Кыргызстандын "Акнет", "Homeline" жана "Megaline" компаниялары 10-сентябрдан баштап баалар кымбаттап, интернеттин ылдамдыгы 3-4 эсе төмөндөй турганын билдиришкен болчу. Буга себеп Казакстандын провайдерлеринин интернетти ташуу баасын жогорулатканы болгон. Байланыш операторлор ассоциациясынын директору Нурбек Абаскановдун айтымында, Казакстан 10 күн ичинде интернетке болгон баанын жаңы тарифтерин сунуштоосу керек. 28-сентябрдагы Астанада казакстандык жана кыргызстандык провайдерлердин жолугушуусу өтүп, бирок натыйжада абал өзгөрбөгөнүн Байланыш операторлор ассоциациясынын директору Нурбек Абасканов билдирди.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg