Айнура Салахидинова, ырчы: "3 АЙДА 9 КИЛОГРАММГА АРЫКТАДЫМ"

Айнура Салахидинованын хит болгон 1-2 эле чыгармасы бар. Антсе да ал сахнадан ордун жоготпой, элдин сүймөнчүгүнө айланып келет. Өнөр жолу менен катар үй-бүлө күтүп, эне болсо дагы чыгармачылыгын бир калыпта кармап келе жаткан кара тору, карагат көз ырчы жашоосундагы жаңылыктарын ортого салды.

"РОЗА ШАКИРОВА, АЗИЗА ҮЧӨӨБҮЗДҮН ТОП ТҮЗҮП ЧЫГУУ ОЮБУЗДА ЖОК. АР БИРИБИЗДИН ӨЗ АЛДЫНЧА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖОЛУБУЗ БАР".
– Үчөөбүз башында той үчүн "Эски досторго" аттуу ырды жаздырганбыз. Бул чыгармабызды тойлордо, концерттерде уккан күйөрмандарыбыз "үчөөңөргө чогуу ырдаган аябай жакшы жарашат экен. Дагы ырларыңар барбы?" деп сурангандыктан жакында эле "Шат күндөр" аттуу ырды жаздырып, клип тарттырдык. Чогуу ырдагандын пайдасы бизге көп эле тиет. Мисалы, жолдошум алыс жакка жалгыз жибербейт. "Роза эже, Азиза менен барам" десем макул болот. Экинчиден клип тартканга кеткен каражатты үчөөбүз чогуу төлөйбүз. Эгерде "тойдо үчөөңөр чогуу ырдап бергиле" деген сунуш түшсө, "биздин бааны Роза эже чечет" дейбиз. Алганыбызда Роза эже көңүлүбүз оорубагыдай кылып бөлүп берет.

"ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА АРАЛАШКАНЫМА 8 ЖЫЛДАН АШТЫ. ЫРЛАРЫМДЫН ИЧИНДЕ ЭЛ ООЗУНА АЛЫНГАНЫ ДА, ЖӨН САЛДЫ БОЛУП КАЛГАНДАРЫ ДА БАР".
– Репертуарымдагы ырларымдын саны 50дөн ашып калыптыр. Бир ырың эл оозуна алынса, кээ бирлери өлүк чыгармага айланат тура. Андай ырларым 20 чакты. Аларды жөн эле акча коротуп жаздырып койгон экенмин. Негизи ыр жаздырып жатканда укмуш хит болот деп ойлобосоң да жакшы ниет менен жаздырасың. Ал жарыкка чыкканда багын угарман чечет.

"УБАГЫНДА ТОЙ, КОНЦЕРТТЕРДЕ 200 СОМГО ДЕЛЕ ЫРДАП БЕРЧҮМҮН. АЗЫР "ТОЙЛОРГО КАНЧАГА БАРАСЫҢАР?" ДЕП СУРАГАНДАРГА "БЕКЕРДЕН 500 ДОЛЛАРГА ЧЕЙИН БАРАМ" ДЕП ТАМАШАЛУУ ЖООП УЗАТАМ".
– Тойго чакыруу болсо, байга баасын байдай айтам. Карапайым кишинин тоюна шартына карап арзан эле барып ырдап берем. Кээде той ээси "эне тууралуу ырыңды апамдын 60 жылдыгына ырдап берчи. Сенин ырыңды жакшы көрөт" десе жакшы сөзгө жибип берген акчасын алам. "Балдарыңа тойдон ооз тийгизип кой" деп белегин, батасын берип узатса канааттанып, 500 доллар алгандан дагы артык кудуңдап үйгө кайтам.

"ӨНӨР ЖОЛУНДА ЖҮРГӨН СИҢДИЛЕРИМ "СИЗДИН ЖОЛДОШУҢУЗ ЖАКШЫ, ЫРДАТАТ. БИЗ ЫРДАБАЙ КАЛАБЫЗБЫ ДЕП ТУРМУШКА ЧЫККАНДАН ДА КОРКОБУЗ" ДЕП КАЛЫШАТ. ТУРМУШКА ЧЫГЫП ЖАТКАНДА ЖОЛДОШУМА ТАЛАП КОЙГОМ".
– 27 жашымда турмушка чыктым. Кеч турмушка чыксам дагы өзүмдү жаш сезчүмүн (күлүп). Анан жолдошума кылыктанып "мен үйдө отуруп калбайын, ырдашым керек. Карьера деген айымдардын катарына кирем" деп айткам. Баш кошкондон кийин айылда 3 айдай кайненемдер менен чогуу жашап калдык. Ошол учурда жолдошум "ырдабайсың, элдер Санжар аялын ырдатып акча табат деп ойлойт" деп намыстанып, башында чакырган жерлерге жөнөтпөй жүрдү. Кайненем дагы "ырдабай эле кой, аял киши үйдө отуруп бала багышы зарыл. Үстүңөрдө үйүңөр бар, дагы эмне керек?" деп кеңешин айтты. Кийин жолдошум мага кошулуп тойлорго барып ырчылардын жашоосун түшүндү. Азыр чыгармачылыгымды колдоп, моралдык да, материалдык да жардам берет. Кайненем "узун көйнөк кийип, ашыкча далактап бийлебей ырдай бер" деп макулдугун берген.

­"ЖОЛДОШУМ ДАЙЫМ ЖАНЫМДА ЖАНДАП ЖҮРӨТ. ӨНӨР ЖОЛУ АНЫ ДА АКЫРЫНДЫК МЕНЕН АРБАП БАРАТКАНДАЙ. ЖАКЫНДА ЭЛЕ РАДИОЛОРДУН БИРИНДЕ ТҮЗ ЭФИРДЕ КОНОКТО БОЛДУК. АЛ ЭЧ КИМ ЫРДА ДЕБЕСЕ ДЕЛЕ "МЕН ЫРДАП КОЁЮН" ДЕП ЫРДАП, СҮРДӨБӨСТӨН СУРООЛОРГО ЖООП БЕРДИ".

– Санжардын достору "Айнуранын продюсерисиң" деп тамашалашат. Жанымда көп жүргөндүктөнбү көпчүлүк таанып калды. Бир жолу достору менен мончого барса бирөө досунан "тиги Айнура Салахидинованын күйөөсү, ээ?" деп сураптыр. Мага келип "мени мончодо да таанып баштаптыр" деп тамашалап күлүп калды. Жолдошум курулуш компанияларынын биринде иштейт. Жаңы курулуп жаткан үйлөрдү алып оңдоп-түзөп сатат.


"ТОЛУК КЕЗИМДЕ СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРГА СҮРӨТҮМДҮ ИЛСЕМ "ТОМПОШКА БОЛУП КЕТИПСИҢ. ӨЗҮҢДҮ КАРАБАЙСЫҢБЫ" ДЕГЕН ТЕРС ПИКИРЛЕРДИ УГУП АРЫКТООНУ ЧЕЧТИМ".
– Кыз кезимде жеңелериме, айрым ырчыларга "семирип кетиптир, өзүн карабайбы" деп сын такчумун. Эки баланын энеси болгондон кийин ал нерсе өзүмдүн башыма түштү. Арыктатуучу каражат ичип, 3 айда 9 килограммга арыктадым. Азыр клиптеримден, сүрөттөрдөн көргөн күйөрмандарымдан жакшы сөздөрдү угуп жатам. Жакындарым толук кезимде көңүлүм оорубасын деп айтышпаса керек. Арыктагандан кийин "сонун болуп калыпсың, кыз кезиңдегидей көрүнүп жатасың" дешүүдө. Өзүм дагы толук кезимдеги сүрөттөрүмдү карап, чын эле кантип уялбай жүрдүм экен деп жатам.

"ЖАҢЫ БАШ КОШКОНДО ҮЙ-БҮЛӨЛҮК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮДӨ ӨЗ ОЮМДУ АЙТУУДАН КОРКЧУ ЭЛЕМ. "СИЗ АЙТКАНДАЙ" БОЛОТ ДЕП ЖОЛДОШУМДУН ПИКИРИН СЫЙЛАЧУМУН".
– Бардык ишти жолдошум чечет, бирок мени менен акылдашат. Баш кошкондон кийин 1-2 жылдай өз оюмду айтуудан айбыгып жүрдүм. Достору "аяш сени сиз дейт турбайбы, бардык маселени өзүң чечет экенсиң" десе, ал "ой, бул сиз деп жайлайт. Көрөсүңөр, 1-2 балалуу болгондон кийин башкарып алат" деп тамашалачу. Азыр башкарып алдым дебейм, бирок оюмду түз айта алам. Барам деген жерге барам, барбайм деген жерге барбайм.

"Үчөөбүз чыгармачылыкта эле дос болбостон, үй-бүлөлүк да катышыбыз бар".


"Балдарымдын улуусу 3, кичүүсү 1,5 жашта. Кыймылы менен чарчатса, кылыктары менен эс алдырышат".


"Жолдошум тамашакөй, шайыр адам. Анан кантип мактабай коём".


Жылмайып коюңуз!

Азиза, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова үчөө чыгармачылык боюнча сүйлөшөбүз деп кафеге киришет.
– Биринчи курсакты тойгузуп алалы, андан кийин ишке өтөбүз,- дейт Роза.
Официант: – Эмне алып келейин?- дейт.
– Арыкташ керек эле. Акыркы жолу жеп алайын, мага 1 порция лагман, 10 даана манты,- дейт Айнура.
Таң калып кетип бараткан официантка Айнура кайра кыйкырат имиш:
– Чоң кыз, шишкебек да кошуп коёсузбу?..

Султан Төрөбеков
Алишер Алиев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айнура Салахидинова: “200 сомго ырдаган күндөрүм болгон”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Laca
2016-10-03 10:08:36
Аябай жагат ийгилик сага Айнура
+1
DUNI
2016-10-03 10:32:06
аарыыык болуп не кылат,помпоюп помпошка болгонго не жетсин. Куйоом айтмакчы токчулуктун белгиси. 2 бала ,эмизем сут болот деп корунгонду оозго сала беребизда.
0
aksy.koi-tash
2016-10-03 11:39:28
Абдан сыйлайм ушул эжени
+1
Guli000
2016-10-03 14:25:49
Айнура эже бактылуу жашоонун доорун суруп уйбулонуз мн аман болуп,ишинизге албан ийгилик Роза Азиза эже 3норду сыйлайм сыймыктанам ырларынар аябай уккулуктуу,азаматсыздар!
+1
brit
2016-10-03 14:47:35
Чындап Эле арыктап жакшына, жаш да корунуп калыптыр. Бирок арыктатуучу нерсе ичкенин айтпай Эле койбоптур. Жаш кыздар окуп алып жанагы кытайдын арыктатуучу нерселерин ичишип баштабасын дегеним. Негизи арыкташ учун туура тамактанып Анан спорт менен машыгыш керек. Жогоруда айткандай каражаттар менен арыктасан кандайдыр Бир убактан кийин Ал килограммдар эки Эсе болуп Кайтып келет.
+1
airus879015
2016-10-03 14:52:39
Ырларыныз абдан жагат, ишинизге ийгилик, сизден жаны жаны ырларды кутоббуз.
+1
fanatka19
2016-10-03 15:49:03
Азаматсың,ишиңе ийгилик.
+1
ZHaziko
2016-10-03 18:52:43
Админ. Супер сулуу кыздар качан чыгат?
-1
Aima94
2016-10-03 23:13:12
Ийгилик. Той ыры аябай сонун. Апамы канча ырдатып журушту)))Созун таппай мен убара. Анан созун дазып журдум гоо)))
0
Nazaraliva.begaiym
2016-10-04 17:15:13
Бул ырчы айым мага да жагат. Ийгилик иштерине
0
nakiw
2016-10-04 23:22:19
Админ.Айнурага айтып койгулачы арыктата турган дары дармек ичпесин.биздин бир тааныш эже ошол дарылардан ууланып ашказаны рак болуп мурда куну каза болуп калды(((.эч кимге каалабайт элем мындайды.
-1
Eliza.janybekova
2016-10-05 10:38:17
Ийгилик!
+1
SayanRamzan
2016-10-05 22:57:27
Жөнөкөй адамгерчиликтүү ырчыларга ушинтип эле жакшы коменттер жазылат!!! Баарыле ушундай болушса кана. Ийгилик...
0
elin
2016-10-06 11:42:42
Жолдошум жолдошум жолдошум жолдошум го башынан аягына чейин.
-1
SoniK
2016-10-08 22:17:46
Уну жагат мага ушул эженин
0
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан