АЖО ЖУМАНЫН АЯГЫНДА КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 23-сентябрда Москва шаарындагы Орусия президентинин иш башкармалыгынын борбордук клиникасына келген. Президенттин маалымат кызматынын тараткан кабары боюнча, мамлекет башчы жүрөк аритмиясына чалдыккан. Башкача айтканда, өлкө башчы жүрөктүн иштөө ыргагынын бузулушунан жабыркаган. Аталган оору стресстен, уйкунун бузулушунан жана зыяндуу (баңгизат, спирт ичимдиктери сыяктуу) заттардын жана башка себептердин таасиринен пайда болушу мүмкүн. Дарыгерлердин айтымында, президенттин ден соолугу канааттандырарлык, ушул аптанын аягында ооруканадан чыгары күтүлүүдө.
Эске салсак, президент 1-октябрга чейин оорусунан улам эмгек өргүүгө чыккан. Мамлекет башчы 19-сентябрда Нью-Йорк шаарына БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн бара жатып өзүн жаман сезгендиктен Түркиянын Стамбул шаарында "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген болчу.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан