Зияш Турдубековду көчө баласы болгон десе ишенет белеңиз? Каарманыбыз араба түртүп, тамеки сатып, бут кийим майлап тапкан акчасын оюндарга коротуп жүргөн бала болгон экен. "Ак-Өргөөгө көчүп келбегенде келечегим кандай болмок билбейм" деген тамашоучунун бала кездеги окуяларын төмөнкү макаладан окуйлу.
"Мугалимиме: "БӨЛМӨНҮН ҮЧ БУРЧУ БАР" ДЕП ЖООП БЕРГЕМ"
– Мен 1-классты аяктаганча Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чеч-Дөбө айылында жашадык. Бала кезимде эле энергиям ашып-ташып турчу, эч нерседен тартынчу эмесмин. 1-классымда класс жетекчибиз "бөлмөңөрдүн бурчтарын санап келгиле" деди. Үйгө барып бөлмөмдүн бир бурчуна туруп санасам үч эле бурч чыкты. Тапшырманы аткарган адам болуп сабакка бардым. Алдыңкы партада отургандыктан мугалимибиз "Зияш, бөлмөңдүн канча бурчу бар экен?" деп сурады. "Үч бурчу бар" десем классташтарым каткырып жиберишти. Класс жетекчибиз "анда бул класстын ичинде канча бурч бар?" деди эле, бир бурчка барып туруп санасам үч бурч чыкты. "Бул жерде дагы үч бурч турбайбы" десем эжейибиз кошо күлдү. Анан бөлмөнүн ортосуна тургузуп "эми канча бурч көрүп турасың?" дейт. Көрсө, минген атын издеген апендидей болуп өзүм турган бурчту санабай үч бурч дей берипмин.
"КОШУНАНЫН БООРСОГУН УУРДАП, КОНОКТОН КАЛТЫРГАМ"
– Айылда торпок кайтарчумун. Апам мага нан менен чалап салып берчү. Бир күнү торпокторду айдап бара жатсам боорсоктун жыты чыгып, табитимди ачып, оозумдан шилекейим агып кетти. Карасам кошуна эже боорсок бышырып жатыптыр. Сурасам баары бир бербейт дедим да, эшектен түшүп чуркап барып "Анара эже, үйгө тез барыңыз, апам чакырып жатат. Ылдамыраак дейм" деп чыйпылыктап жибердим. Ал "тынччылык элеби, боорсокторду карап тур" деп шашылып биздин үйдү көздөй жүгүрдү. Боорсогунан, токочунан баштыгыма салдым да, кетип калдым. Кечинде үйгө келсем атам жаакка бир чапты. Эмне урасыз десем, "Анараны эмнеге алдадың?!" дейт. Боорсок жегим келгенин айтсам, "сурап жебейт белең, сенин айыңдан ал бара турган жеринен калыптыр. Биздикинен барганча боорсокторун иттер жеп кетиптир" деп аябай урушкан.
"АРАБА ТҮРТТҮМ, КОРОБКА ЧОГУЛТТУМ, ТАМЕКИ САТТЫМ"
– 1-классты аяктагандан кийин борборго көчүп келдик. 3 жыл окубай базарда апама жардам берип жүрдүм. Араба түртүп, тамеки, нан сатып, коробка чогултуп күнүнө 60-70 сом тапчумун. Ошол кезде Гүлжигит Калыков баклажка чогултуп, Данияр Эрматов лото ойнотуп жүрчү. Кечке иштеп тапканымды лото, Sega сыяктуу оюндарга уттуруп ийген күндөрү үйгө барбай койчумун. Андайда ата-энем түнү менен издеп чыгышчу экен. Эртеси базардан көрүшүп "эмне үчүн кечинде үйгө келген жоксуң?" деп урушса, "адашып кетип көпүрөнүн алдында уктадым" деп алдап койчумун. Эмнегедир ошол убакта менде күнүнө үйгө 50 сом алып барыш керек деген түшүнүк бар болчу. Ошондуктан үйдөгүлөр "акча тапсаң да, таппасаң да үйгө кел" деп күндө эскертип турушчу. Ага карабай эле акчамды лотого уттуруп ийсем досторумдун үйүндө түнөп кала берчүмүн. Бир күнү лото ойноп 70 сом уттуруп жибердим. Кечки саат 9да байгеге фотоаппарат коюлат дегенин угуп, акыркы 10 сомго бир лотерея сатып алдым. Жанымдагылар 10-15 билетин кармап даярданып жатышат. Мен болсо жалгыз билетимди кармап Кудайга жалбарып отурам. Оюн башталып, менин билетим толгондо "стоп" деп ыйлап ийчүдөй кыйкырдым. Фотоаппаратты үйгө алып барсам "уурдап келдиң деп урушат" деп ойлодум да, 200 сомго сатып, кудуңдаган боюнча үйгө бардым.
"КУРАЛ АЛЫП ЖҮРӨТ ДЕП МЕКТЕПТЕН АЙДАЛГАМ"
– Үч жыл окубай базарда жүргөндөн кийин мени 1-гимназияга окууга беришти. Ал жерден сумкама бычак салып барганым үчүн айдалып кеткем. Көп өтпөй Ак-Өргөө конушуна ата-энем үй салып, №77-мектепте окуп калдым. Ал мектепке киргенден кийин 4 ай бою балдардан токмок жедим. Бир күнү классташым "кругга" кошулсаң таяк жебейсиң" деди. "Ал эмне?" десем, "сени чоң класстын балдары коргойт" деп кызыктырды. Ал топтун балдары менен 3 жылдай жүрдүм. Чоңойгон сайын бирөөнүн акчасын алып, сабаган жакпай баштады. Анан топтон чыгам деп бир балага айтып койгом. Аны "торчоктор" (топко кошулбаган балдар) угуп, менден өч алууну ойлошуптур. Сабак бүтүп дааратканага кирсем кичине балдар "Зияш, сен "кругдан" чыккан турбайсыңбы, мурда биз 50 сом таппай калганда сабагансың. Ошону сүйлөшүп албайлыбы" деди. "Мейли" деп артка бурулсам далыма бирөөсү чыла жабышкан буту менен тээп жиберди. "Силерге ким айтты! Чыктым деп тамашалап койгом" деп аларды тизип, бут кийимимди заарага атайылап малып аябай тепкилегем.
Бир күнү Самат Эркинбеков 2-3 классташы менен алдымдан чыкты эле, жол бошотпой сүзүп кеттим. Самат "кругдагы" эң кичине, бирок тилинен чаң чыккан тапан бала болчу. Мага дароо эле атырылып "Зияш, тартылчы, мени сүзгүдөй кенен болуп калдыңбы?" деди. Экөөбүз мектептен чыктык. Троллейбус токтогон жерге келип жакасынан кармасам, артымдан эки классташы тээп баштады. Саматка "булардын тепкенин сезбейм, эркек болсоң жекеме-жеке мушташалы" десем, "эртең жолугалы" деди. Эртеси күнү ал болжошкон жерге 40тай баланы ээрчитип келиптир. "Эмне жалгыз келген жоксуң?" десем, коркуп турганын байкатпай "сени, иниңди сыйлайм, мындан кийин бири-бирибизге тийишпейли" деди. Азыр Самат экөөбүз аябай жакшы мамиледебиз.
БУЛ ДА ЗИЯШ ТУУРАЛУУ
«Чеч-Дөбө айылында жашап жүргөндө суу аябай көйгөйлүү маселе болчу. Коңшу айылдан суу ташып келе жаткан кыздар биздин үйдүн жанындагы бакка келип эс алышып, ойношчу. Алар оюндун кызыгына киргенде чакаларындагы суусунан аз-аздан куюп кетип калчумун».
«1-класста бир кызды жактырып калып, эжемдин ооз боёгучун уурдап барып бергем. Кийин эжем билип калып, экөөбүздү тең токмоктогон эле».
«Айылда тезек терчүбүз. Адырга чыккандан эринип кошуналардын короосунан тезек уурдап жатып кармалып калдым. Эмне дээримди билбей "бул тезекти өткөндө адырдан жоготуп алдым эле, силердин корооңорго келип калыптыр" деп кутулгам».
«Апам тамеки отоп келгенге жибергенинде биздин талаа алыс болгондуктан башка бирөөлөрдүн талаасындагы тамекисинин отоо чөбүн жулуп келе берчүмүн. "Апам барып келип калдыңбы?" десе, "ишенбесеңиз текшерип келиңиз" деп койчу элем».
«Уюлдук телефон жаңы чыгып баштаган убак. Мен телефонума мектептеги коңгуроонун үнүн жаздырып алдым. Жакпаган сабактар киргенде 30 мүнөт болгондо музыканы коюп койчумун. Билбеген мугалимдер кетип калчу. Кийин ал жорукту башка балдар кайталап, кармалып калышкандан кийин токтоттум».
«Орус тилин билбегендиктен диктант жазганда "кашааны ачабыз" десе, кашааны ачабыз деп, "жабабыз" десе жабабыз деп бардык тыныш белгилерди сөз менен жазып, мугалимди күлдүргөнүм үчүн "5" алгам».
Султан Төрөбеков
Алишер Алиев
star@super.kg