Ырларынын курчтугу, таамайлыгы, жүрөктү тепчип өткөндүгү менен окурмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан алп акын Шайлообек Дүйшеевдин артында кандай аял турду экен? Шайлообек агай бизге берген маектеринин биринде «акындын аялы болуу тозоктун өзү. Мен кайда чачылып калсам артымдан жыйнап жүрүп Зейне жүрөк оорулуу болуп калбадыбы» деген эле. Зейне эже Шайлообек агай менен бирге өткөрүп келе жаткан өмүрүнүн күнгөй-тескейи туурасында кеп учугун улайт.
Толук аты-жөнү – Зейне Калыева
Кесиби – Кыргыз тилчи
Жашы – 62 жашта, жолдошунан 4 жашка кичүү
Чогуу жашагандарына 37 жыл болду. 2 уул, 3 кыздын энеси, 10 небереси бар.
«ШАЙЛООБЕККЕ БИРИНЧИ МЕН КАТ ЖАЗДЫМ»
– Бала кезимден эле адабиятка жакынмын. Мектепте жогорку класста окуп жүргөнүмдө көркөм окуу менен «ооруп» калдым. Ошондо Шайлообектин 2-3 ырын гезиттен көрүп, жактырып жаттап алгам. Аты-жөнүн окуп «картаң киши болсо керек» деп койгом. Мектепти аяктап, борборго келип Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине тапшырдым. 3-курс болгонумда Шайлообек 1-курска келди. Баягы мен жакшы көрүп окуп жүргөн ырлардын автору экенин билдим. 4-курста Токтогулга чөп чабыкка студенттерди жөнөтүштү, ошондо жакындан таанышканбыз. Мен атасыз, жетишпеген жармач жашоодо өскөн кыз элем. Ошол себептен го, жетим десе эле Шайлообекти аяй берчүмүн. Бир жолу студенттер бактын түбүндө шарап ичип отурушса, милиция ит менен кубалайт. Балдар жатаканага кире качып араң кутулушуптур. Арасында Шайлообек бар экенин угуп «байке ичпей эле койбойбу, эмнеге ичет?» деп ыйлап жатпаймынбы. Кыздар «ичсе Дүйшеев ичип жатат, сага эмне жок» деп шылдыңдашкан.
Жатаканада коңшу жашачу элек. Тамак жасап алып кыздар кечке эле Шайлообекти чакыра беришчү. Бирок такыр келчү эмес. Кийин «силердин тамакты жегенден кийин кайра жооп кылып тамакка чакырышым керек эле, ошондон качтым» деп айтып жатпайбы. Оюндагысын ачык айта албаган, уялчаак жигит болчу. Кичине кызып калганда эле биздин бөлмөдөгү кыздардын баарына сүйүүсүн арнап, бирок мага унчукчу эмес. Кыскасы, студент кезде ортобузда ага-карындаштыктан ашкан мамиле болгон эмес. Ырларын жакшы көрүп окуп коём, болду.
Мен окууну бүткөндөн кийин Жумгалга барып гезитте иштеп калдым. Ошондо Шайлообекке өзүм биринчи кат жазгам, ичинде сүйүү деле жок. Окууларын, чыгармачылыгын сурагам. Кайра жооп келди. Ошентип кат алыша баштадык.
«ӨМҮРҮНДӨ БИР ЖОЛУ ҮЙГӨ ТҮНӨГӨН ЖОК»
– Күндөрдүн биринде «Нарын шаарына комсомолдор жыйынына барганы жатабыз» деп кат жаздым. Анан эле жолдон балдары менен келип ала качып кетип жатпайбы. Ала качып баратканын жарым жолдон түшүнгөм. Айрым кыздар бай жигиттерди караса, мен өзүм теңдүү карапайым жигитке турмушка чыксам дечүмүн. Анткени бай, чоңдун баласына тийип алып апамды да, өзүмдү да кыйнагым келген эмес. Ичимден макул болуп, «отуруп эле калайын, экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшөбүз» деп бардым.
Үйлөнгөндөн кийин Шайлообек окуусуна кетип, мен эжемдикинде калдым. 5-6 айдан кийин өзүнчө бөлүнүп, Нарын шаарында жашап калдык. Батирибиздин полу да жок эле. Жерге эле уйдун жампасы шыбалган, анын үстүнө жаман ала кийизибизди салып алганбыз. Ала кийизди көтөрсөң алдында эшек курттар жөргөлөп жүрөт. 5 чыны, 5 табак, 5 кашыгыбыз, анан казаныбыз бар болчу. Экөөбүз үйлөнгөн күндөн тарта бири-бирибизди аяп, түшүнүшүп жашадык. Мен тигиним жок, мунум жок деп кулак-мээсин жеген жокмун.
Көп өтпөй Бишкекке көчүп келдик. Чынын айтыш керек, ал кезде редакцияда иштегендердин көбү аракты ырас эле ичишчү. Бирок Шайлообек жатып калганча ичкен жок. Өмүрүндө бир эле жолу үйгө келбей калды. Түнү менен көзүм ирмелбей күтүп отурдум, жок. Таң атканда тура калып элдин баарына телефон чалып, шаарды кыдырып издей баштадым. Көрсө, өзүбүз жашаган үйдүн маңдайында эле ичип отурушуптур. Ичип келгенде адамды беймаза кылып эзбей, жаңжал чыгарбай, кыскасы, мен тийишмейинче мага унчукчу эмес. Аялмын да, кээде «эмне ичесиң?» деп уруша кетчүбүз.
«АКЫНДЫН АЯЛЫ БОЛУП ӨТКӨРҮП ЖАТКАН КҮНДӨРҮМӨ ЫРААЗЫМЫН»
– Шайлообектин «акындын аялы болуш тозок» дегени арак ичип келген күндөрүн эстеп өзүн күнөөлүү сезгени окшойт. Акындын аялы болуп өткөрүп жаткан күндөрүмө ыраазымын. «Мен үчүн жүрөк оорулуу болуп калдың окшойт» деп мени аяп калат. Эмне, акындардын аялдарынын эле жүрөгү ооруйт бекен? Агрономдун деле, врачтын деле, министрдин деле аялынын жүрөгү оорушу мүмкүн, туурабы? Ал буйруктан да.
Ыр жазганда ар бир сабы менин көзөмөлүмдөн өтөт. Айрымдар ырын толук бүтмөйүн эч кимге окутпай катат го, Шайлообек болсо бир куплетин бүтсө эле «кандай болуптур?» деп мага окуп берет. Мен анын редактору болуп калгам.
«Балдарыңа жумуш жасаганды үйрөткөн жоксуң» деп кээде таарынып калам. «Мен өзүм кыйратып эч нерсе жасабасам, балдарыма эмнени үйрөтмөк элем?» деп баштайт. Кара жумушка жок, компьютер терип эле отурат. «Мүнөзү жумшактардын бычагы мокок болот» деген сөз бар эмеспи, үйдө бычактардын баары мокок. Бала кезинде эже-жездеси көп жумуш жасатышпаптыр. Жетим баланы баш көтөртпөй иштетет деп эл айтпасын дешчү экен. Жаш кезде Ат-Башыга да, Жумгалга да беде саргайып калганда барчубуз. «Чөп чабышалы» десем, жездем кебелбей «жок, азыр быша элек» деп койчу. Көрсө, бир жумага эле келишсе, анан эс алдырбай чөп чаптырсам уят дечү экен.
Балдарыбыз атасын тартып чыгармачылыкка жакын. Баары орус, кыргыз тилдеринде ыр, кара сөз түрүндө жазышат. Бирок азырынча жашоо шартка байланыштуу эч кимиси чыгармачылыктын артынан кубалап кеткен жок. Шайлообек балдарынын ичинен улуу кызы Иззатка жакын. Үйдөгү ишти биринчи атабызга айтабыз, Шайлообек болсо «Иззатка айткылачы, эмне дейт экен» деп анын оюн укмайын иш баштабайт.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg