Азыркы турмушта кандайдыр бир кызмат, товар үчүн төлөмдөр накталай акча менен гана эмес, нак эмес төлөм жүргүзүү аркылуу да ишке ашырылып жатат. Нак эмес төлөм жүргүзүү башка өнүккөн мамлекеттердегидей эле Кыргызстандын аймактарында да акырындык менен жайылып, жаңылык деле болбой калды. Ошентсе да биз бул заманбап төлөм жүргүзүүнү турмушта колдонуудан кооптонгон же аны колдонууда айрым түшүнбөстүктөргө кабылган жарандар үчүн төлөм карттын сырлары тууралуу маалымат берүүнү туура таап, бизди кызыктырган айрым суроолор менен Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулук боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Таалайкан Садабаевага кайрылдык.
– Саламатсызбы, Таалайкан Мукашевна? Алгач төлөм карт тууралуу кеңири түшүнүк берип өтсөңүз.
– Саламатчылык! Банктык төлөм карт – бул төлөм инструменти болуп саналат. Анын жардамы менен өзүңүздүн банктык эсепте турган акча каражаттарыңызды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ала аласыз. Бүгүнкү күндө коммерциялык банктар тарабынан банктык төлөм картты пайдалануу менен ар түрдүү операцияларды өткөрүү сунушталат. Карт ээси эмитент менен түзүлгөн келишимге ылайык, терминал же башка жабдуулар аркылуу соода-тейлөө ишканаларынан товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү жүргүзүүгө, улуттук жана чет өлкө валютасында нак акча каражаттарын алууга, башка эсепке өз банктык эсебинен акча каражаттарын банктык которууну жүзөгө ашырууга (анын ичинде интернет аркылуу коммуналдык жана байланыш кызматтарына төлөмдөрдү төлөө) мүмкүнчүлүгү бар.
Эмитент – тиешелүү төлөм системасынын технологияларына, ченемдик актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык карттарды чыгарууну жүзөгө ашырган коммерциялык банк. Эмитент банк эсептин ээсинин тиешелүү өтүнүч катынын жана атайын түзүлгөн банктык эсеп келишиминин негизинде банктык төлөм картты чыгарып, карт ээсине пайдаланууга берет. Банктык төлөм карты эмитенттин менчиги болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, эмитент тиешелүү келишимди түзүүгө чейин банк карт ээсин төмөнкү шарттар менен тааныштырууга тийиш:
Карт боюнча операциялар карт ээси тарабынан банктык эсептеги ага тиешелүү болгон акча каражаттарынын же банктык эсепте акча каражаттары жетишсиз болсо, банк тарабынан келишимге ылайык берилген кредиттин чегинде ишке ашырылат.
– Банктык карттардын кандай түрлөрү бар жана алар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат?
– Банктык карттар дебеттик, кредиттик жана овердрафт картасы деп бөлүнөт.
Дебеттик карт – сиздин банктык эсебиңизге байланат жана банктык эсебиңизде канча акча каражатыңыз болсо, ошол чекте гана транзакцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар, ошол суммадагы акчаны каалагандай пайдаланасыз.
Ал эми кредиттик картты пайдалануу үчүн банк менен тиешелүү келишим түзүлүп, өзүңүздүн акча каражаттарыңыз жетишсиз болгон учурларда насыяга белгиленген чендеги акча каражатын эки жак макулдашкан шартта жана мөөнөттө колдонсоңуз болот. Бул акча каражаты банк менен келишимде белгиленген мөөнөттө кайра кайтарылууга тийиш.
Овердрафт – кыска мөөнөттүү кредиттин бир түрү. Овердрафт кардардын банктык эсебинде каражаты жеткиликтүү болбогон учурларда ашыкча төлөөгө белгиленген өлчөмдө кошумча каражат менен камсыз кылып турат. Кадимки эле кредиттик келишимде колдонуучу принциптер овердрафтта да колдонулат (каражатты колдонгондугу үчүн акы төлөө, эки тарап макулдашкан мөөнөткө убактылуу колдонуу жана кайтарымдуулук принциби).
Овердрафт макулдашуусу боюнча кардар банктагы дебеттик эсебиндеги каражатты пайдаланып, кошумча акча каражатына муктаж болсо, банктан насыя катары овердрафт макулдашуусу менен насыя алса болот. Бирок сиздин банктык эсебиңизге толуктоо катары түшкөн каражаттар, биринчи кезекте, карызды төлөөгө жана пайдаланганыңыз үчүн пайыздарды жабууга жөнөтүлөт. Ал эми белгиленген мөөнөттө жетиштүү каражат менен банктык эсебиңиз толукталбай кечиктирилген учурларда алган милдеттенмелериңиз толук аткарылбагандыгы үчүн айып пул төлөөгө туура келет. Демек, сиздин чыгымдарыңыз көбөйөт.
– Төлөм картын ачар алдында кардар кандай эрежелерге көңүл бурушу керек?
– Төлөм карттарын пайдалануу жөнүндө келишимге кол коюудан мурда бардык шарттары жөнүндө түшүндүрмө алып, маалымат топтоп, тейлөө наркын тактап алыңыз.
Мисалы, кардар курстук айырмадан келип чыккан техникалык овердрафт менен кездешип, бирок кандайча карыз болуп калганын түшүнбөй калышы мүмкүн. Кээ бир учурларда башка банктардын POS-терминалдары аркылуу төлөмдөр, эл аралык төлөм системалары аркылуу эсептешүү эрежелерине ылайык 2-3 күнгө созулат. Эгерде төлөмдөр өтүп жаткан убакыттын ичинде банктык эсебиңизден акча каражаттарыңызды толугу менен алып алсаңыз, техникалык овердрафт жабылбай калат жана карызыңызга айып пул эсептелет. Мындай жагдайдан сактаныш үчүн банк эсебиңизге ар дайым белгилүү бир минималдуу суммадагы калдык калтырып жүрүңүз. Башка бир мисал, сиз төлөм картыңыз менен чет өлкөдөн банкоматтан төлөм кылсаңыз, чет өлкөлүк банкоматтар төлөмдү бир белгиленген курс менен эсептейт, ал эми жергиликтүү банк башка курсту колдонушу мүмкүн. Ортодогу айырма техникалык овердрафт болуп саналат.
Дагы бир маанилүү жагдай – бул карттын валютасы. Картыңыз сиз кайсы валюта менен пайда тапсаңыз, ошол валютага байланышы абзел. Эгер айлыкты сом менен алсаңыз, банктык картыңызды сом менен ачыңыз. Башка валюта менен ачып, курстук айырмага байланыштуу кошумча чыгым болбоңуз.
– Нак акча чыгарып алууга мүмкүндүк берүүчү банкомат тууралуу да маалымат бере кетсеңиз.
– Банкомат нак акча каражаттарын берүү, картка акча каражаттары жөнүндө маалыматты жазуу, карт ээсинин ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалыматтарды алуусу, нак эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жана ишке ашырылган транзакциялардын бардык түрү боюнча карт-чектерин берүү үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. Банкомат банктык жабдуу болуп саналат жана картты пайдалануу менен операцияларды коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусуз эле өз алдынча жүргүзүүгө карт ээсине мүмкүнчүлүк берет.
Банкоматты пайдаланууда бул банкомат төлөм карт таандык болгон банкка карайбы же башка банкка тиешелүүбү – ушуга да көңүл буруңуз. Анткени төлөм картты берген банктын (эмитенттин) анда жүргүзүлгөн операция үчүн комиссиясы нөлгө барабар. Банкомат башка банкка тиешелүү болсо, анда комиссия алган суммаңыздын 1-2 пайызын түзүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банк кардардын карт эсеби боюнча операцияларды өз учурунда жана туура жүргүзүү үчүн жоопкерчиликте болот. Бирок банктык карт боюнча, өзү жүргүзгөн операциялар боюнча башка бир адамдарга карт эсепти башкаруу жана транзакцияларды жүргүзүү үчүн сиз өзүңүз жооп бересиз. Ошол себептен PIN-кодду эч кимге көрсөтпөө керек.
– Карт ачууда дайыма жашыруун PIN-код тапшырылып, аны колдонууда айрым кардарлар кыйынчылыктарга учурап жатышат. Унутуп же туура эмес терип алган учурлар болот. Ушул боюнча кандайдыр бир жалпыга маанилүү болгон эрежелер барбы?
– PIN-код – бул банктык төлөм картты колдонуу менен операцияларды жүргүзүүнүн ачкычы. PIN-коддун жардамы менен сиз жеке карт эсептеги каражаттарды башкарууга мүмкүнчүлүк аласыз. Банк персоналдык PIN-кодду жабык конвертте, келишимдин бир нускоосу менен бирдикте кардардын колуна бериши керек.
PIN-код эсиңизден чыгып кеткен учурда же башка себептүү бир нече жолу туура эмес терген учурларда коопсуздук шарттарын аткаруу максатында банкомат төлөм картты алып коюшу мүмкүн. Сиз керектүү операцияларды аткарып бүткөндөн кийин банкомат картты кайтарып берет. Бирок коопсуздуктун сакталышы үчүн 30 секунддун ичинде картыңызды албасаңыз, банкомат аны артка тартып алышы мүмкүн. Мындай жагдайда, төлөм карттын ээси болгон банкка кайрылууңуз керек.
– Төлөм картты колдонуу коопсуздугу тууралуу айта кетсеңиз. Аны жоготуп же уурдатып алганда эмне кылуу керек?
– Төлөм карт жоголуп же уурдалып кетсе, атайын колдоо борборуна же банкка дароо кайрылуу зарыл. Бул учурда карт боюнча төлөмдөр токтотулуп, аны бирөөлөр кыянаттык менен пайдаланып кетишине бөгөт коюлат. Сиз банкка кат жүзүндө өтүнүч менен кайрылгандан кийин карттагы акча каражаттардын сакталышына банк жооп берип калат. Ага чейин жоголгон же уурдалып кеткен карт боюнча жоопкерчилик сиздин моюнуңузда.
Ошондой эле коопсуздукту сактоо үчүн бир күндө же бир айдын ичинде банктык эсептен алынуучу акча каражатына чек (лимит) коюлуусу сунушталат. Мындай чара кандайдыр бир себептер менен төлөм картаңыз башка бирөөлөрдүн колуна түшсө да, бир убакытта эсептеги каражатыңызды толугу менен алдырып жиберүүдөн сактайт.
Эгерде кандайдыр бир себептерден банк картаңыз бузулган болсо (сындырып алсаңыз же бир башка механикалык түрдө жараксыз болуп калса), банкка тиешелүү арыз менен кайрылып, кайра тийиштүү акысын төлөп, жаңы карт алсаңыз болот. Кылдат жана өтө аяр мамиле жасап, сактоо шарттарын унутпаңыздар. Механикалык, жылуулук жана электр таасири төлөм картаңыздын жарабай калышына алып келиши мүмкүн.
Ибрагим Жусуев