Замир Алдаяров, мугалим: "МЕКТЕПКЕ БАССЕЙН, МУЗ АЯНТЧАСЫН КУРДУРДУМ"

Мугалимдик кесип түйшүктүү келип, көп эмгекти талап кылат. Анын үстүнө жарыбаган айлыктан көрө деп башка жумушка иштеп кеткендер да көп. Октябрь айынын биринчи дем алыш күнү мугалимдер күнү деп белгиленип келет. Майрам алдында биз 40 жылдык өмүрүн ушул кесипке арнаган Замир Алдаяров менен бул ардактуу кесиптин оош-кыйыштары тууралуу маектештик.

Толук аты-жөнү
– Замир Алдаяров
Туулган жылы – 1955-жыл, 10-февраль
Педагогикалык иш тажрыйбасы – 40 жыл
Сыйлыктары – "Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги" төш белгиси (1996-жыл), "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги" төш белгиси (2010-жыл), Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы

– Саламатсызбы? Келе жаткан майрамыңыз менен! Мугалимдик кесипти тандап калууңузга ким түрткү берди эле?
– Саламатчылык! Рахмат. Менин чоң атам мугалим болчу. Атам да 40 жыл мугалим болуп эмгектенген. Ал киши "Мугалим болгула! Сыйлык үчүн чуркабай, элге кызмат кылгыла!" деген сөздү кулагыбызга кыттай куйган. "СССРдин Ардак белгиси" деген төш белгиге ээ болгон мыкты мугалим эле. Туугандарымдын көбү мугалим, андыктан бизди "мугалимдер династиясы" деп койсо болот. Мен ошону улантып келе жатам.

– Эмгек жолуңузду кайсы жерден баштадыңыз эле?
– 1976-жылдан тарта Кочкор районундагы Көк-Жар айылында дене тарбия мугалими болуп иштей баштагам. Ошол убакта айлыгым 150 сом болчу. Азыр Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы мектептин директорумун.

– Окуучуларды сабак окууга кызыктырыш үчүн кандай ыкманы колдоносуз?
– Ооба, ар бир баланын кыялы ар башка. Ошентсе да аларды кызыктырып билим берүүгө мүмкүн. Эгерде окуучунун сабакка көңүлү жок болсо, аны кыйнап окута албайсың. Ал эми шарт түзүп, заманбап методика менен акырын түшүндүрүп окутсаң ким эле окубасын. 2012-жылы облустагы 140 мектептин ичинен билим берүүнүн сапаты жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча 3-орунду алганбыз.
Өзүм дене тарбия мугалими болгондуктан балдарга жөн гана топ тептирип койбостон, ашар жолу менен окуучуларга жайкысын бассейн, кышкысын муз аянтчасын курдургам. Гранттын эсебинен мектепке кенен спорт зал салдырдык. Биздин мектептин окуучулары бош убактысында чылым чегип, көчө таптабай сууда сүзүп, муз тебишет. Муз аянтчасы түн ичинде да иштегендиктен ал жакка жаш-кары дебей баары келишет.

– Мектептерде фондго, оңдоо иштерине деп акча чогултушат. Буга кандай көз караштасыз?
– Негизи, билим берүү бекер болгондон кийин окуучулардын ата-энелеринен акча чогултпай эле коюшса. Кээ бир мектептер өтө эле көп акча сурашат, бул туура эмес. Көп балалуу ата-энелерге кыйын эле да...

– Жаш мугалимдерге кандай акыл-насаат айтар элеңиз?
– Мен да атамдын сөзүн айтам. Жаш кадрларга "сыйлык үчүн жанталашпай эле койгула. Эгер окуучулар "мугалимибиз жакшы" десе эле ошол силерге чоң сыйлык болуп берет. Анткени ата-эне деген тараза – "баланча жакшы мугалим" дейт же тескерисинче, жамандайт. Билим берген инсандардын атын булгабай ак жана так иштегиле" деп келем.

– Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу билим сапаты төмөн. Билимди өркүндөтүү үчүн кандай шарттар керек деп ойлойсуз?
– Биринчиден, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасы жакшы болуш керек. Заманбап техникалык жабдыктар менен камсыз болушу зарыл. Учурда балдарга мурдагы союз учурундагы ой жүгүртүү менен сабак өтүү мүмкүн эмес. Азыр заман башка. Андыктан анимациялык негиздеги учурдун талабына шайкеш келген ыкмалар менен сабак өтүү туура.
Окутат деген ушу экен деп балдарды жөн эле кыйнай берүүнүн кереги жок. Окуучуларга бериле турган үй тапшырмага да көңүл бурулуш керек. Эгер ал өтө оор болсо, баланын окууга болгон көңүлү кала баштайт.
Мурун лабораториялык иштерди жасайбыз деп убараланчу элек. Азыр интернеттин жардамы менен балдарга жеткиликтүү түшүндүрө аласың. Билим берүүдө балдарды эле эмес, ата-энелерди да кызыктырыш абзел. Анткени бала тарбиясынын жарымын үйдөн алат.

– Окуучуларга стимул боло турган дагы кандай ыкмалар бар?
– Шаарда чет өлкөдөн билим алып келип иштеп жүргөн жаштар бар экен. Ошол жигиттердин бири бизге демөөрчүлүк кылып жатат. Мындан 2 жыл мурда ага жолугуп "балдардын билим сапатын жакшыртканга жардам бербейсиңби" дегем. Ошол жигит мектепке 7 ноутбук, эмеректерди алып берди. Көп өтпөй балдарга стимул болсун деп 30 миң сом стипендия берди. Мунун баары балдарга дем-күч берет. Анын үстүнө биздин мугалимдер ЖРТга даярдоо үчүн кошумча сабактарды көп өтүшөт. Быйыл 36 бүтүрүүчүнүн 13ү бюджеттик негиздеги окууга өтсө, ошонун алтоо Башкортостандагы окуу жайга гранттык негизде билим алууга мүмкүнчүлүк алышты. Гимназиялардан деле бир-эки эле бала бюджетке өтүп калып жатпайбы.

– Мугалимдердин айлыгы чеке жылытарлык эмес. Балким, кээ бир учурда башка тармакта деле иштеп кетсемби деген ойлор келгендир...
– Антип ойлогон эмесмин. Кесиптин ачуу-таттуусун бирдей татыш керек. Кесибиңди сүйсөң, сен анын кыйынчылыгын сезбейсиң, айлыктын аздыгы деле сага маселе болбойт. Анын үстүнө бул кесип бизде тукум кууп чоң атамдан бери келе жатат. Жубайым да бул ардактуу кесиптин ээси, билим берүүнүн отличниги. Өзүмдүн бир уулум биздин жолду жолдоп, филология тармагын бүтүрдү.

– Окуучуларыңыздын айтымында, сиз мектепке таң атпай келип, түн киргенде кетет экенсиз...
– Минтип эмгегимди баалап жаткандарды көрүп кубанып калам. Негизи чарчабайм деле. Мектептин кем-карчысын кээде өз чөнтөгүмдөн чыгарып калам. 40 жылдык ишмердүүлүгүмдө дегеле тына элекмин. Жайкы каникулда дагы эмгек өргүүсүнө кетпей ар дайым мектепте болом. 7-8 жылдан бери эмгек өргүүсүнө да чыга элекмин. Жумушум мени чарчатпайт.

"Чыңгыз Айтматовдун колунан сыйлык алуу мен үчүн сыймык болгон".

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kasiko
2016-10-03 09:50:01
Ар дайым ушунунуздан жазбаныз, агай! Сизге кажыбас кайрат, бекем ден соолук каалайм, сиздей инсандар коп болсо олкобуз онугот деп ишенем.
Мугалим тамыр жайган улуу дарак
Ал дарак оскон сайын бутактанат
Мугалим билсен эгер очпос чырак
Тун жапкан тунгуюкта шоола чачат
+5
vangolu
2016-10-03 12:15:38
Кудайым сизге берээрин унутпасын
+2
Lekarstvosvoegomuja
2016-10-03 19:08:32
Мындай оз кесибин сыйлаган адамдар аз тем более мугалимдик кесипти
+1
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан