Даниэль Кадырбеков, саясат таануучу: "БАШЧЫЛАРЫНАН ЭЛ ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ТАЛАП КЫЛЫШЫ КЕРЕК"

Саясат таануучу, Япониянын Кобе университетинин бүтүрүүчүсү Даниэль Кадырбеков Фейсбук баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууга кызматкерлерди тандап алуу системин сындады. Жаш активист мамлекеттик башкарууда "патрон-кардар" системинин өкүм сүрүп жатышы негизги кемчилик деген пикирде.
Саясат таануучунун айтымында, "патрон-кардар" системинин негизинде иш жүргүзгөн өлкөлөрдө "сен мага, мен сага" принциби иштейт. Башкача айтканда, кардардын да, патрондун да компетенттүүлүгү эске алынбайт. Болгону патронго лоялдуу болуп, саясий колдоо көрсөтүү, ага карата түз көз карашта болуу менен атайын топ мамлекеттик кызматтарды ала алат да, мамлекеттик ресурстарды пайдаланат. "Көз карандысыздык алганыбызга 25 жыл болгонуна карабай өлкөбүз өнүгүүнүн жалпы максатына ээ заманбап улуттук мамлекет катары калыптана албай жатат. Өнүгүүгө прогрессивдүү идеясы жок өлкө жетекчилиги компетенттүүлүктү эмес, лоялдуулукка негизделген феодалдык тажрыйбаны карманууда. Болгондо да италиялык мафиядагы лоялдуулукка окшотуп өзүнүн кол алдындагыларын "оң колу", "ишенимдүү киши" деп белгилеп алышкан. Албетте, мындай тажрыйба Акаев менен Бакиевдин учурунда да болгон. "Трайбализм жана регионализм" аралашмасын пайдаланышып өздөрүнүн балдарын жана жакындарын жооптуу кызматтарга дайындап, ресурстарга жетүүгө аларды сындабаган адамдарга гана мүмкүнчүлүк берип келишкен. Атамбаевдин тушунда деле бул тажрыйбаны көрүүгө болот, бул "патрон-кардар" тибиндеги систем. Ошондуктан өнүгүүнүн идеясын сунуштагандын ордуна мамлекет жетекчилиги коом алдында душман издөөнү гана билет",- деп түшүндүрөт өз блогунда Даниэль Кадырбеков. Саясат таануучунун билдиришинче, "патрон-кардар" системинде жашап жаткан биз эле эмеспиз. Мисалы, Орусияда бийликте патронго лоялдуу болгон атайын кызматтын өкүлдөрү гана отурат, Казакстанда кландар, "жүздөр" бар, Тажикстанда болсо кулябдыктар анан ленинабаддыктар бийликти кармап турушат. Тагыраак айтканда, бул өлкөлөрдө адамдын компетенттүүлүгү, иш билгилиги эмес, башчыга, патронго лоялдуулугу гана эске алынат.
"Таң каларлык эмес, өнүккөн өлкөлөрдө эгерде иштөөгө жөндөмүң болсо, сенин ким экениңе карабай жумушка алышат. Барак Обама, Ангела Меркель же Марк Цукербергге лоялдуу эмес, компетенттүү адамдар керек. Анткени алар лоялдуулук белгиси боюнча өзүнүн командасын түзгүдөй кылмыштуу топ эмес. Азырынча биз мамлекеттик кызматкерлери профессионалдар, салык төлөөчүлөр алдында таза адамдар болгон мындай өлкөлөргө суктанып гана турабыз. Мындай коомго жетүүнүн биринчи кадамы – эл өзүнүн башкаруучуларынан жоопкерчиликти талап кылышы керек. Кымбат мүлк алууга акчаны кайдан тапты, эмне үчүн айрымдардын чыгашасы кирешесинен 10 эсе көп? Жоопкерчилик болмоюнча легитимдүүлүк жана ишеним болбойт",- дейт Кадырбеков.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан