Билип ал
Жубайлар наристе күтүп жаткан учурда бир топ маселеге туш болушат. Алардын бири – “аял кош бойлуу учурда секс менен алектенүүгө болобу?” деген суроо. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, кош бойлуу учурда рахатка батуу керек эле эмес, зарыл да экен.
КОШ БОЙЛУУ АЯЛДЫН АБАЛЫ
Кош бойлуулукту оору катары кабыл алып, төшөк рахатынан баш тарткан айымдар да жок эмес. Чындыгында, кош бойлуулук аял үчүн кадимки эле көрүнүш. Ошондуктан сексуалдык катнаш болууга тийиш. Кош бойлуу учурда аял физиологиялык, психологиялык жактан да чоң өзгөрүүгө дуушар болот. Аялдын эмоционалдык абалын жөнгө салууда секстин жардамы өзгөчө. Сексологдордун айтуусунда, көпчүлүк аялдардын кош бойлуу мезгилинде төшөк кумарына кызыгуусу күчөйт. Бирок ичиндеги балага зыян кылып алуу коркунучу болгондуктан, кыжалат болушат. Бирок кыжалаттануунун кереги жок.
Ошондуктан...
Эгерде кош бойлуулук калыптагыдай өтүп жатса, жан биргеңиз менен төшөк кумарына батуудан баш тартпаңыз. Төшөк рахаты сизге өтө пайдалуу гормондордун иштелип чыгышына жардам берет. Аялдар үчүн пайдалуу дагы бир жагы, түгөйүңүз рахат издеп башка айымга кетпешинин алдын алган болосуз. Ал гана эмес, секс аялдардын жамбаш сөөктөрүнүн ийкемдүү болушуна жардам берет. Бул, албетте, төрөткө оң таасирин тийгизет.
ЭРКЕКТИН АБАЛЫ
Жакында балалуу болорун уккан эркек, албетте, өтө сүйүнөт. Бирок көпчүлүк эркектердин кубанычы чочулоо менен алмашып, аялы менен төшөк кумарына батууну көп каалабай калат. Бул аялы менен наристеге зыян келеби деген кооптонуудан улам чыгат. Ал эми айрым эркектер, тескерисинче, түгөйүнүн кош бойлуу убагында төшөк кумарына батууну жакшы көрүшөт. Анткени бул убакта аял өтө сезимтал болуп, күйөөсүн болуп көрбөгөндөй кумарга батыра алат.
Ошондуктан...
Кооптонууга эч кандай себеп жок болгондуктан, жубайыңыз менен рахат көлүнө чөмүлө бергениңиз оң. Болгону, экстремалдык ыкмалардан алыс болууну эске алыңыз.
ТҮЙҮЛДҮКТҮН АБАЛЫ
Секс учурунда түйүлдүккө эч кандай зыян келбейт. Анткени табият аны өзгөчө коргогон. Жатын, анын ичинде суу калканычы менен ишенимдүү корголгон түйүлдүк эч кандай оорчулукту сезбейт. Бирок энесинин эмоционалдык абалы түйүлдүккө түздөн-түз таасир берет. Байкасаңыз, төшөк кумарынан кийин түйүлдүктүн кыймылдап жатканы сезилет. Мындан чочубай эле койсоңуз болот. Анткени эненин тез-тез дем алышынан, жүрөгүнүн кагышына улам түйүлдүк да кыймылга келет. Оргазм учурунда бөлүнүп чыккан эндорфин, окситоцин гормондору да түйүлдүккө пайда. Ал эми төшөк кумарын төрөткө даярдык деп эсептөөгө болот. Ошондой эле бири-бириңизге айткан мээримдүү сөздөр түйүлдүккө да таасир берет. Анткени түйүлдүк 5 айынан баштап эмоцияга реакция кылып баштайт.
Ошондуктан...
Түйүлдүк кезинде эле ата-энесинин жылуу мамиледе экенин сезгени бала үчүн пайдалуу. Ошондуктан кубанычты сезүүгө ага да жардам бериңиздер.
Рахаттан баш тартууга туура келген учурлар.
Эненин жана түйүлдүктүн абалына карап, секске тыюу салынган учурлар болот.
КЫЗЫКТУУ...
КОШ БОЙЛУУЛАР ҮЧҮН “КАМАСУТРА”
Өзгөчө аялдын курсагы чоңоюп калган учурда кадимкидей ыкмаларды колдонуу ыңгайсыздыкты жаратат. Ыңгайлуу ыкмалар төмөндөгүдөй:
Эротикалык окуя
АЯШЫМДЫН КЫЛЫГЫ
Көп жыл мурун болгон бул окуяны эстегенде, бир жылмайып алам. Досум Бактыбек кыялы чукул, бир мүнөз неме болчу. Анан да аял жагынан жолдуу экенин кантейин! Аялы Наргиза наздуу да, сулуу да аял эле. Соорусун чайкап басса, шилекейибиз агып, артынан көпкө тиктеп калар элек.
Бир жолу чогуу конокко барып калдык. Отурушта ичип-жеп отуруп, досум бир топ кызып калды. Кетер мезгил келсе да кебелип койбойт. Достор мага: “Назымбек, сенин машинаң бар, ичпейсиң да. Наргизага жардамдашып, муну үйүнө ала кет”,- деп калышты. Мен макул болуп, аны үйүнө жеткирип жөнөдүм. Бирок ал жолдо эле уктап калды.
Үйүнө жеткенде “ой, мунуң уктап калган го” десем, Наргиза кабагын түйүп: «Мунун ушундай келесоодой жоругу бар. Эптеп түшүрүшүп кой эми»,- деди.Аяшым экөөбүз тигини машинадан деги бир чыгара алсакчы! Тырмышып тиги бутуна, мен колуна жабышып тартсак да болбойт. Салмагы оор немеге асылып жатып айлабыз кетти. Акыры аяшым: “Бул эми соолукмайынча ойгонбойт. Эми биздикине эле түнөп кет”,- деп калды. “Кой ай, эртең жумушка чыгам” десем, колумду кармаган Наргиза жалооруп: “Эрте ойготуп коём. Жалгыз ээн үйдөн корком да”,- дебеспи! Аяшымды аяганымдан аргасыз макул болдум.
Бутунун учу менен жүгүргөн ал тез эле дасторконун жайып жиберди. Жанагы бүркөлгөн кабак жок, тим эле жаркырайт. Ичимден кым дей түштүм. “Наргиза, азыр эле тамак ичип келдик. Андан көрө келчи, сүйлөшүп отуралы” дедим. Ушуну эле күтүп тургансып, жаныма келген аяшымды кучактап, оозунан соруп алдым. Тиги каршылык көрсөтүмүш болуп барып моюнумдан кучактап, жыттап алды. Кебездей жумшак денеси кучагымда эрип бара жаткансыйт. Экөөбүз тең эшикти жапканды унутуп, рахат көлүнө чабак урдук. Аяшыма бекеринен шилекейибиз куюлуп жүрбөптүр. Мындай кылыктуу айымга буга чейин кезиге элек болчумун. Айтор, аяшым экөөбүз ошол түндү унутулгус өткөрдүк. Эртең менен турсак, досум дагы эле ойгоно элек экен. Аяшым кууруй салган тамакты жеп, эшикке чыгып досумду ойготтум да, машинеме отуруп жумушка жөнөдүм.
Жолдо баратып аяшымдын төшөктөгү кылыктары көзүмө элестеп, жылмайып бараттым.
ЭРОТИКАЛЫК ПРИКОЛДОР
Астра Айдарова
erotika@super.kg