Чач таза жана кайраттуу болсо, ал сөзсүз түрдө жагымдуу көрүнөт. Туура эмес кам көрүүдөн улам чач өз сапатын жоготуп, түшө баштайт. Чачтын түшүү себептерин, ага кам көрүү тууралуу врач-косметолог Айсулуу Бабаева кеңеш берет.
ЧАЧТЫН ТҮШҮҮ СЕБЕПТЕРИ
Чачтын көп түшүшү ооругандан, анын ичинде жугуштуу, көпкө созулган өнөкөт оорулар, ошондой эле чач түбүндөгү май безинин функциясы бузулгандан болот.
Чачтын бузулушуна ачык тийген күн жана катуу суук да терс таасирин тийгизет. Ысыкта чач кургап сынат жана түшөт, ал эми төмөнкү температурада теринин үстүнкү кан тамырлары кысылып, чачка керектүү азык-заттын келиши азаят.
Мындан тышкары организмдеги микро-элементтердин төмөндөп кетишине да байланыштуу. Эгер чач түшө баштаса, демек, организмге темир жана B витаминдери, белок жетишпейт.
Айымдар кош бойлуу кезинде витаминдер жетишпей баштайт, ошол мезгилде чачтын түшүшү күчөйт. Ошондуктан бул учурда чочулоонун кажети жок.
Көп ачууланганда нерв системи бузулат. Мындай адамдардын чачынын түшүшү өнөкөткө айланып калат да, 13 күн ичинде чачы агарып баштайт.
Оорулардан башка ар түрдүү дарыларды колдонуу да себепчи болот. Мисалы, кан басымдын көтөрүлүшүнө каршы, бойго бүтүүдөн сактоочу жана ооруну басаңдатуучу дарылар.
Чачты бат-бат боёо, түзөө, кайруу, тармалдатуу, чач кургаткычты дайыма колдонуу – мунун баары чачтын көп өлчөмдө түшүп, жукарып, сапатынын начарлашына алып келет.
Алкоголь жана кофеинди көп колдонуу да чоң таасирин тийгизет.
ҮЙ ШАРТЫНДА ЧАЧТЫН ТҮШҮҮСҮН АЛДЫН АЛУУ
Жаңы жашылчалар, мөмө-жемиштер, ошонун ичинен С жана B витаминине бай жемиштер менен азыктануу кажет.
Тамактануу рационунда дан өсүмдүктөрдүн, буурчак (курамында В тобундагы витаминдер бар), эт, балык (андагы кычкыл белоктун сиңишине жардам берсе, белок чачтын кайраттуу болушуна жооп берет), күрүчтүн көп болушу шарт.
Чачтын түбүн бекемдөөчү каражаттарды, шампунь, бальзамдарды колдонуу керек.
Майдын жардамы менен чачты чыңдаса болот. Кастор, зайтун, кокос жана уйгак майлары чачтын чың болушун камсыздайт.
ДАРЫЛОО
Эгер бир суткада 50-100 тал чач түшсө, мунун коркунучу жок. Андан да көп түшүп баштаса, анда чара көрүү керек. Биринчи кезекте медициналык текшерүү жасаткан туура. Анткени ким кандай оору менен ооруп жатканын же кайсы микроэлементтердин жетишпегенин такташыбыз кажет. Жыйынтыкка жараша медициналык ыкмалар менен дарыланууну сунуштайбыз. Бизде дарылоо мезококтейль (курамында өсүмдүк, жаныбар майы, витаминдер бар) жана плазмолифтинг (дарылануучудан кан алынып, кайра өзүнө куюлат) аркылуу жүргүзүлөт. Мезококтейль керектүү микроэлементтер менен азыктандырса, плазмолифтинг терини жашартып, кан айланууну жөнгө салат. Мүмкүнчүлүк жок болсо, анда үй шартында элдик ыкмаларды колдонуп, чачтын түшүшүн көзөмөлгө алыңыз.
АТАЙЫН МАСКАЛАРЧалкандын кургатылганын алып, чай демдегендей эле демдеп, жакшылап тундуруп алып, башыңызды жууп бүткөндөн кийин ошол демделген чалкан менен башыңызды 2-3 сыйра чайкап коюңуз. Бул маска чачтын түшүшүнүн алдын алат.
2 аш кашык шампунь же бальзам, B1, B2, B3, B6, B12 витаминдеринен 1 ампула жана 1 чай кашык алоэ ширесин алабыз. Баарын жакшылап аралаштырып, даяр болгон маска менен башты жууш керек. B тобундагы витаминдер чачтын түбүн бекемдейт.
1 стакан ысытылган сырага төө жалбырактын тамырын кошуп демдейбиз. 2 сааттан кийин даяр болгон масканы чачтын түбүнө сүйкөйбүз. Кечинде жасап, эртең менен жууса, жакшы жыйынтык берет. Сырадан жасалган маска чачтын түшүшүнүн алдын алып, бекемдеп, көлөм берип, бат өстүрөт.
Кокос майын башыбызга сүйкөп, целлофан баштык кийип, жылуу оройбуз. Бул масканы кечинде жасап, эртең менен жууп салабыз. Кокос майы кургак жана бат сынган чачтар үчүн сунушталат.
2 чийки жумурткага 3 аш кашык жылытылган бал жана 1 аш кашык зайтун майын кошуп аралаштырабыз. 30 мүнөт кармагандан кийин таза жууйбуз. Бул маска нормалдуу типтеги чачтын түптөрүн бекемдейт.
Майлуу чачтар үчүн 200 грамм ысытылган сырага чалкан, шалфейден 1 аш кашык кошуп, 1 сааттан ашык демдейбиз. Чачка тегиз сүйкөп, башыбызды жоолук менен бекем байлап, түнү бою кармайбыз да, эртең менен жууп салабыз. Жумасына эки ирет колдонсо, чачтын майлуулугун азайтат.
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg