кыркып алдым да, коңур үндүү комузумдун тээгине бастырып койдум. Тамдын боорундагы апакем сайган саймага жанаша илинип турган комузумдагы сенин сүрөтүң күндөн-күнгө мени арбай берди.
Бир күнү ойлонуп отуруп, силердин жарыяңар боюнча бийге катышып көрөйүн деп чечтим. Бул жөн гана сени жаныңдан көрүүнүн амалы эле. Ошентип, кыялдарга берилип отуруп гезиттеги дарекке да жетип калыптырмын. Кирип барсам эле жагымдуу музыканын коштоосунда узун чачтарыңды жайып алып, көлдөгү назданган аккуу сымал керилип бийлеп жатыптырсың. Жүрөгүм адатынан башкача согуп, бир туйлап алды. Жүрөктөгү сага деген сезимим тамырлап, сүйүүм оттой жалбырттап турса да, сендей сулууга жолум жок экенин сезип, өзүмдү кыйнап артка бурулдум. Ошентип, канаты сынган аккууга окшоп илкий басып үйдү көздөй кетип бараттым...

Черикбаев Сыргак

«ЗАМИР, СИЗГЕ БОЛГОН СҮЙҮҮМДҮН ШАМ ЧЫРАГЫ КАЙСЫ
КҮНҮ ЖАРКЫРАП ЖАНААР ЭКЕН?»

Саламатсызбы, Замир Мырза? Кудайым сизди жаратканда сизден эч нерсени аябаптыр. Шыңга боюңуз, сүй­күм­дүү жүзүңүз, жалжылдаган көздө­рүңүз... Деги койчу, кайсы бирин айтайын? Кыскасы, эч бир кемчилик таба албадым. “Сүйөм деген сүйүп жарытпайт” дегендей, мен сизди сүйөм дебейм. Бирок, сизге болгон тунук сезимдеримди жашыргым келбейт. Сизди мурда теледен гана көрүп келсем, азыр сиз катышкан концерттерге кирип, жүрөгүмдүн түпкү­рүндөгү сүйүү оту жангандан жана берет. Бул бир келген өмүрдө өзүңүздү көрүп жүрөгүм сүйүүгө байып келет. Сизге болгон сүйүүмдүн шам чырагы кайсы күнү жаркырап жанаар экен?..

Асанова Кундуз

«БЕГИМАЙ, МЕН ӨЗҮМДҮ СЕНИН ЫРЛАРЫҢДЫ УГУУ МЕНЕН ЖУБАТАМ»

Ооба, күнү бүгүн­кү­дөй эсимде. Сени алгач сыналгыдан көр­гөнүмдө жылаажындай жагымдуу абазың, кайталангыс мүчө-боюң белгисиз бир күч менен мени өзүнө арбап алган эле. Билем, сага болгон сүйүүм жоопсуз. Бирок, ошол тунук махабатымды жан адамга билгизбей кастарлап катып, сезимимдин тереңине сактап келем. Сен жөнүндө не бир түрдүү ойго батып, өзүңө колум жетпестигин эстегенде кусалыкка белчемден батып кайгырам. Айла жок, өзүмдү сенин ырларыңды угуу менен жубатып, эртеңки күндөн үмүтүмдү үзбөй жашап келем. Бегимай, сага чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен бирге популярдуулугуңдун мындан ары да арта беришине тилектешмин.

Масиров Бактияр

«СУЛТАН, МЕН САГА ТУШ БОЛЧУ БАКТЫЛУУ АЙЫМГА КӨЗ АРТЫП, СУКТАНА БЕРЕМ»

“Рахмат сага, жөн гана бар болгонуң үчүн рахмат” деп кайрылаар элем мен сүйүктүү ырчы жигитим Султан Садыралиевге. Себеби, мен Султандын жыл­дыздуу жүзүн көрүп, мукам үнүн уккандыгым үчүн бактылуумун. Албетте, “мен сенсиз жашай албайм” деп жалынып-жалбара албайм. Анткени, бул нерсе баары бир чындыкка коошпой калат. Султан, сен асмандагы бийик жылдыз болсоң, жердеги мендей жупуну пенделердин ага жетүүсү өтө эле кыйын экендигин жакшы түшүнөм. Бирок, үмүтүм үзүлбөй, кыялдарга жетеленем. Сенин маңдайыңа кайсы бактылуу кыз туш болот болду экен деп ойлой берем. Ошол бактылуу айымга эмитен эле көз артып, суктанам. Бирок, ич күйдү­лүк кылып кызганбайм. Анткени, сенин бул дүйнөдө бактылуу өмүр сүрүшүңдү каалайм.

Талантбек кызы Наргиза

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 221, 26-январь-1-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан