24-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы Замирбек Жолболдиев менен аталган шаардын тургуну, жеке ишкер Зарылбек Мааткалыковдун ортосунда жаңжал чыккан. Натыйжада Ноокат РИИБине экөө тең арыз менен кайрылган.Ош ОИИБи Мааткалыковдун сабалганын тастыктады. УКМК кызматкеринин маалыматында Мааткалыков аны травматикалык тапанча менен коркутканда коргонгон, ишкерди кимдер сабап кеткендигин билбейт. Ал эми ишкер Мааткалыков буга чейин анын заводуна Жолболдиев УКМКнын балдарын жөнөтүп, "үлүш" катары акча алгысы келгенин, бирок ага баш ийбей койгонун, ошондон улам УКМК кызматкери бир нече адам менен аны сабаганын айтууда.
Ош ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, УКМК иликтөө иштерине байланыштуу аталган кызматкерин иштен убактылуу четтеткен. Укук коргоо кызматкеринин опузалап акча талап кылганы, адамды сабаганы аныкталса иштен бошотуу менен чектелбей, тиешелүү жаза алуусу зарыл. Болбосо өлкөдө жарандарды иш орундары менен камсыз кылып, салык төлөп казынаны толтурууга салым кошуп жаткан ишкерлерди мындай кой, чет өлкөлүк инвесторлор Кыргыз өлкөсүнөн айланып качары турган иш. УКМК кызматкерлеринин дарегине түркүн сындар айтылып келет. Алардын айрым ишкерлерден "үлүш" талап кылары тууралуу буга чейин да сөз болуп келген. Бул жүрүшүндө кете берсе, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн айырмасы билинбей калат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg