Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаалардын "крутой" номерлерин сатыкка чыгарды. Аукциондо 37 өзгөчө номер 21-сентябрдан 28-сентябрга чейин үч этап менен сатылды. 21-сентябрда Бишкектин тургуну онлайн-аукцион учурунда баштапкы баасы 40 миң сом болгон 555AAA номерин 110 миң сомго сатып алса, 22-сентябрда 999ААА номери 282 миң сомго сатылып рекорд коюлган. Ал эми онлайн-аукциондун акыркы күнүндө 001ААА номери баштапкы 70 миң сомдук баасынан жарым саат ичинде 594 миң сомго чейин көтөрүлүп сатылды жана рекордду жаңылады. 28-сентябрь күнү 777ААА номери 1 миллион 716 миң сомго сатылды. Бул рекорд коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Айрым интернет колдонуучулар бул көрүнүштү "кыргызча понт" деп аташса, айрымдар "крутой" номерди рекорддук суммага сатып алган адамды "номер алымыш болуп мамлекетке кайрымдуулук кылды" деп сыпатташууда.
Аукциондон түшкөн каражаттын 91 пайызы мамлекеттик бюджетке түшүп, социалдык муктаждыктарга жумшалат. Ал эми калган 9 пайызы аукционду өткөрүү чыгымдарына жумшалат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg