Аталышы – «No name» менен Кайраттын мегашоу концерти
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күндөрү – 22-23-сентябрь
Башталышы – 18:00, 1 саат 45 мүнөт кечигип башталды (23-сентябрь)
Көрүүчүлөр – Залдын 80 пайызы
Билет баасы – 500-1500 сом
Алып баруучу – Аман Ибраев
Мыкты номер – Кайраттын аткаруусундагы кыргызча «Таң сыры» чыгармасы
Борбор шаарыбызда бул концерттин болорун укпай калып, 1-күнү барбай калдым. Муну жарнаманы жакшы жайылтышкан эмес го деп жоруп койдум өзүмчө. Бирок баргандардан Кайрат Нуртас сахнага маанайы жок чыгып «уюштуруучулар өз ишин так аткарбаптыр, сахнанын жасалгасы да жок, мейли эми, мен сиздер үчүн келдим, ырдай берем» дегенин уктум. Антсе алып баруучу «араңыздарда Толик сынчы барбы? Болсо, ал кишиден да кечирим сурайбыз» деп мени да эскере кетишиптир.
Эртеси Спорт Ордосуна саат 6дан калбай жетип бардым. 500 сомго эң үстүңкү катардан билет алып, зал толбогондуктан эң алдыңкы 1500 сомдук орундукка барып отуруп алдым. Сахнага көз чаптырсам капкараңгы, жупуну, эч кандай жасалга жок. «Ий, тобо, кичине аракет кылышса болмок экен» деп Кайраттан өзүм уялып жаттым. Көпкө күттүрүп акыры сахнага алып баруучу Аман Ибраев чыгып, «сиздерди кенен отурсун деп билетти аз саттык» деп актанып кирди. Ошондо айланага бир көз чаптырсам залдын 80 пайызы толгон экен. Быссымылда дегенде эле Данияр Эрматов жана Жоодарбешим чыгармаларын аткарышты. Андан соң сахнага эл күткөн Кайрат Нуртас күйөрман кыздарынын колдоосу менен чыга келди.
Тойдо кызмат кылган келиндерден бетер көшөгөнүн артына улам кирип-чыккандар көрүүчүлөрдү жакшы эле алаксытты. Концерттин жүрүшүндө Кайраттын атасы да ырдоого жетишип, андан кийин «No name» командасынын жигиттери Мурат Жалиев менен Кадыр Жарматов элдин маанайын көтөрүштү. Кайрат «атам үйрөткөн кыргызча ырлар» деп гитаранын коштоосунда «Нарындан жазган салам кат», «Таң сыры» деген ырларды катыра ырдап салды эле, көрүүчүлөр колдоп-коштоп шаңга бөлөндү.
Кайрат бул ирет бир жигитти сахнага чакырып өзүнүн ырынан бир куплет ырдатып, анан ал жигитке костюмун белек кылды. Биздин эл да ырчыны куру кол жибербей кучак толо гүлдесте, эжекелерибиз кийгизген калпак-чепкен, Кайраттын бейнеси түшүрүлгөн сүрөттү белек кылып узатышты.
Толик cынчы