Эмилбек Каптагаев: "РЕФЕРЕНДУМ ӨТСӨ МАМЛЕКЕТ УТУЛАТ, ЭЛ УТУЛАТ, ОШОЛ ЭЛЕ АТАМБАЕВ УТУЛАТ"

Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаев өлкөдөгү саясий кырдаал, акыркы кездерде чуу жараткан маалыматтар боюнча өз позициясын, өзгөчөлөнгөн ойлорун так-таамай айтып жатат. Эмилбек Саламатович менен маектешип, мына ошол ойлоруна гезит бетинен орун берүүнү эп көрдүк.

– Эмилбек Саламатович, акыркы кезде тарых кайталанып жаткандай... Бийликти сынга алгандарды Бакиев убагындагыдай эле мамлекеттик телеканал, гезит, сайттардан каралоолор башталды. Өткөн кемчиликтерден сабак алууга үйрөнбөй турган элбизби?
– Бийликтин айласы кетип, аргасы түгөнгөнүнүн бир белгиси ушул, каршы сүйлөгөн кишилерди атайын ушак чыгартып жамандай баштайт, өздөрүнө баш ийген, көз каранды гезиттерди, интернет сайттарды, радио менен телевидениени зордукташат, мындай жазгыла, тигиндей айткыла деп. Туруп-туруп эле кайрадан 2009-жылга же андан ары 2004-2005-жылдарга барып калгандай туюлуп жатпайбы. Буга да бир себеп бар, азыр президент Атамбаевдин маалымат саясатын ошол эле Акаев менен Бакиевдин маалымат саясатын уюштуруп жүргөндөр жүргүзүп жатышат. Анан алар "уядан эмне көрсөң, учканда ошону кыласың" дегендей, ошол кезде көргөнүн, ошол кезде жасап жүргөнүн жасашат да. Башка эмне кылат бечаралар?

– Анда 2010-жылдын 7-апрелинде жүзгө чукул жаран эмнеге өлдү эле?
– Апрель элдик революциясында шейит кеткендердин каны бекер төгүлгөн жок, заман бир топ эле өзгөргөн, өлкөдө жаңы саясий маданият, жаңы укуктук маданияттын пайдубалы түптөлүп, керегеси көтөрүлө баштаган. Президент Атамбаев мына ошол иштин өтөсүнө чыгып, артында саясий жагынан да, экономикалык жагынан да туруктуу мамлекет калтырып кетиши керек эле. Тилекке каршы, учурдагы референдум өткөрөм, Баш мыйзамды өзгөртөм деген демилгеси менен ошол жаңы түптөлгөн пайдубалды бузуп, Кыргызстанды кайрадан укуктук жана саясий баш аламандыкка түртүп жатат, ачыгын айтсак. Элди мыйзамды сыйлоого, мыйзамдан сырткары чыкпай жашоого үйрөтүүнүн ордуна, кайрадан эле баягы "боло берет" деген принципти жайылтып жатышат. Угуп деле, көрүп деле жатпайсыңарбы, азыр өткөрөбүз деп жаткан референдумду мыйзам чегинде дайындап, мыйзамга ылайык өткөрүүгө укуктук негиз жок. Азыр президент Атамбаев мыйзамды да, Конституцияны да, өзүнө көз каранды болуп кулак кескен кулдай абалга түшкөн Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы ачыктан-ачык зордоп жатат. Эгерде референдум өткөрүп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө барышса, анда Апрель революциясынын мааниси жоголот, мындан ары бийликтин өзүм билемдигине кеңири жол ачылат.

– Медет Садыркуловду, Сергей Слепченкону жана айдоочусу Сулаймановду өрттөгөн 13-мартка бир эле кадам калгандай деген ойду айттыңыз. Атамбаевдик режим ошондой кадамдарга барышы мүмкүн дейсизби?
– Жакында католиктердин Римдеги папасы "ушак таратып жазганды терроризмге теңеш керек" деген оюн айтыптыр. Абдан туура айтылган. Кыргызда "кылычтын жарасы айыгат, сөз менен жаралаган айыкпайт" деген накыл кеп бар. Азыр, жана баш жакта айттык го, массалык маалымат каражаттары, анын ичинде КТРК жана ЭлТР телеканалдары аркылуу ачыктан-ачык террорчулукка өтүп алышты. Аны эл көрүп да, угуп да жатат. Элге жаманатты кылып, кадырын сындыруу аракетинен, кел жыга чаап салбайлыбы же атып салбайлыбы дешке бир эле кадам калды. Бийлик кай бир адамдарды акылдан адаштырып, көзүн дагы, көкүрөгүн дагы сокур кылып таштай турганын тарых далай жолу тастыктаган.

– Президент Алмазбек Атамбаевдин Максим Бакиевге арналган жер тилкени сатып алганын сиз "подстава" деп жаздыңыз. Президентти алдап коюш ошончо эле оңойбу?
– Ошол жер Максим Бакиевге тиешеси бар деген шек чыкса аны Атамбаев сатып албайт болчу, мен буга кепилдик бере алам. Жанындагыларды айта албайм, бирок өзү акыркы жылдарда алдым-жуттумдукту көрсөткөн жок. Жанагы Албек Ибраимов деген кургур будамайлап жерди кымыргандан кийин билинбей калды деп туруп президентке түртүп жиберип жатпайбы, анан дагы бир жумада 9 миллион сом үстөк кошо койгону кызык. Өзү 24 миллионго сатып алдым деп, анан аны бир жумадан кийин Атамбаевге 33 миллионго сатып жиберип. Документ боюнча ушундай, чындыгында канча акча алышып-беришкенин бир Кудай билет дечи. Мына ушундан улам айтып жатам. Эми Атамбаев кантип ал үйдө жашайт? Кандай болгон күндө да айтыла берет да, "Максимдин жери болчу" деп. Ошондуктан балдардын дарылануучу жайы кылып өкмөткө өткөрүп салса жакшы болмок, эл да кубаттамак мындай ишти. Тиги өзүнө жер саткан Ибраимовду жазалашы керек, калкалай баштаса эл түшүнбөй калат, аброю түшөт өзүнүн.

– 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун тегерегинде ызы-чуу күчөп жатат. "Батыров менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинен эң көп Атамбаев жолуккан" деп айтып келесиз. Атамбаев кандай негиздерге таянып Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Батыровду качырган деп шектениши мүмкүн?
– Бул маселеде дагы бир кызык жагдай чыгып жатат. Мындан 6 жыл мурун Өзбекстандын президенти Ислам Каримов БУУнун жыйынында сүйлөп жатып "бул үчүнчү жактын атайын уюштурган иши, мында кыргыздар дагы, өзбектер дагы күнөөлүү эмес, алар барымтада калып калышты" деп айткан эле. Быйыл эле май айында энелер күнүнө карата сүйлөп жатып президент Атамбаев айтты, "билебиз башка мамлекеттин генералдарын, алардын аракети менен 400дөн ашык жараныбыз курман болду" деп. Менин оюмча, эки президент тең бир фактыларга таянып айтышкан. Жөн эле мындай сөз айтылбайт. Ошондуктан азыр Атамбаев сөзүн улап, балким, өзүнө гана белгилүү болгон жашыруун сырды ачыкка чыгаруусу зарыл. Мындай маанилүү жагдай жашырылып калганы болбойт.
Ал эми Батыровдун качуусу боюнча дагы бир сыйра текшеришсин, кимдин кандай катыштыгы бар. Жакында телевидениеден бийлик тарабынан даярдалган "Батыровго качууга ким жардам берген?" деген көрсөтүүдө Бектур Асанов ачык эле "Отунбаеванын тиешеси жок" деп айтты. Өзү сүйлөшкөн милиция кызматкеринин сөзүнөн улам ал Текебаев деп ойлоп жатат, "Батыровду чыгарып жибергиле деп буйрук берген" деп. Бирок ошол киши Атамбаев да болуп калуусу толук ыктымал. Анткени ошол кезде күч органдары менен тартип коргоо органдарын Атамбаев толук башкарып турган. Ал эми азыркы учурда, бизде ушундай олку-солку кырдаал түзүлүп турганда, ЕККУнун Варшавадагы кеңсеси тарабынан Кадыржан Батыровго урмат көрсөтүп, ага кайра-кайра сөз берип жатышы натуура иш, бул багытта биздин Тышкы иштер министрлиги иш жүргүзүшү керек болчу. Жакшы иштебей коюшканы, эл аралык уюмдар менен карым-катышы начар экендиги көрүнүп калды.

– Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасындагы тил табышпастык башка топтордун пайдасына иштеп кетет деген коркунуч жокпу?
– Билип жасап жатышабы, же билбей ушундай кылып жатышабы билбейм, бирок айланасындагылар Атамбаевди жардын кырын көздөй эле алып баратат. Азыр Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бири-бирин жеп, жутуп салса экен деген саясий күчтөр толтура, алар алакан ушалап турган кези. Ушул саясий талаш-тартыштын аягы барып тополоңго айланса алар учурдан пайдаланат, бул турган иш.

– Бул кырдаал эмне менен аяктайт деп ойлойсуз?
– Референдум өтсө дагы, Конституцияны өзгөртүшсө дагы ураалап кыйкырып жеңишти майрамдай тургандай президент үчүн эч кандай шарт жок. Бул иште эч ким утпайт, эч ким жеңбейт. Мамлекет утулат, эл утулат, ошол эле Атамбаев утулат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан