Кезектеги каарманыбыз Акылбек Чымчыкеев 7 жашта. Ал мектеп босогосун аттаарда ооруга чалдыгып, чет өлкөгө барып боорун алмаштырууга муктаж. Уулунун өмүрү үчүн күрөшүүгө каражаттын тартыштыгы жол бербей жатканын айткан жалгыз бой эненин арманын угуу үчүн бет алдык.
"УУЛУМДУН БООРУН АЛМАШТЫРБАСАК БОЛБОЙТ ЭКЕН"
Биз барганда Акылбектин апасы Дилара Чымчыкеева уулу менен эрмектешип кичинекей бөлмөдө отурган экен. Андан жашоосу, уулу тууралуу уктук:
– Жашым 47де. Өзүм Жалал-Абад облусунан болом. Турмуш-шартка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келгениме 9 жыл болду. 2 уулум бар, улуусу 16 жашта, кичүүсү 7 жашта. Кичүү уулум Акылбек ушул жылдын март айында ооруп калды. Бала бакчага барып жаткан эле, бир күнү эжекеси "тамак ичпей, түштө тынч уктай албай жатат" деп калды. Үйгө келген түнү уулумдун дене табы көтөрүлүп баштады. Эртеси педиатрга алып барып көрсөтсөм, "анализ тапшыргыла" деп жиберди. Андан соң дарыгерлерге алып барсам "баланын боору чоңоюп турат, шишик бар окшойт. Доплерге текшерткиле" дешти. Анысы кымбат экен, "акчам жок эле" десем ошол жерде бир дарыгер демөөрчү таап берип, баламды текшерттик. Андан соң кайра дарыгерге кайрылсак "баланын каны азайып кетиптир, канын көбөйтүш керек, болбосо азыр эч нерсе кыла албайм" деди. Кайра балама ийне сайдыртып, атайын кан көтөрө турган тамак-аштарды берип барсам текшеришип "циррозго өтө баштаган гепатит" деген диагноз чыгарышты. Ошондо эле дарыгер "балаңыздын боорун алмаштырбасаңыз болбойт. Бала чоңойгон сайын шишиги да чоңоё берет" деди.
Түркияда же башка чет өлкөлөрдө алгач оору эмнеден пайда болгондугун аныкташып, андан кийин гана боорду алмаштырат экен. Индиядагы бир оорукана менен сүйлөшсөк, дарыгерлери баламды текшерүүгө эле 5 миң доллар керек экендигин айтышкан. Аңгыча эле ал дарыгерлер Бишкекке келип калышты. Бизди чакыртышып, оорунун тарыхын текшерип көрүп, "биз бала жаш экен, балким, күчтүү дарылар менен айыктырса болот деп ойлогонбуз. Бирок андай эмес экен, баланын боорун алмаштырбаса болбойт. Боорду алмаштырууга 38 миң доллар керек. Ал эми донорду караштырып көрөбүз, эгер табылса ага өзүнчө төлөнөт" дешти. "Өзүм донор болсом кантет?" деп сурасам "өзүңүз донор болсоңуз болот. Ал үчүн сизге да операция жасалат. Жаныңызга экөөңөрдү карай турган жардамчы алып барышыңар керек. Индияда 3 айга жакын болосуңар. 21 күн гана бекер тамак-аш жана жашай турган жер болот. Андан кийинки тамак-ашка, жашаган жерге, жол киреге өзүнчө төлөйсүңөр" деп жооп айтышты.
Бирок бизде анча каражат жок. Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылсам, "2017-жылдын ортосунда Түркияга квота болуп калышы мүмкүн" дешүүдө. Ага чейин баланы дары менен жакшылап кармап туруш керек. Квота болгон күндө деле 50 пайыз каражатты өзүбүз төлөйт экенбиз.
"2 БАЛАМ МЕНЕН КҮРКӨДӨ ЖАШАП ЖҮРДҮМ"
– Жолдошум менен ажырашып кеткениме 6 жыл болду. Мурда тигүүчү болуп иштечүмүн. Кийин бир күркөнү ижарага алып, ал жактан куруучуларга тамак жасап берип жүрдүм. Батирге каражат тартыш болгондуктан ошол күркөдө 2 балам менен 2 жылга жакын жашадым. Кышкысын ичи суук болчу. Жарык өчүп калганда үшүп калчубуз. Күндүзү балдарымдын улуусу мектепке, кичүүсү бала бакчага кетет. Кечинде алар келгенде жылыткыч сайып жатчубуз. Кийин балам ооруп калганда интернет аркылуу жардам сурап кайрылгам. Окуп калган окшойт, күркөнүн кожоюну келип "бул жерди силерге ижарага бербейм, чыккыла" деп баштады. "Балам ооруп жатат, барар жерим жок, жашай туралы. Батирге чыгууга каражатым жок" деп сурансам "мен эч нерсе билбейм, балаңды алып кайда барсаң ошол жакка бар" деп бизди чыгарып койду.
Андан кийин бир топ батир котордук. Азыр бир бөлмөгө айына 3 жарым миң сом төлөп батирде турабыз. Меши жок экен. Кышкысын жарык өчсө кантебиз билбейм. Башка жакка көчөлү десек кымбат болуп жатат. Анын үстүнө тапкан акчабыз уулумдун дары-дармегине эле кетет. Улуу балам 2 жылдан бери унаа жуучу жайда иштеп, тапканын тапкандай инисине дары сатып берет. Дарысын 1800 сомго сатып алып, күнүнө 2 маал ичиребиз. Ооруп калганда күн сайын, оорубаганда 3 күндө 1 дары сатып алып беребиз. Өзүм болсо баламды карап үйдөмүн. Үйдөн коңшулардын анча-мынча кыскартчу кийимдери болсо кыскартып берем. Балама тез-тез тамак жасап берип, убагында дары ичирип, ары-бери басканда көзөмөлдөп турбаса болбойт. Жолдошум болсо көчүп-конуп жүргөнүбүздү деле билбейт. Уулунун ооруп жатканын билсе деле кабар албайт. Уулума жакындан тарта "майып" деп жөлөк пул ала баштадык. Айына 3 миң сом алабыз. Акылбекти дарыгерлер "көп ойнобой, оор көтөрбөй, чуркабай, секирбей, диета кармап үйдө жатсын" дешкен. Күнүнө балдар менен 1 сааттай ойнотуп келем. Бирөө-жарым уруп-согуп жибербесин же чуркап кетпесин деп карап турам. Калган убактысында мультфильм көрүп, сүрөт тартып, мектепке даярданып үйдө эле болот. Быйыл, буюрса, мектепке алып барам.
Асхат Субанбеков