Ак төөнүн карды жарылып, тойлор сезону старт алды. Той башкарган тамадалардын иши айрымдарга оңой көрүнүп, «4-5 саат сүйлөп эле акча алышат» деп ойлошу мүмкүн. Кандай иш болбосун көзүн тапса оңой болору талашсыз. Албетте, алгачкы жолу той башкаруу өтө оор. Аны тамадалар өздөрү айтып беришсин.
Турусбек Жумалиев: «ТОЙДУ ТАМАДАГА БАШКАРТУУНУ МЕН ОЙЛОП ТАПКАМ»
Тажрыйбасы – 30 жыл
Ставкасы – Сүйлөшкөнгө жараша
Тойду алып баруудагы принциби – Кыска-нуска сүйлөө
-1985-жылдары Фрунзеде «Нарын», «Ысык-Көл», «Соң-Көл» деген 3 эле ресторан бар болчу. Ошол кездеги тойлордун баары ушул ресторандарда өтүп, түнкү саат 3-4кө чейин созулчу. Андан да кызыгы, эч бир тойдо тамада болгон эмес. Келгендер өздөрү эле тамак-аш ичип-жеп, кааласа бийлеп отура беришчү. Мен актёр, алып баруучу катары баш-аягы жок тартипсиз тойду жакшы жакка буруу максатында долбоор иштеп чыктым. Тойду сөзсүз бирөө башкарыш керек деп ойлодум. Долбоорду ресторандарга алып барсам аябай жактырышты. Мен муну менен профессионалдуу кадам жасадым деп ойлойм. Ошондон кийин тойлордо алып баруучулар пайда болду.
Ошол кезде той башкарган тамадалар «идея сиздики да, жаман көрбөңүз» деп мага акча берип турушчу. Кийин өзүм албай койгом. Алгач эл алып баруучуга тез эле көнө койгон жок. Жаңыдан тамадалыкты баштаганымда айрымдар мени кадимкидей жаман көрүштү. «Бул эмне бизге кыйын болот, эмне кылышты өзүбүз билебиз» деп.
Бир жолу ошондой тойдо «азыр антракт» десем чыр чыгарышкан. «Элдин баарына сөз берип бүтүп, анан антракт кыла бер, мунуңду токтот» дешип. Ал чырдын башында турмушка чыгып жаткан кыздын атасы бар эле. Аябай мас болуп калыптыр. Колумдан микрофонду жулуп алып, «эн-неңди...» деп мени, отурган элди ашата сөктү. Микрофон талашсам түртүп жиберди. Кыз ыйлап чуркап келсе, аны микрофон менен бир койду. Ары жактан жакын тууганы окшойт, бирөө чуркап келип көтөрүп кеткен.
Назира Жетигенова: «АЗЫР АЛ ОКУЯНЫ ЭСТЕГЕНДЕ УЯЛЫП КЕТЕМ»
Тажрыйбасы – 9 жыл
Ставкасы – 20 миң сомдон жогору
Тойду башкаруудагы принциби – Шайыр тамада болуу
-Мен анда Алина Жетигенованын «Алина шоу» тобунда алып баруучу болчумун. Бир жолу гастролдон келгенде эле ырчы Нургүл Абылмажинова курбу кызы турмушка чыгып жатканын айтып, тойду алып барып берүүмдү суранды. «Жок, кантип алып бармак элем, өмүрү той алып барбасам» десем, «колунда жок кыз. Сенин акчаңды мен өзүмдүн атымдан берем» деп көндүрдү. Батыш автобекетинин жанындагы кафелердин биринде 100гө чукул адамдын катышуусунда той башталды. Болгон күчүмдү жумшап, тойду башкарганга аракет кылдым. Кече ортолоп калганда күйөө баланын достору мас болуп алып мушташа башташты. Музыкант да жаш бала болчу. Бирөө «мен лезгинка бийлейм» десе, дагы бири «ламбада кой» деп мушташып жатып колонканы талкалап салышты. Аябай жиним келип «эк, өзүңөр билгилечи» деп Нургүл эжеден 1000 сом алып, бата кылбай эле үйүмө кетип калгам. Азыр ал окуяны эстегенде уялып кетем, жаштык кылыптырмын.
Чыңгыз Мырзаев: «АНДА АКЫНЫ ДООЛАЙ ТУРГАН ДЕЛЕ АКЫБАЛ ЖОК БОЛЧУ»
Тажрыйбасы – 10 жылдан ашты
Ставкасы – Сүйлөшүүгө жараша
Тойду башкаруудагы принциби – Той ээсинин, коноктордун көңүлүн алуу
-Искусство институтунун 1-курсунда окуп жүргөн учур. Эмил деген досумдун иниси үйлөнүп, кафеде той берип калышты. Палоо басылмак да, сабиз аарчышып, туурашып, кыскасы, жардамдашалы деп дос балдар эртерээк бардык. Тамада өздөрүнүн эле тууганы болмок экен, ал киши келбей калыптыр. Достор «бар, сен чык» деп түрткүлөп отуруп эле мени тамада кылып чыгарып жиберишкен. Сүйүү, үй-бүлө туурасындагы өзүм жазган ырларды дайыма жанымда алып жүрчүмүн. Аларды алып чыгып араларына кошуп тойду алып барымыш болгом. Кыйратып деле сүйлөгөн эмесмин, «буларга тост бер» десе чакырып коём, «бийлет» десе «бийге чыккыла» дейм. Эмгек акыма эмне бергенин деле билбейм, көйнөк, калпак берсе керек. Анда акыны доолай турган деле акыбал жок болчу. Азыр Эмил менен катташып турам. «Сенин иниңдин үйлөнүү тоюн алып барып тушоом кесилген» деп айтып калам.
Бакыт Байсариев: «МАС БОЛУП КАЛГАН ТАМАДА МЕНИН ЖОЛУМДУ АЧКАН»
Тажрыйбасы – 8 жыл
Ставкасы – 500 доллар
Тойду башкаруудагы принциби – Тойду түнкү саат 12ге чейин бүтүрүү
-Дос балам үйлөнүп, аны куттуктайын деп баргам. Анда мен чыгыш бийи менен тойлорго барчумун. Чыгыш бийин бийлеп, белегимди берип, куттуктап, кайра достор менен столдо отуруп калдым. 1-тыныгууга жетпей эле тамада ар кайсыны сүйлөп мас болуп калды. Бир убакта «мурда биздин убакта мындай той жок эле, азыркыларга жыргал. Мен да балама ушундай той өткөрбөсөмбү» деп арманын айта баштады. Той ээси аяш энем мага чуркап келип «Бакыбай, арабызда сенден башка артист жок экен, өзүң тамада болуп бер, тигини чанжыратпай» деди. Жынсы шымым менен футболкамды чечип, бирөөнүн костюм-шымын кийгизишти. Конокторго «саламатсыздарбы, эми тамада мен болом» десем элдин баары күлүп, кол чаап жиберишти. Жакшы эле алып бардым окшойт, анткени анчалык жоопкерчилик жок болду да, бирөө мас болуп калып ордуна алып барып жатам дегендей кылып. Той аяктап калганда бир байке келип, «эмки жумада менин тоюмду да азыркы тамада башкармак, анын ордуна сени эле чакырайын, канча аласың?» деди. Менде акчага той алып баруу деген ой жок эле да, шашып кетип «канчага сүйлөштүңүздөр эле?» десем, «10 000 сомго» деди. Анда бул мен үчүн өтө чоң акча эле, 10 000 сомду укканда көздөрүм жайнап, эс-мас боло түшүптүрмүн. Дароо макул болгом.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg