БИР БҮРКҮМ

  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "ЭҢ МЫКТЫ КЛУБ" жана "Эң начар клуб" сынагын жарыялады. Сынактын максаты – маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.

  • 26-сентябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ПЕНСИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ боюнча токтомго кол койду. Буга чейин пенсиянын орточо көлөмү 4753 сом болсо, 1-октябрдан тарта орточо 5173 сомго жетет. Азыркы учурда өлкөдө 605 миңге
    чукул киши пенсия алат.

  • Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллинанын айтымында, Кыргыз мамлекетинде илимдердин кандидаты 300 сом, ИЛИМДЕРДИН ДОКТОРУ 600 сом кошумча төлөм алат.

  • БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТТОР жыл аягында бериле баштайт. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев парламентте билдирди.

  • 2017-жылдын бюджетинин долбооруна ылайык, ОКУУЧУЛАРДЫН ЫСЫК ТАМАГЫНА 450 миллион сом, ал эми китептерине 120 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу билдирген депутат Дастан Бекешев тамакка коротулуучу акчаны китептерге коротууну сунуштады.

  • Орусияда жүргөн МИГРАНТТАРДЫН ар бир онунчусу депрессиядан жабыркайт. Мындай жыйынтык Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан өлкөлөрүнөн келген мигранттар катышкан сурамжылоодон келип чыккан.

  • Кыргызстан 2016-2017-жылдар үчүн ГЛОБАЛДЫК АТААНДАШТЫК боюнча 138 мамлекеттин ичинен 111-орунга ээ болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форум жазып чыкты. Рейтингди түзгөн уюм Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн негизги тоскоолдуктары катары салык ченемдери, инфляция, коррупция жана саясий туруксуздукту атаган.

  • Коомдук жайларда, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда СПИРТ ИЧИМДИГИН ИЧКЕНДЕРГЕ айып пулду жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору тийиштүү комитетте колдоо тапты. Ага ылайык буга чейин 100-300 сомду түзгөн айып пул 1000-3000 сомго чейин жогорулайт.

  • "Өлкөдөгү МУГАЛИМДЕРДИН эң аз маянасы 6 миң сом, эң жогоркусу 19 миң сом",- деп билдирди Финансы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманова.

  • "Электр станциялары" ААКсынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын билдиришинче, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 МИЛЛИАРД 356 МИЛЛИОН метр кубга жетти. Мындай чоң көрсөткүч 2012-жылы катталган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан