«Азия МIX" КВН командасында ысык-көлдүк Санжар аттуу жигиттин образын жараткан Эрмек Кененсаров биринчи жолу ата статусуна ээ болду. Эрмек мырзаны сүйүктүү жубайы Айганыш Урдалетова кырк жылкылуу кылып, кыз төрөп берип кубантты. Наристе 27-сентябрь күнү жарык дүйнөгө келгенин аталган команданын оюнчулары интернет аркылуу сүйүнчүлөшүп, жубайларды бакытка бөлөгөн ымыркайга бекем ден соолук, узун өмүр каалап жатышты. Эске салсак, түгөйлөр ушул жылдын 31-мартында расмий каттоого туруп, заманбап тоюн беришкен.