Бек Борбиев: “ЧОҢ АШ-ТОЙЛОРДО ГАНА ПАЛОО БАСАМ”

Дасторкон

Ашкана десе эле ак жоолук салынып, алжапкыч тагынган айымды элестетебиз. Бирок биздин бүгүнкү конок Бек Борбиев деле анда-санда ашканага баш бага калат. Ырчы бүгүн өз колу менен жасаган тамак-аш рецебин тартуулайт.

– Бек байке, бүгүн бизге кайсы тамакты жасап берип таң калтырганы турасыз?
– Тамакты студент кезде көп жасачумун. Фариданы алгандан бери ашканага такыр баш бага элекмин. Бирок чоң-чоң майрамдарда же айылга барганда казанга от жагып туруп, палоону өтө даамдуу басып коём. Тамакты аз жасаганым менен, саз жасайм да өзү. Бүгүн силерге Фаридадан үйрөнгөн бир даамдуу тамагымдын рецебин айтып, өз колум менен жасап берейин. Ал бир күн мурда тыныктырылып, жашылча менен куурулган эт. Орусчасы жаровня.

ЖАШЫЛЧА КОШУЛГАН КУУРДАК

Керектелүүчү азыктар:
(Бир порция үчүн)
эт – 200 грамм.
суу май – 100 грамм.
Шарап – бир чоң кашык.
Жашыл жана кызыл болгар калемпири – үчтөн бир бөлүгү.
Сарымсак – бир баш.
Пияз бир тоголоктун жарымы.
Помидор – бир даана.
Күнжүт майы – бир тамчы.
Соя соусу – бир кашык.
Атайын татымалдар.

Жасалуу ыкмасы:
– Бир күн мурун этти жалпагынан тилим-тилим кылып туурап алабыз. Татымалдарды, суу май, вино кошуп, муздак жерге тыныктырып коёбуз. Анан көмөч казанды ысытып алып, этти беш мүнөт куурабыз. Артынан ичке тууралган пиязды жана сарымсакты салабыз. Эт жумшарып калганда болгар калемпирин бир мүнөттөй кууруп алып, төрт бурчтук тууралган помидорду кошобуз. Анан ысытылган идишке күнжүт майынан бир тамчы, соя соусунан бир чоң кашык куюп, куурулган этти салып үстүнө көк чөптөн себелейбиз. Капкагын жаап, мейманыбыздын алдына коёбуз. Бул тамактын ушундай жол менен даярдаларын өзүм билбептирмин. Кафелерден тамакты ысык бойдон кичине табактарга капкагын жаап алып келсе, ошол табакка бышырышат го деп ойлочумун.
– Сизге ашпозчунун баш кийими сонун жарашат экен. 8-Мартты кандай майрамдадыңыздар?
– Үй-бүлөм менен жыл сайын эле үйдөн тособуз. Бул жолу 6-7-мартта достор, жумуштагылар менен майрамдадым. Ал эми 8-мартта үйдөн чыккан жокмун. Анткени биз менен чогуу белгилесин деп айылдан апамды алдырткам. Кыздарыма да, жубайыма да, апама да гүлдесте, анан керектүүңөрдү алып алгыла деп колдоруна акча карматтым.
Белек берип турбасам жубайым көпкө таарынат. Таарынганда эле белек берип көңүлүн алып жатып өзүм жаман үйрөтүп алдым окшойт. Фарида таарынууну бизнеске айлантып алган десем да болот. Анткени белек алгысы келгенде эле тилден калат.
– Кыздарыңыз, жубайыңыз сизге эмне белек бергенди жакшы көрүшөт?
– Үйдүн баарын тамекинин күлү кылып булгабасын дешти окшойт, 23-февралда күл түшүргүч белек кылышты. Фарида эч нерсе берген жок. Кыязы, кыздарыма кошулуп алган окшойт.
– Тамак-аш алып келүү үчүн базарга ким барат?
– Базарга барганды аябай жаман көрөм. Ошол үчүн тамак-ашты да, жадакалса кийим-кечегимди дагы жубайым сатып келет.
– Бизге десерт да жасап берем деп жаттыңыз беле?
– Ооба.

ТАТТУУ ТОКОЧ
Керектелүүчү азыктар:
Май (маргарин же каймак майы) – 200 грамм.
Жумуртка – 2 даана.
кумшекер – 200 грамм.
айран – 100 грамм.
Ун – 200 грамм.
Аш содасы – чай кашыктын жарымы.

Жасалуу жолу:
– Биринчи чакан идишке майды ысытып алып, кумшекерди салып жиберебиз. Артынан жумурткаларды, унду, айранды, соданы кошобуз. Чалгыч менен бөлтөгү жок суюк кылып чалабыз да майланган ысык көмөч казанга куябыз. Анан духовкага салып койсок 15 мүнөттө бышып калат. Биринчи астын, анан үстүн бышырыш керек. Даяр болгон таттуу токочтун үстүн крем менен кооздоп койсо болот.

Крем
Сүт – 2 чоң кашык.
Кумшекер – 2 чоң кашык.
Жумуртка – 1 даана.
Маргарин же каймак май – 200 грамм.
Ванилин.
Кофе же какао – 1 чоң кашык.
– Сүт менен кумшекерди аралаштырып отко коёбуз. Анан жакшы чалынган жумуртканы кошобуз. Муздагыча көбүртүп чалып туруп, жылытылган майды куябыз. Аягында кофени же какаону анан ванилинди салабыз. Биз күткөн крем даяр. Таттуу токочтун үстүн өзүбүз каалагандай кооздоп коёбуз. Баса, крем менен кимдир бирөөнүн атын жазгыңар келип жатса, кремди кадимки целлофанга куюп, анын бир четин тешип куюлтуп жазуу керек.

Cүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aizilya
2010-03-13 10:47:55
Рахмат, кочуруп алдым.
0
Nazka
2010-03-16 11:33:51
Правильно говорят, что талантливый человек, талантлив во всем. Молодец!!!
0
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан