Олимпиададан медалсыз кайткан балбандарыбызга сын айткандар четтен табылды. Ал эми жаш балбандарыбыз кадеттер арасындагы Дүйнөлүк биринчиликте жигердүү жыйынтык көргөзүп, күрөштө балбандарыбыз мыктылардын катарында экендигин тастыкташты. Арсен Эралиев, Айсулуу Тыныбекова сыяктуу спортчулардын жолун жолдогон жаштар бар экендиги кубантпай койбойт.
АКЖОЛ МАХМУДОВ – ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ!
Кадеттер арасында күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпиондук 13-сентябрдан 18-сентябрга чейин Грузиянын баш калаасы Тбилиси шаарында өттү. Мындай мелдештерде 16-17 жаштагы жаш спортчулар күч сынашып, алгачкы ирет олуттуу сынактан өтүшөт. Кыргызстандын атынан грек-рим, эркин жана кыздар арасындагы күрөштө жаш балбандарыбыз күч сынашып, мыкты жыйынтыкка ээ болушту.
Мелдештер грек-рим балбандарынын беттештери менен башталып, анда алгач 54 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков аттуу жаш спортчубуз чыкты. Ал жарым чейрек финалда грузин балбанына утулганы менен, 3-орун үчүн беттешүүгө укук алган. Анда 3 беттешти удаасы менен жеңип, коло байгеге ээ болду. Дагы бир балбаныбыз Эрбол Бакиров 54 килограмм салмактык ченде коло байге үчүн кармашта америкалык Рассел Дэвисти 8:1 эсебинде утуп алды.
69 килограмм салмактык чендеги балбан Акжол Махмудов керекке жарады. Ал алгачкы беттешинен тарта эле өз мыктылыгын килем үстүндө далилдей баштады. Алсак, жарым чейрек финалда армян спортчусун 8:2, чейрек финалда япон балбанын 8:0 жана жарым финалда беларустук Артём Валасковичти да 8:0 эсеби менен жеңип чыкты. Финалда азербайжандык Улву Ганизаде менен тирешкен Акжол аны 5:3 эсебинде утуп, Дүйнөнүн мыкты балбаны аталууга жетишти. Акжолдун жолу ак болду.
АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВАНЫН ЖОЛУН ЖОЛДООЧУЛАР
Башталышы жаман эмес болгону менен, эркин күрөш чеберлери медалдарга жетпей калышты. Жалпы 9 спортчунун арасынан Абдымалик Карачов (42 килограмм) менен Акбар Кенжебек уулу (46 килограмм) 5-орунга гана көтөрүлө алышты. Бул көрсөткүчтү кыргыз кыздары оңдоп, Айсулуу Тыныбекованын жолун жолдогондор бар экендигин көрсөтүштү. Назира Марсбек кызы (52 килограмм), Мээрим Жуманазарова (65 килограмм) коло байгени багынтышса, Айпери Медет кызы (70 килограмм) финалга дейре чыга алды. Тилекке каршы, финалда ал япон балбанына 7:2 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.
Нурбек Изабеков, Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курамдын башкы машыктыруучусу:
– Аталган чемпиондук өспүрүмдөр үчүн абдан чоң мааниге ээ. Себеби жаш спортчулардын чоңдор менен аралашуусуна өбөлгө түзөт. Кыздардан аталган мелдешке 5 спортчу катышып, үчөөсү медалдарга жетишип отурат. Бул канааттандырарлык көрсөткүч деп эсептейм. Алардын арасынан кээ бирлери күрөш менен машыкканына 2 жыл болсо да, мыкты көрсөткүчкө илинип жатышканы кубандырбай койбойт. Чечүүчү беттештерде япон балбандарына утулуп калышты. Японияда эзелтеден мыкты балбан кыздар бар экени талашсыз. Бул мелдештер Айсулуу Тыныбекованын жолун уланткан, өлкөбүздө күрөшкө кызыккан балбандарыбыз бар экенин көрсөттү.
"БАШКЫ МАКСАТЫМ – "ТОКИО-2020" ОЛИМПИАДАСЫНА КАТЫШУУ"Аты-жөнү – Айпери Медет кызы
Туулган жылы, күнү – 1999-жыл, 30-март
Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Биринчи Май айылы
Жетишкендиктери – 2015-жылы кадеттер арасында Азия чемпиондугунда күмүш медалдын ээси, 2016-жылы кадеттер арасында Азия чемпиону, 2016-жылы кадеттер арасында Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалдын ээси
– Салам, Айпери! Дүйнөлүк биринчиликте күмүш медаль алышың менен куттуктайм! Сен үчүн бул мелдештер кандай өттү?
– Саламатсызбы? Чоң рахмат! Бул мелдешке чейин Азия биринчилигинде ийгилик жаратып, улуттук курамга тандалып алынгам. Биринчи беттештерден тарта эле өзүмө жеңиш керек деген тапшырма койгом. Жалпы 4 беттеш өткөрдүм. Эсте калганы финалдык беттеш болду.
– Анда япон балбанына уттуруп жибердиң...
– Ооба, финалда Ясуха Матсуюки аттуу балбан менен кезиктим. Биринчи бөлүктө тең тайлашып эле күрөшүп жаткам. Экинчи бөлүктө ката кетирип алдым, ошону менен эсеп 7:2 болуп кетти.
– Кантсе да бул татыктуу көрсөткүч. Спортко кандайча келип калганың тууралуу айтып берсең?
– 4 жылдан бери күрөш менен машыгып келем. Таласта машыкчумун, ал жерден машыктыруучубуз Нурбек Изабеков агай байкап, мени Бишкекке алып келген. Учурда борбордо машыгып келебиз. Ата-энем башында каршы болуп жүрүштү. Бирок азыр мени ар тараптан колдоп турушат.
– Сени азыртадан эле Айсулуу Тыныбекова менен салыштыра башташты...
– Айсулуу эже менин жеке машыктыруучум. Мени колдоп, өзүнүн тажрыйбасы менен дайыма бөлүшүп келет. Учурдан пайдаланып бул ийгиликтерим үчүн Нурбек агайга жана Айсулуу эжеге терең ыраазычылыгымды билдирем.
– Алдыга кандай максаттарды коюудасың?
– Албетте, башкы максат катары Олимпиада оюндары саналат. Бул үчүн талыкпай машыгышым керек. Ошондой эле 2017-жылдан тарта Азия оюндарына даярдана баштайбыз.
– Ийгиликтерди жарата бер!
КАРТ БӨРҮЛӨР КАРМАШКАНДА
Бул убакта жаштар менен катар ардагерлер арасында да күрөш боюнча Дүйнөлүк биринчилик өтүүдө. Мелдештер 23-сентябрда Финляндиянын Сейняйоки шаарында старт алып, анда грек-рим күрөшү боюнча мекендештерибиз Өмүралы Жакыпов менен Калмат Камчыбеков күч сынашты.
51 жаштан 60 жашка чейинки курактагылар арасында Өмүралы Жакыпов 74 килограмм салмак ченинде кармашып, орус балбаны Игорь Ильинге 8:6 эсебинде утулуп калды. Жыйынтыгында күмүш медалга арзыды.
Ал эми 125 килограммга чейинки салмакта Калмат Камчыбеков венгриялык, грузин спортчуларын жеңип, чечүүчү беттеште Александр Красновго 3:2 эсебинде утулуп калды. Кыргыз спортчусу 2-орунга илинип, күмүш медаль тагынды.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg