ТӨРӨБАЕВ МЕНЕН СУЛАЙМАНОВ БАШ МЫЙЗАМДЫ ӨЗГӨРТҮҮГӨ КОЛ КОЙГОН ЖОК

Июль айында Жогорку Кеңештеги КСДП, "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол" жана "Кыргызстан" фракциялары Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Референдум 4-декабрга белгиленгени жатат. Бул убакыт аралыгында коомчулукта "Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөө" маселеси катуу талкууга алынды. Бул талкуулар таасир эткен көрүнөт, "Өнүгүү-Прогресс" жана "Бир болдун" лидерлери Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулайманов референдумду өткөрүү тууралуу мыйзам долбооруна демилгечи катары кол коюшкан жок.

"АТА МЕКЕНГЕ" ЭКИ ФРАКЦИЯ КОШУЛГАНЫ КАЛДЫ

26-сентябрда өкмөттүн референдумду өткөрүү тууралуу токтому интернетке тарап, анда мыйзам долбоорго автор катары КСДПнын лидери Иса Өмүркулов, "Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов жана "Кыргызстандын" лидери Канатбек Исаев кол коюп, эки фракция лидерлери Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулаймановдун аты-жөнү жоктугу көңүлдү бурду. "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаевдин айтымында, фракциянын айрым сунуштары акыркы вариантка кирбей калган. Ошондуктан Төрөбаев кол коюудан баш тартты. Ал эми "Бир болго" келсек, аталган фракцияда депутаттар Чолпон Жакупова менен Мыктыбек Абдылдаев Конституцияны коргоочулардын сап башында. Алардын Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы сын-пикирлери, келтирип жаткан аргументтери жалпы фракциянын чечим кабыл алуусуна таасирин тийгизди. Буга чейин парламентте жалгыз эле "Ата Мекен" Баш мыйзамды коргоп келсе, мындан ары анын катарына дагы эки фракция кошулганы турат.

РЕФЕРЕНДУМ 4-ДЕКАБРДА ӨТӨТ

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети референдумду 4-декабрда өткөрүүнү пландаган мыйзам долбоорду жактырды. Бул документ 29-сентябрь күнү парламентте каралып, мыйзам долбоорду 1-окууда 94 депутат жактырса, 11 депутат каршы добуш берди. Бул соңку жыйынтык эмес, алдыда өтчү дагы 2 кароо абалды өзгөртүп жибериши мүмкүн.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан