БАЛАҢЫЗДЫН ҮЙ ТАПШЫРМАСЫНА ЖАРДАМ БЕРЕСИЗБИ?

Окуучулук кез, айрыкча билим дүйнөсүнө жаңы аралаша баштаганда кызыктар көп болот. Мектептеги мугалимдин өткөн сабагын түшүнүп аш кыла электе үйдөн ата-энең "үй тапшырманы аткар" деп түн бир оокумга чейин уктатпай кыйнаганы эсиңерде болсо керек. Учурда таанымал инсандарыбыз балдарына үй тапшырмасын аткарууда кантип жардам беришет, чогуу күбө бололу.

Назира Кадыева, ди-джей, алып баруучу: "БАЛАНЫН АРТЫНАН ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ УРУША КЕТЕБИЗ"



Акмарал Искендерова, Бишкек шаарындагы №12-гимназияда 3-класста окуйт.
– Мага караганда балдар менен көбүнчө атасы алектенет. Кечинде үйгө келгенде атабызга "кызыңдын сабагын карап койчу" деп, өзүм тамак жасаганга киришем. Баары ынтымактуу эле башталат да, аягы ызы-чуу болуп кетет. Жолдошум орган кызматкери болгондуктан мүнөзү катаалыраак. Тапшырма аткартып жатып кызына орой сүйлөп койсо, "кыз кишиге жумшагыраак мамиле кылбайсыңбы, орой мүнөзүңдү жумушка таштап кел" деп мен баштайм. "Анда өзүң көзөмөлдөбөйсүңбү" деп мени урушуп калат.
Ар бир алган "5" деген баага атасы Акмаралды сабакка кызыктыруу үчүн 50 сом бермей болуп келишим түзүп алыптыр. Кудайга шүгүр, кызыбыз алдыңкы окуучулардын катарында. Азыр өз алдынча болуп, бизди мурдагыдай кыйнабай калды. Башынан эле атабыз тың, мен бошобой калганда балдардын кийимин үтүктөп кийгизип, чачын байлап анан мектепке алып барат.

Роза Шакирова, ырчы: "МЕКТЕПКЕ БАРАРГА ЖАРЫМ СААТ КАЛГАНДА ДАЯРДАНЫП БАШТАЙТ"



Руслан Нурсейитов, Бишкек шаарындагы №3-мектепте 2-класста окуйт.
– Менин баламда мектептен келип тапшырма аткаруу деген жок.Түштө окугандыктан таң атса сыртка ойногону чыгып кетет, сабак башталарга жарым саат калганда үйгө кирип "ыр жатташ керек, сабак жазыш керек" деп баарыбызды шаштырып калат. Ырды 10 мүнөттө жаттап салат да, арыдан-бери даярданып мектепке жөнөйт. Тапшырмаларына атасы да, мен да жардам бербейбиз, анткени экөөбүз тең балабызды уруша албайбыз. Жолдошум бала менен тапшырма аткарууга отурса, анын ою менен болуп альбомду толтуруп сүрөт тарта беришет. Эки күндүн биринде альбом сатып ала берип тажайсың. Ачуум келгенде "сүрөт тартып ойнобой атадай болуп балага сабак жаздырбайсыңбы" деп кыйкырам. Анда ал "кыйын болсоң сен даярда, сени эне дейт" деп кайра мени күнөөлөйт. Балам "5" алып келсе аябай сүйүнсөм, ал "апа, мен бир "5ке" сүйүнбөйм деле, элдер күнүгө 5 сабактан "5" алып жатпайбы" деп күлдүрөт.

Анжелика, ырчы: "КЫЗЫМДЫН ОКУП ТҮШҮНҮГҮН АЙТЫП БЕРҮҮСҮН УККАНГА ЧЫДАБАЙМ"



Айыма Көчөрова, "Себат" кыргыз-түрк лицейинде 3-класста окуйт.
– Айыманын бардык сабактарын жазышам, бир гана адабияттан окуп түшүнүгүн айтып берүүсүнө келгенде атасына жиберип коём. Анткени сөз таппай токтоп, ойлонуп туруп "мм" дей берсе чыдабай кетем. Анын үстүнө үй жумуштары менен алек болуп убактым тар. Кызым аябай дилгир, үйдөн кыргыз китептерин көп окутабыз. Чейректери жалаң "5" чыкса каалаганын алып беребиз деп кызыма сөз бергенбиз. Буюрса, кызым жакшы окуп, Түркияга чейин барып-келип бизди кубантып жатат.
Экинчи кызым Элима да даярдоо классында окуп калды. Ал болсо окуу мага керектей окуп жатканын милдет кылат. Оюнга кызыгып сабакка көңүл бурбай жатат, бирок баарын кыйратып салгандай өзүн кыйын сезет (күлүп). "Кызыңа айтпайсың же мени укпайт" деп атасына даттансам, "урушпа, ушул кызымдан бирдеме чыгат" деп аны колдоп, мени урушуп калат.

Айжамал Кабылова, ырчы: "ТАПШЫРМА АТКАРАБЫЗ ДЕП КЫЗЫМ ЭЛЕ ЭМЕС, МЕН ДА КЫЙНАЛЫП КЕТЕМ"



Жыпара Шакирова, Ош шаарындагы Ломоносов атындагы №3-гимназияда 1-класста окуйт.
– Жыпара Москвада орус тилдүү балдар бакчасына баргандыктан кызыма ыңгайлуу болсун деп орус тилдүү класска бердим. Бишкекте мектепке чейинки даярдоо классын окугандыктан дароо эле 2-класска киргизген элек. Кызым эле эмес, тапшырма жазышам деп өзүм кошо кыйналдым. Азыр окуу программасы биз окуган кезден кыйла оор экен. Кайра 1-класска которуп, жеңилирээк болуп, кызым экөөбүз жыргап эле калдык. Албетте, Жыпаранын тапшырмасын бүт өзүм көзөмөлдөп, мектепке алып барып-алып келем.
Кан тартат окшойт, атасынын үй-бүлөсү бардыгы так илимдерге жакын, кызым да математика сабагын жакшы окуп, мисалдарды оозеки эле чыгарып салат. Кээде тапшырма аткарып жатканда ачууга алдырып урушуп койгон учурларым болот. Андайда "апа, кичине чыдап тур, биз чоңойгондо сени багабыз" деп маанайымды көтөрүшөт.

Азыркы күндө баланы сабакка даярдоо апаларга гана жүктөлгөнбү, айтор, бир нече ырчы мырзаларга байланышканыбызда «баламдын үй тапшырмалары менен келинчегим алектенет» деген жоопторду уктук. Алардын бири Кубаныч Ажыбаев: "мен андай майда-чүйдө иштерге кийлигишпейм. Анын үстүнө той-концерттерде болуп бош убактым жок. Болгону балдарымдын мектепке алып барып-алып келүүчү шоопурумун", - деп күлдүрдү.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Aselina87
2016-10-10 13:28:36
Krem olturdun
+2
jurogumdosun
2016-10-10 13:52:42
Розанын баласы кулдуротго, Элимадан бир нерсе чыгарына мен да ишенем, Айжамалдын кызы эх тубун тушкур дуйно...
+3
umutai.86kg
2016-10-10 13:57:50
чын эле азыркы балдардын 70.80%ти кызыкбайт бизда уруш талаш менен окуп атабыз
+1
Kroxa
2016-10-10 15:45:56
Оздору окушат билбегенин сурашат эжесинен..ьирок каталарын карап текшерип койом уй тапшырмасын жаман деле окушпайт 4,5 алышат 3 кээде алып калса уулум 5 ке ондоп алып тил угат:-):-):-)
+2
Jasko.
2016-10-10 15:48:10
Биз,улуулар,сабагыбызды озубуз эле окучу элек,апам текшерет эле,азыр иним сабактан келип эле ойноп кетет,кеч келет дагы "Апааа,сабак аткарыш кереееек."-деп кыйкырып кирет уйго.Анан сабак окуганы отурушат.Бирок,эне-бала бизге билдирбей эле бутуп коюшат сабактарын.
0
nuris208
2016-10-10 15:59:43
Биз озубуз эле окучу эле бири бирибизге атаандашып. Жардам беришчи эмес, бирок козомолдоп коюшчу.
+1
Abubakir05
2016-10-10 19:28:39
Балдар биздин келечек.Кудага шугур менин балам да быйыл 1-класс озунун жашы 5жаш 6 ай болду сабагы 4-5.Ар Кимди максат тилегине жеткирсин Аллах.
+2
janka7
2016-10-10 23:24:06
Чон кызым жатып окуганына байланыштуу бир жумада бир келет.Бош убакыт болуп чогуу окуйбуз.Кичине кызым оюнкараак бир аз коктугу бар.Анан атасына азыртадан айтам,бул кызыбызды озун окут,мен кошо окуй албайм деп..
0
strangergirl
2016-10-11 11:16:55
иий баламдын чонойгонун элестетип кеттим... Эртерээк чонойсо...мектепке барса...
+1
Qnet
2016-10-11 15:10:53
Элима чындап эле ото кыйын кыз болуп чонойсо керек,аябай ширин кыз))
0
jazgul2017
2016-10-11 18:53:33
Уй тапшырманы аткарууда созсуз козомолдоо керек.
0
ainur78007
2016-10-12 02:57:06
Азыркы орус класстын программасына балдар эмес озум тушунбойм.Интернеттен даяр жоопторду таап аткарабыз.Жыл башында эле чарчадым))).Балдардан мурун мен кутуп жатам каникулы качан башталат экен деп
0
Bubu88
2016-10-14 01:18:20
Буларды окуп бир чети кубансам бир чети капаландым менин да балам быйыл 1- класска барды папасы алып барды а мен Москвада акча таап иштеп жүрөм ээй жашоо кандай кызык э
0
Apyyke
2016-10-16 09:59:28
Менин да жожом даярдоо курсунда окуп жатат азыркы тапта. Жаль что жарында эмесмин. 1-класска барганда жанында болом го буюрса...
0
Leylektik-77777
2016-10-17 08:42:01
Ээ айтпагыла ,менин баламда 1кл та башыда кыйналып арыктап кетти. Азыр анча жакшы.
0
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан