Милан Жанибекова, модель: "СУЛУУЛУК – БУЛ БЕТИҢЕ СЫЙПАЛГАН "DIOR`ДУН" КРЕМИ ЭМЕС"

Милан Жанибекованын модель чөйрөсүнө аралашканына 2 гана жыл болду. Аны келишкен келбети, ажарлуу жүзү аз убакыт ичинде таанымал моделге айлантты. Каарманым сулуулугуна манчыркап керсейген кыздардан эмес, жөнөкөй, ачык-айрым, позитивдүү бийкеч экен.

Туулган жылы, күнү
– Сыр тутат
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 175 сантиметр
Параметри – 85-64-90
Билими – Медиа жана дизайн мектебинде окуйт.
Бойдок, үй-бүлөдө эжеси жана иниси бар
Жетишкендиктери – "Бишкек сулуусу-2015", "Кыргызстан сулуусу-2016" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү
Тартылган клиби – Омардын "Сен" аттуу клиби
Кызыгуусу – Сүрөт тартуу, ди-джейлик

– Милан, балет мектебин бүтүргөнүң менен, моделдикке ооп кетиптирсиң...
– Мен 5 жашымдан баштап балет дүйнөсүнө аралаштым. Бий искусствосу мага өзгөчө керемет көрүнүп, дасыккан балерина болгум келчү. Бирок балет мектебин бүтүргөндөн кийин бул жаатта өсүп, уланткым келген жок. Себеби бой жетип, токтолуп калгандан кийин балерина кесиби меники эместигин түшүндүм.

– Моделдик чөйрө эмнеси менен кызыктырды?
– Модель болом деген деле ой жок болчу. Болгону мага кызыккан фотографтар, моделдик агенттиктер интернет аркылуу чакыра башташты. Башында "менден кайдагы модель чыкмак эле?" деп баш тартып жүрдүм (күлүп). Бир жолу макул болуп фотосессияга катышкандан кийин бул дүйнө мени өзүнө тартып алды.

– Мода көргөзмөсүнө чыгуу үчүн канча төлөшөт?
– Негизи 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин төлөшөт. Аябай чоң гонорар алып көрө элекмин, буюрса, баары алдыда деген ойдомун (күлүп). Ал эми фотосессия үчүн 5 миң сом алам.

– Фотосессиялар, мода көргөзмөлөрү көп убакытты алат да. Окууңа кантип жетишип жатасың?
– "Каалооң күч болсо баарына жетишесиң" деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Менин оюмча, мындан да көп нерсени жасай алмакмын. Убакытты туура пайдалануу менен баарына жетишип келем. Казакстанда моделдик чөйрө жакшы өнүккөн. Ал жактан фотосессияларга чакыруулар түшкөндө барып турам. Моделдик мен үчүн азырынча хобби. Дасыккан модель болуу үчүн чет өлкөгө кетиш керек.

– Көпчүлүк моделдер "мода көргөзмөлөрдө көрө албаган кыздар кыянаттык кылып туфлиңе тикенек салып, көйнөгүңдү тытып коюшат" дешет....
– Кыздар мага кандай жардам бергенин өзүңүз көрдүңүз го. Биз бири-бирибизге жардамдашабыз. Балким, башка модель кыздарда ошондой болсо керек. Менин айланамдагылардын баары боорукер, кең пейил кыздар.

– Чет өлкөдөн сунуштар түшүп жатабы?
– Казакстан, Украина, Орусия, Түркиянын моделдик агенттиктеринен сунуштар түшүүдө. Дубайдан да стажировкадан өтүү боюнча чакыруу келди, буюрса, кышында барып келем.

– Келбетиңе кантип кам көрөсүң?
– Азырынча спорт залга бара элекмин, жакында барам (күлүп). Мен өзүн караган кызды сулуу деп эсептейм. Сулуулук бетиңе сыйпалган "Dior" фирмасынын тоналдык креми эмес. Менин көз карашым боюнча сулуулук – биринчи кезекте тазалык, тыкандык, ден соолуктун саламаттыгы.

– Ата-энең бул жаатта иштегениңе каршы эмеспи?
– Ата-энем заманбап адамдар. Алар эмне менен алектенгим келсе каршы чыкпай, дайыма колдоп турушат.

– Сулуу кыздын күйөрман жигиттери көп болсо керек?
– Көптүгүн байкай элекмин. Себеби жүрөгүмдүн ээси бар, аны аябай жакшы көрөм.







Динара Абдыкадырова
star@super.kg


(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Medina..
2016-10-04 07:14:34
клипте сулуу болчу.Уят,намыс жок болсо,сулуулугун не пайда?Атасы,байкеси жок бекен ия?!Бирок жонокойлугу жакты...
+4
Meerman
2016-10-04 09:08:10
Denendi but erkeke korsotup aram akcha tapkancha 1 kuioono korsotup ishtep adal akcha tapkyla.
+4
tram-lam
2016-10-04 13:42:12
Суйлогон созуно карап акылдуу, токтоо кыз экен деп ойлоп, башкалар да байкашса керек деген ой менен комментарийлерди окусам жалан эле жамандап салыпсынар го?... Эн негизгиси АДАМ болсо болду да, кандай кийинсе оз укугу, светтик мамлекетте жашап жаткандан кийин.
-4
Bibi2009
2016-10-04 16:17:24
модель,, искусство аялдарды туура жолдон адаштырган жол,, не болсо да ынсап берсин
+3
akubeku
2016-10-04 21:51:01
кайран элим кайда баратабыз
+3
Laca
2016-10-04 22:30:59
Айланайын кыздар биз жон эле кыздар эмес мусулман кыздарыбыз АЛЛАНЫН парзын аткарып хиджаб кийбесенер да мынчалыка барбагылачы суранам ...канчалаган куноо кылып жатканынт 3 уктаса да тушуно кирбесе керек.Астагфиралла
+5
sister
2016-10-05 11:20:58
Мен унчукпайтэле койоюнчу
0
Deniza88
2016-10-05 11:27:31
Албетте туура эмес, бирок Силердин ушундай он келбетинер болсо мындан ашып тушмоксунор балким !!!!!
+3
Meruet84
2016-10-05 15:18:24
Аябай көп сөз жазгым келди,,,,,, ынсап берсин балким бир күндөрдө хижааб кийип ороонуп калаар бул кызда ....
+1
Kumarchik
2016-10-05 17:11:08
Мындай кыздар алигархтардан ашпайт
0
suksuraliev1990
2016-10-06 07:11:25
беш мин берем мен дагы...
+4
Kitaioza
2016-10-06 23:38:22
Сулуу корунгондуку бп калыпыр да.Азыр мындай коз караштар эки талкууга алынат.Бирок акыретте бул кыз учун силер жооп бербейсинер,озу жооп берет.Маа десе бору жесин деген ой го бул корунуш.
0
Tattybubu93
2016-10-08 08:15:16
Клипте татынакай чыккан болчу....озу деле жонокой жакшы кыздай корунот, бирок жыланач суротко тушкону чатак экен.....кантсе да мусулманбыз, эртенки акыретти ойлойлу туугандар
0
Nur1k
2016-10-09 16:53:22
Билбейм сулуу экен бирок озуно тартып турбайт экен то есть жылдыздуу эмес экен.
0
arimaz89
2016-12-23 11:41:02
Ай, мына "жарым жыланач" дегендер кайсы аймакта жашайсынар? Колдо баардык адамдар эле ушинтип журбойбу? Же эмне, силер Колдо да хиджап кийип аласынарбы?
0
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан