«ИЧПЕЧИ, АПА»

Учурдун актуалдуу маселесин таасын чагылдырып бере алган “Ичпечи, апа” аттуу дастан өзгөчө популярдуулукка ээ болду. Бул дастанга тартылган клип да көргөндүн көңүлүн өзүнө буруп, эч кимди кайдыгер калтырбайт. Бул ырдын аткаруучусу жаш ырчы Эмил Балтагулов 1981-жылы 28-сентябрда Чаткал районунун Терексай шаарчасында туулган. ОшМУнун искусство факультетин аяктап, учурда ошол эле окуу жайда вокалдан сабак берет. Үйбүлөлүү. Үч айлык Амина аттуу кыз­дын атасы. Келинчеги Гүлгүнай – өзүнүн студенткасы.

Ырдын аткаруучусу Эмил Балтагулов:
«ИЧПЕЧИ, АПАНЫ» СЫЙМЫК
БЕЙШЕКЕЕВ ЫРДАМАК ЭКЕН»

– “Ичпечи, апанын” сөзү белгилүү төкмө акын Жеңишбек Токтобековдуку. Жеңишбек экөөбүз чогуу иштейбиз, башкача айтканда, экөөбүз тең “Адеп башаты” фондунун мүчөсүбүз. Бир күнү кокусунан эле анын ырларынын арасынан ушул дастанды көрүп калдым. Окуп көрсөм мааниси абдан терең экен. “Ушул ырыңды мага бер, обон чыгарам” десем, ал: “Жок, сен буга обон чыгара албайсың, муну Сыймык Бейшекеевге берейин деп жүргөм” деди. “Аракет кылып кө­рөйүн­чү” деп чап жабышып туруп алдым. Акыры Жеңишбек анча көңүлдөн­бөгөнсүп эле берди. Ошентип, бул дастанга обон чыгардым. Бирок, мунун чыкканына бир жылдай болуп калган. Ошентсе да клиби чыкканга чейин анча популярдуу боло албай келди эле. Өзүмдүн оюм боюнча, клиптеги апам менен жубайымдын ролуна чын эле апам менен жубайымды тарттырайын деп жүргөм. Бирок, аларга Оштон Бишкекке келгенге мүмкүнчүлүк болбой, алардын ролун башкалар ойноп калышты.

Ырдын автору Жеңишбек Токтобеков:
«БИР АДАМ БОЛСО ДА ИЧКЕНИН
ТАШТАДЫ ДЕП ИШЕНЕМ»

– Азыр жапжаш кыздардын, жакшынакай эле энелердин ичкиликке берилип кеткени жалгыз эле менин эмес, көпчүлүктүн зээнин кейитет эмеспи. “Ичпе, апа” деп ыйлап жүргөн балдар канча? Бир күнү көчөдө кетип баратып чоң эле бир жигиттин апасынын ичпешин Кудайдан суранып, тим эле боздоп жатканына күбө болгом. Ушул окуяга таасирленгенимден “Ичпечи, апа” жаралган. Бул ыр жарыкка чыкканы бир адам болсо да ичкенин таштады деп ишенем.

Клиптин режиссёру Мырзабек Айдаралиев:
«БАЛДАРДЫН ЖҮРӨКТӨРҮ
ТҮШҮП КАЛЫПТЫР»

– Бир күнү МТРКнын президенти Кыяс Молдокасымов мени чакырып, ушул ырга клип тартышым керек экенин айтып, “сценарийин жазып көр” деди. Сценарийин жазып барсам жакты. Ошентип, Эмилге телефон чалып Оштон чакырып, “Ичпечи, апага” клип тарта баштадык. Клип декабрдын суук күндө­рүн­дө беш күн бою тартылды. Борбордук мечиттин айланасынан Жумушчулар шаарчасына чейин бардык. Клипке каармандарды тандоо да өзүнчө кызык. Кичинекей бала менин кошунамдын баласы. Ылайыктуу бала таппай жүрүп бүгүн съёмка болот деген күнү кошунамды эстеп барсам, өзү да максат кылып жүргөнүн айтып, кубануу менен кабыл алды. А кичинекей кыз болсо Алтынбек деген ырчы баланын кызы.
Балдарын таштап кеткен атанын ролун аткарган Кыргыз Драма театрынын актёру Жеңишбек съёмканын биринчи күнү бир аз сеп этип алыптыр. Ичиндеги градустун күчү менен кыйкыра турган жерлеринде ашыкча эле кыйкыра берип, балдардын жүрөгүн түшүрүп коюптур. Эртеси күнкү съёмкадан экөө тең качып, келбейбиз деп ыйлап чыгышса болобу. Жеңишбекти көргөндө тим эле титирешет. Ичкич аялдын ролун аткарган кыз театралдык окуу жайында окуган студент кыз. Булар клипке биринчи жолу тартылып жаткандыктан, алар менен иштөөдө бир аз кыйынчылыктар болду. Ошентсе да ийгиликтүү чыгып, акырында жакшы жыйынтык берди. Клипке “Адеп башаты” фонду демөөрчүлүк кылды.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 221, 26-январь-1-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан