SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

22-сентябрь:
БОРООН АЛДЫНДАГЫ ЖЫМЖЫРТТЫК

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйыны тынч өттү. Депутаттардын бири-бирин айыптоолору, курч билдирүүлөрү жана микрофон өчүрүүлөр болгон жок. Кечээ эле бири-бирин күнөөлөп жатышкан депутаттар бүгүн жыйында чогуу отуруп, өлкөдөгү маселелерди көтөрүп, күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорун саат 14:00гө чейин талкуулап, бир аз талашып-тартышкан соң добуш берип, 15:00дө үйлөрүнө тарап кетишти. Мындай көрүнүш депутаттардын деңгээлинин өсүп баратканы деле эмес. "Ак үйдүн "7-кабатынан" кол алдындагы депутаттарга "фас" деген буйрук берилген жок" деген версия чындыкка кыйла жакын, анткени "7-кабат" Бишкектеги Ак үйдөн Түркияга убактылуу көчүп кеткен. Балким, бул бийликтин 1-октябрга чейин тайм-аут алганына байланыштуу чыгар. Кыскасы, бүгүн өлкөнүн саясий айдыңында жымжырттык сакталууда. Мындай абалда ар тарап өз стратегияларын түзүп жатышат. Маалыматтык согуштун жымжырттыктан кийин башталчу экинчи толкуну канчалык күчтүү болору тараптардын чабуулдарды жасоого жана чабуулдарга жооп берүүгө даярданып келишине байланыштуу...

23-сентябрь:
АТАМБАЕВ МОСКВАГА КОЛДОО СУРАГАНЫ КЕТТИБИ?

"Жүрөгү ооруп, дарыланып жатат" делген президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Түркиядан Орусияга учуп келгени белгилүү болду. Президенттик аппарат мамлекет башчысы дарылануусун Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканадан уланта турганын билдирди. Албетте, анын абалына көз салып турган кыргызстандыктарда суроо жаралды. Саламаттыгы толук калыбына келе электе кайрадан учакта жол жүрүүгө кандай зарылдык жаралганы азырынча белгисиз. Түркиянын медицина тармагын Орусияныкынан начар деп айтуу кыйын. Тажрыйбадан улам белгилүү, операцияга муктаж көптөгөн мекендештерибиз Түркияга барышат, билим берүүнүн сапатын баалап кыргыз студенттери Түркиядагы медициналык жогорку окуу жайларда билимин жогорулатып жатышат. Түркияда көп жылдар бою медицина тармагында иштеген Талантбек Батыралиев учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектөөдө. Аны министрлик кызматка дайындап жатканда Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында Батыралиевдин дал ошол Түркия медицинасында иштеген тажрыйбасын артыкчылык катары баалашкан. Кыскасы, Атамбаевди сакайтууга түрк дарыгерлеринин чамасы жетмек.
Ошондуктан кыргыз президентинин Москвага келишин түрдүүчө жоромолдогондор чыкты. Кыргызстандагы шайлоо жарыштарына аттанарда кыргыз лидерлеринин Орусияга барып, расмий Кремлден "бата" алып келмей адаты белгилүү. Оппоненттери тарабынан ашкере орусиячыл деп сындалган Атамбаевдин Москвага баруусун Кыргыз мамлекетиндеги азыркы саясий кырдаалга байланыштыргандар болду. Мисалы, блоггер Даниэль Кадырбеков: "Президенттин Кремлге күтүүсүз сапары нааразычылыктар тереңдеп кеткен учурда күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн макулдашарынан кабар берет. Бирок анын Кремлден колдоо табышы кыйын, буга алар кызыкдар эмес",- деген пикирин жарыялады. Мындай версияны биротоло четке кагууга мүмкүн эмес, анткени кыргыз бийлиги ири маселелерди Орусия жетекчилиги менен макулдашып чечүү адатынан дагы деле арыла электиги айтылып жүрөт. Кыргыз жеринде күтүлүп жаткан оппозиционерлерди камакка алуу операциясы орто жолдон үзгүлтүккө учурагандан кийин президентте кийинки кадамдарды ойлонуу зарылдыгы жаралды. Өмүрбек Текебаев жайган сыйыртмак улам кысып келе жатат. Бишкектин мэри Албек Ибраимов негизги фигурант болгон жер тилке чуусунун аягына жетүү аракети күчүндө. Текебаевди камакка алуу оңой эместигин Эмилбек Каптагаев белгилеп, башкы "ата мекенчини" камакка алууга убагында Акаевдин да, Бакиевдин да эрки жетпегенин айтты. Азыркы президенттики да жетиши кыйын. Конституцияны өз ыңгайына жараша өзгөртүү үчүн Атамбаевге колдоо керек, бул колдоону Путинден тапкысы келдиби?..

26-сентябрь:
КОНСТИТУЦИЯНЫ КОРГООГО КЕЛГЕНДЕ "АТА МЕКЕНЧИЛЕРДЕН" ЫРК КЕТТИ

24-сентябрда интернет булактарга "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" мыйзам долбооруна 2-окууда депутаттар кандай добуш бергендиги тууралуу тизме чыкты. Эске салсак, 22-сентябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүүгө жол ачып берүүчү демилгеге жалпысынан 98 "макул", 6 "каршы" добуш берилген. "Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Наталья Никитенко аталган долбоорго каршы чыгышса, Сайдулла Нышанов, Эмил Токтошев жана Абдимуктар Маматов "макул" деп добуш беришти. Ак же көк деген позицияны кармануу кыйын болгон көрүнөт, 5 "ата мекенчи" жыйынга катышкан жок. Алар: Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Бахадыр Сулейманов жана Айсулуу Мамашева. "Кыргызстан" фракциясынан жалгыз депутат Урмат Самаев, "Бир бол" фракциясынан эки депутат: Чолпон Жакупова жана Мыктыбек Абдылдаев Конституцияны өзгөртүүгө жол ачып берүүгө "каршы" деп добуш беришти.
Мурдагы "ата мекенчи" Равшан Жээнбеков "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде парламент тууралуу сөз козгоп: "Акыркы убакта "Ата Мекен" оппозиция болуп калды. Бирок "Ата Мекендин" ичинде деле Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматовдон башкасы унчукпай жатышат",- деген болчу. Жогорудагы добуш берүүнүн жыйынтыгына караганда, Равшан мырза билдирген унчукпастар Шыкмаматов баш болуп ким экени айкын болду. Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жалгыз болуп каршы чыккан "Ата Мекен" фракциясынын ичинде деле командалык чечим кабыл алуу чабал болуп жаткандай. Кептин баары эми соңку чечимди кабыл алуучу 3-окууда добуш берүүдө калды.

27-сентябрь:
МҮЛКҮН ЭЛГЕ КӨРСӨТҮҮ КЕЗЕГИ АТАМБАЕВ ЖАНА АНЫН КОМАНДАСЫНДА

Кечээ "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерди өзүнө жана үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрү менен тааныштырды. Болгон мүлкүн декларацияда көрсөтүп келе жатканын билдирген "Ата Мекендин" лидери жаап-жашыра турган, чочулай турган жери жок экенин көрсөттү. Пресс-турдун жүрүшүндө президенттин айланасындагы Сапар Исаков менен Фарид Ниязовдун мүлктөрү тууралуу да сөз болду. "Президенттин жанында жүргөн Сапар Исаков элиталык турак жайда 5 бөлмөлүү батирде жашайт, мен 3 бөлмөлүүдө. Кайсы акчасына жөнөкөй чиновник мындай кымбат батирди сатып алды? Же Фарид Ниязов... Анын декларациясында көптөгөн жер тилкеси бар деп жазылып турат, бирок үй-бүлөсүнүн кирешеси меникинен кыйла аз экен. Мынча көп жерди кайсы кирешесине алып жатат?"- деп суроо салат Текебаев. Ошентип мүлктөр боюнча териштирүү толкуну эми баш калаанын мэри Албек Ибраимовго кошо президенттик аппарат башчысы Фарид Ниязов менен аппаратта тышкы иштер боюнча бөлүмдүн башчысы Сапар Исаковду каптады. Бүгүн жарандык активист Адил Турдукулов Сапар Исаков элиталык үйдөн 127 чарчы метрди ээлеген батирди кайдан келген акчага сатып алганын териштирип чыгуу суроосу менен Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди.
Максим Бакиевге арналган жерге Атамбаев кандайча ээ болуп калганын коомчулукка жарыя кылуу, өзү ээлик кылган мүлктөрүн тизмелеп көрсөтүү менен Өмүрбек Текебаев Кыргыз мамлекетине жакшы бир көрүнүштү алып келди. Эл өз чөнтөгүнөн айлык берип багып жаткан чиновниктердин кайсы акчага кабат-кабат үйлөрдү салып, кымбат баалуу батирлерди алып жатканын териштире баштады. Демократиялык коомдо элдин атынан өлкөнү башкарууга барган кызматкерлер жарандарга мындай отчётту берип турушу керек. Текебаевге окшоп мүлкүн элге көрсөтүүгө ажонун айланасындагы чиновниктердин эрки жетеби?..

28-сентябрь:
КООМДУК ТАЛКУУ БИЙЛИКТИН ФОБИЯСЫНА АЙЛАНДЫ

Конституцияны өзгөртүү аракети боюнча КСДП баштаган демилгечилер 27-сентябрда өткөн коомдук талкууга келбей коюшту. Авторлор демилгени эксперттер жана өзгөртүүгө каршы тараптар менен маңдай-тескей отуруп ачык талкуулоодон сестеништи көрүнөт. Укук коргоочу Рита Карасартова аталган форумга 30дай депутат, анын ичинде демилгечилер чакырылганын, бирок Өмүрбек Текебаев, Чолпон Жакупова жана Алмамбет Шыкмаматовдон башкалары келбегенин айтты. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун талкууга барбай, ошол эле күнү парламенттин тармактык комитетинде "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун өткөрүү менен алпурушуп отурганын сындады. Фракция лидерине коомдук талкууга барып берилген суроолорго жооп таба албай кыйналгыча комитет отурумунда бийликке керектүү мыйзамды коргоо жеңилирээк эмеспи. Конституцияны өзгөртүү аракетинин башында тургандар "коомдук талкуулар жетиштүү деңгээлде өттү" деп жатышат. Президент Түркияда дарыланып жаткан жеринен Конституцияны өзгөртүү мыйзамынын долбоору менен таанышып, аны колдоорун айтып билдирүү тараткан. Анда "дээрлик 2 ай коомчулук аталган мыйзам долбоорун талкуулады" деп айтылат. Бул талкуулар кайда өткөнүн так түшүндүрүп берген киши чыкпады. "Эл менен жолугушууларда сүйлөшүп жаттык" деген Өмүркуловдун жообу көпчүлүктү, бийликтин оппоненттерин ынандыра албады. Чыныгы талкуу ачык аянтта, долбоорду жактагандары да, каршылары да катышкан жолугушууларда жүрүшү керек эле. Андагы талаш-тартыштар, айтылган аргументтер массалык маалымат каражаттары аркылуу элдин калың катмарына жеткирилиши шарт болчу. Ошондо элде маселени таразалоого мүмкүндүк жаралмак. Текебаев, Жакупова баштаган саясатчылар бүгүн дал ушул маселени айтып жатышат. "Өлкөнүн кайсы жеринде, кайсы жогорку окуу жайда же мекемеде коомчулуктун катышуусунда талкуу жүрдү?" деген суроо кайра-кайра берилгени менен, жоопсуз калууда. Эгерде президенттин тегерегиндеги адамдар менен айрым эксперттердин пикир алышуусун авторлор "коомдук талкуу" деп атап жатышса, – бул элди сыйлабастык. Авторлор бүгүн "долбоор эксперттер жана юристтердин катышуусунда даярдалды" деп билдиришүүдө. Жарандык активисттер "чогуу талкуулайлы" деп чакырган жерлерге барбай жатышат. Бийликтегилердин мындай мамилеси, Конституцияны өзгөртүүгө керек болгон мыйзамдардын парламент менен өкмөттөн процедураларды бузуу менен шашылыш өткөрүлүп жатышы күдүктөнүүлөрдү күчөтөт. Демилгечилер айтып жаткан кеңири талкуулардын жыйынтыктарын, түзүлгөн протоколдорду көргөн киши жок. 6 миллион жарандын тагдырына тийиштүү документти ачык талкууга чыгаруудан качуу – кооптуу көрүнүш...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан