Учурда 3 жаштагы бала 50-60тагы чоң энеге салыштырмалуу өзү телефонду, ноутбукту жандырып, оңой эле интернетке кире алары талашсыз. Албетте, бул өсүп келе жаткан жаңы муун, жаңы технология. Бирок жаңы технологиялар көп мүмкүнчүлүктөрдү бергени менен балдарга чоң коркунуч туудурууда. Буга далил катары жакында super.kg порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жарыяланган секелек окуучу кыздын автобуста порнографиялык видео көрүп бара жатканын айтсак болот. Негизи баланы интернеттеги ыплас нерселерден кантип коргоого болот?
"Социалдык түйүндөргө кирген бала бүтүндөй интернетке мүмкүнчүлүк алат. Интернет желесинде эмнелер гана жок... Пайдалуу маалыматтардан тышкары ар кандай темадагы видеолор, оюндар, жарнамалар, порнографиялык, экстремисттик жааттагы маалыматтар бар. Баланын психикасына карасак, баары бир ал биринчи тыюу салынган нерселерди көрүүгө ашыгат",- деген балдар психологу Гуля Акбутина ата-энелерге төмөнкү кеңештерди берет.Интернетке кире алган балага сөзсүз ата-эненин көзөмөлү керек. Өкүнүчтүүсү, Кыргызстанда көпчүлүк ата-энелер баласынын виртуалдык жашоосун текшерүүгө тажрыйбасы аз. Ошондуктан жаңы техника тууралуу өзүңүз көбүрөөк билүүгө аракеттениңиз.
Балаңыздын интернетти эмне максатта колдонуп, кимдер менен баарлашып, достошуп жатканынан кабардар болуңуз. Кээде анын интернет баракчасына чогуу кирүүнү сураныңыз.
Колуңуздан келсе компьютерди баланын бөлмөсүнө эмес, көзгө көрүнүктүү жерге коюңуз. Мындай жол менен балаңыздын интернетте эмне кылып отурганын ары-бери өтүп көз сала аласыз. Мындай жайда отурган бала өзү да керексиз сайттарга кирүүгө даабайт.
Балаңыз интернетти качан колдоно аларын, ага канча убакыт короторун жана кайсы сайттарга кирсе болорун, кайсыларга кирбеши керектигин айтып, чогуу талкуулагыла. Атайын эрежелерди түзүп бериңиз. Эгер эрежени бузса жазаланарын айтып, айтканыңызды аткарыңыз.
Албетте, балдарды дайыма көзөмөлдөп жүрүү мүмкүн эмес. Анткени бүгүнкү күндө интернетке каалаган жерден, кафеден, коомдук транспорттон да кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Андыктан балдарыңар силер жокто да туура чечим чыгара алышы үчүн, аларга адеп нормаларын үйрөткөнүңөр маанилүү.
Социалдык түйүндөр аркылуу таанышкан адамдар менен жолукпоого үндөп, азырынча ичине жеке маалымат топтобогонго чакырыңыз. Дарек, телефон номер жана башка маалыматтарды дагы таратпасын. Ошол эле учурда интернеттеги маалыматтардын баары чындык эмес экенин билсин.
"Баланы интернеттеги зыяндуу нерселерден коргоочу программалар, тиркемелер көп. Бирок алардын бири да 100 пайыз коргой албайт",- дейт IT-адиси Алтынбек Малдыбаев.
АТАЙЫН ТИРКЕМЕЛЕР
Алгач уюлдук телефон, смартфон, планшеттерден баштайлы. Анткени учурда дээрлик ар бир баланын колунда бар. Android, iOS системи менен иштеген каражаттар үчүн бир нече тиркемелер бар. Буларды PlayMarket`ке кирип оңой эле жүктөп алууга болот. Алардын айрымдарына токтолсок:
Kids Place тиркемеси.
Бул колуңуздан телефонду талашкан кичинекей балдарга арналган. Муну жүктөө менен балаңызга өзүнчө файл ачып берип, телефонуңуздагы өздүк маалыматтарыңызды сактай аласыз. Ошондой эле Wi-Fi кызматын колдонууга жана Google Play’ден керексиз нерсе жүктөөгө бөгөт коёсуз.
Care4Teen.
Бул тиркемени жүктөп алуу менен керексиз онлайн-ресурстарга бөгөт коё аласыз. Бул тиркеменин атайын "кара тизмеси" бар, ага керексиз сайттардын тизмесин, сөздөрдү жазасыз. Эгер бала сиз "кара тизмеге" киргизген сөздөрдү жазса, издөө өз жыйынтыгын бербейт. Мындан сырткары GPS-мониторинги аркылуу балаңыздын кайсы сайттарга киргенин, телефон чалууларынын, СМС билдирүүлөрдүн тизмесин ала аласыз.
Балдар үчүн YouTube.
Бул тиркемеге кирген бала балдарга тиешелүү гана маалыматтарды алып, оюндарды ойноп, видеолорду көрө алат.
УЮЛДУК ОПЕРАТОРЛОРДУН КЫЗМАТЫ
Уюлдук операторлордогу кызматтарды пайдаланыңыз. Мисалы, "Мегаком" уюлдук операторунда "Балдар үчүн интернет" атайын кызматы бар. «Балдар үчүн интернет» кызматы ата-энелерге өз балдарынын дүйнөлүк интернет түйүнүндөгү аракеттерин көзөмөлдөөгө жана шектүү мазмундагы интернет булактарына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеп, алардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууга шарт түзөт. Балаңыздын номерин бул кызматка каттап койсоңуз, ал "ак тизмедеги" сайттарга гана кире алат.
Мындан сырткары уюлдук байланыштардагы «Ата-эне көзөмөлү» кызматы. Бул кызмат балаңыздын акы төлөнүүчү «кыска» номурларга кайрылуу менен байланышкан күтүлбөгөн чыгымдардан коргойт жана башка мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт.
АНТИВИРУСТАР, БРАУЗЕРЛЕР
Смартфон, планшет, компьютериңизге "Ата-эненин көзөмөлү" бар браузерлерди, программаларды, тиркемелерди жана антивирустарды орнотуңуз.
Эгер үйүңүзгө интернет-провайдер киргизсеңиз, адистерге айтып "Ата-эненин көзөмөлү" кызматын коштуруп алыңыз.
2015-жылы июль айында Германиядагы AV-TEST лабораториясы Android системинде иштеген жабдыктардагы "Ата-эненин көзөмөлү" функциясын текшерип чыгышкан. Жыйынтыгында Norton Family программасы 98 пайыз маалыматтарды элегинен өткөрүп бере алган. Ал эми антивирустардын ичинен эң көп орнотулганы – Kaсперский жана Доктор Веб. iOS жана Android системинде иштеген жабдыктар, үй компьютерлери үчүн ыңгайлуу. Булардын жардамы менен чоңдорго арналган, баңгизаттары сатылган, зордук-зомбулук тууралуу маалыматтар жайгашкан сайттарга кирүүгө бөгөт коё аласыз. Мындан сырткары атайын балдар үчүн арналган браузерлер бар. Алардын ичинен эң көп жүктөлгөнү – Гогуль, KIDO`Z.
КООПСУЗ РЕЖИМ, КООПСУЗ ИЗДӨӨ
"Коопсуз режим" баскычы. Муну видеолор эң көп жүктөлгөн YouTube сайтында колдонсоңуз болот. Бул кызмат сизге керексиз маалыматтарды элегинен өткөрүп берет. Ал үчүн сайтка катталууңуз керек. Катталуу үчүн Google’да аккаунтуңуз болушу шарт. Сайтка кирген соң башкы баракчанын эң ылдый жагына түшүп, "Безопасность", "включить", "сохранить" баскычтарын басуу менен бул функцияны ишке киргизе аласыз.
"Коопсуз издөө". Баарыбыз эле интернетке кирип маалымат издейбиз. Сиз издей турган сөзүңүздүн баш тамгасын жазганда экранга бир нече сөз чыгат. Бала бул аркылуу да ага тиешелүү эмес сайттарга кирип кетиши мүмкүн. Андыктан "коопсуз издөө" функциясын ишке киргизиңиз. Ал үчүн "Настройки" бөлүгүнө кирип, "безопасный поиск" баскычын басып койсоңуз жетиштүү.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg