ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (3-октябрдан 9-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада келип чыккан кырдаалды тез талдап, ошого жараша чечим чыгарыңыз. Эл менен баарлашууда абайлабасаңыз, душмандарыңызды көбөйтүп аласыз. Аптанын акырында үйүңүздү уурулардан сактаңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Профессионалдык чөйрөңүздө сизди колдоочулар табылат. Андыктан жаңы идеялардын үстүндө иштөөгө кирише берсеңиз болот. Бойдоктор баш кошуу тууралуу сунуш алып, ойлонушат. Конокко барганыңызда туура эмес сүйлөөдөн абайлаңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Карьерадан өсүүгө талпынуу баары бир жыйынтык бербейт. Андыктан күнүмдүк иштер менен алектене туруңуз. Соода тармагындагылардын иши бир топ алга жылат. Каржы жаатында маселе жаралбашы үчүн карыз бербеңиз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптанын башталышын чыгармачылык коштойт. Өзүңүздү көрсөтүп калуу үчүн убакытты туура бөлүштүрүп, жакшылап иштеп калыңыз. Дарыгерлерге көрүнүп, кеңеш алууга да ыңгайлуу убакыт. Аптанын экинчи жарымында конок күтөсүз. Жаңылык да угууңуз ыктымал.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада көчүп-конуу сыяктуу иштерди пландаган болсоңуз, баары ойдогудай болот. Айрымдар жаңы иш ордун карай башташат. Балдарды жолдо алып жүрүүдө сак болбосоңуз, майда жаракатка кабылуу коркунучу бар. Апта акырында достор менен кечеге барасыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Мурунку алган билимиңиз учурдун талабына жооп бербей баштаганын сезип, билимиңизди жогорулатууну ойлойсуз. Мүмкүн, курска жазыласыз. Кышка камылга көрүп, чарбактагы түшүмдү жыйнап, керектүү жайга сактоого киришесиз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Лидер болууга умтулуулар күчөп, үй-бүлөдө мамилелер татаалдашат. Андыктан эр жеткен балдарга өз алдынчалыкты берсеңиз туура. Дачада же короодо көп нерселерди иреттөө, кайра жайгаштыруу иштери убактыңызды алат.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Максаттарыңызга оңой жетесиз. Андыктан алардын ичинен ирилерин тандап алууңуз кажет. Иш деп эле жүрө бербей үйдөгүлөрдүн талап, сындарына көңүл коюп, керектүүлөрүн алып бериңиз. Үйдөгүлөрдүн биринин ийгилиги да демиңизге дем кошот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жумушта сабырдуулук көрсөтүңүз. Ден соолугуңузга залакасы тийбеши үчүн оор жумуштардан качыңыз. Базардан эмне сатып алсаңыз да купулуңузга толот. Таанышыңыздын бири сиздин моралдык колдооңузга муктаж болот.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башы үйүңүздөгү аба ырайын оңдоого ыңгайлуу кез. Бойдокторго жактырган адамына ички сезимин айтып жеткирүү оңойго турат. Балдардын көңүлүн көтөрүп, мээрим тартуулаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада ишке ашпай келген максаттарды бат, шыр бүтүрүүгө шарт түзүлөт. Шейшембиде туугандар иштен алаксытып, убактыңызды алышат. Чыгашаларга туш келбөө үчүн эмне иш кылсаңыз да алдын ала ойлонуп,
эсептеңиз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада базар аралап кышка даярдык көрөсүз. Сиздин эркиндигиңизге чек койгусу келгендер чыгат. Ал жакыныңыз же бейтааныш адам болобу, жол бербеңиз. Үйүңүзгө эски тааныштар баш багат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан