Чөнтөкчүлөрдүн курмандыгы болуп же башка себеп менен документтерин жоготуп алгандар арабызда көп эле кездешет. Ушундай окуяга кабылып, ичинде акча, документтери бар капчыгын жоготуп алганын, аны кайтарып алуу үчүн радиотүйүндүн кызматкерлери акча талап кылганын Руслан Бекбаев аттуу жаран социалдык тармактар аркылуу жазып чыкты.
ПАСПОРТ ҮЧҮН 500 СОМ, АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК ҮЧҮН 1000 СОМ
Руслан Бекбаев борбор калаадагы "Ош базарынан" капчыгын жоготуп алган. Капчыгы менен кошо паспорт жана айдоочулук күбөлүгү жоголгондуктан ал издеп жүрүп, ошол эле базардагы радиотүйүндөрдүн биринен тапкан. Ал жерде иштеген кызматкер "паспорт үчүн 500 сом, айдоочулук күбөлүк үчүн 1000 сом бересиң" деген. Ошондой эле ал төлөгөн акчасы үчүн дүмүрчөк бериле турганын да айткан. Ага документтерин сата тургандыгын, жаңы алса деле ушул акча кетерин айтышкан. Мындайды күтпөгөн Руслан Бекбаев социалдык тармакка жазып, бул окуя Бишкек шаарынын Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги радиотүйүндө болгонун, муну эл окуп чыгып жыйынтык чыгарууну өтүнгөн.
"ДҮМҮРЧӨК ЖАЗЫП БЕРБЕЙБИЗ"
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн "Ош базарына" бардык. Аты аталган жердеги радиотүйүнгө барганда сүрөттө көрсөтүлгөн паспорттордун бири жок. Терезелердин бардык жагында барактардагы жарыялар гана илинип туруптур. Ал жерде иштеген Нагима Ташматовага кайрылсак, буларды айтып берди:
– Бул жерде иштегениме 3 ай болду, биз 3 кыз кезектешип иштейбиз. Жеке башыма жооп берсем, мен акча талап кылган эмесмин жана мен иштеген убакта андай окуя болгон эмес. Мен келген жарнамаларды окуйм жана ар бир келген адамдарга колдон келген жардамымды берем. Билбейм, ким антип бизди жаманатты кылып жатканын, балким, жөн эле бирөө жазып койгондур. Мага ошол адамды алып келгиле, анан териштирип көрөлү. Бизде эч кандай дүмүрчөк деген нерсе жок, андайды жазып да берген эмеспиз. Витринага үч айдан бери паспорт койгон эмеспиз (ред. 2 күн мурун эле документтер тизилип турган деп ошол жерде соода кылгандар айтып жатышкан). Сүрөттү качан тартып алганын билбейм, балким, бир жыл мурункудур. Мен башка эч нерсе айтып бере албайм.
"СҮЙҮНЧҮСҮ БАР" ДЕП АЙТТЫРА БЕРИШЕТ"
"Ош базарындагы" дагы бир радиотүйүндө иштеген Гүлзада деген айым төмөнкүлөргө токтолду:
– Негизинен бизге документимди жоготуп алдым дегендер көп кайрылышат. Бирок бизде дүмүрчөк, ставка деген нерселер жок. Башкаларда болсо болгондур, менде жок. Эл да жаман көндүрүп коюшкан да, радиотүйүн аркылуу таап алгандарга "сүйүнчүсү бар" деп айттыра беришип, элдин кулагы ошого көнүп калган. Бизге көбүнчө документ таап алдым деп алып келишет. Кээ бирлери номерлерин беришип, "эгер ээси табылып калса берип коёсуздарбы" деп таштап кеткендер бар. Документтердин ээси келсе биз андан эч кандай акча талап кылбайбыз. Чай ичип койгула деп 200 сомдон 500 сомго чейин берип кеткендер бар.
Чөнтөкчүлөр милиция кызматкерлери менен бирге иштешет деп айтышат. Мен радиотүйүндө иштегениме 9 жыл болду, бул убакта андай окуя болгонун көргөн эмесмин. Милиция кызматкерлери радиотүйүндү текшерип турушат. Аларга документ уурдалды деген арыз түшкөн болсо, бизден карап, кээде документтерин жоготкон адамдарды ээрчитип келип, чогуу алып кетишет. Ал эми витринага койгонубуз туура деп эсептейм, биз ээлери документтерин таап алышса деген ой менен эле илип койгонбуз. Эми кимдир бирөө паспорт алып келе турган болсо мындан кийин албайм деп чечтим, антпесе жаманатты болот экенсиң.
"БАЛКИМ, АРАБЫЗДА ЧӨНТӨКЧҮЛӨР МЕНЕН ИШТЕШКЕНДЕР БОЛГОНДУР"
Мындай жоопторду уккан соң базардын ичиндеги бардык радиотүйүндөргө бардык. Баарында шыгырап тизилген паспорт же башка документтер жер жутуп кеткендей жок болуп чыкты. Алар документтерди алдырып салышканын, экинчи паспортторду албай турушканын айтып жатышты. Андан ары бул иш боюнча "Ош базарындагы" милиция бөлүмүнө кайрылганыбызда, атын жашыруун калтыргысы келген кызматкер төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бизге күнүгө көптөгөн адамдар арыз менен кайрылышат. Документ, буюм жоготуп алдым, уурдаттым дегендер көп. Документ жоголду деп арыз түшкөндө биз "Ош базардагы" бардык радиотүйүндөргө барып карап чыгабыз. Кээде бир күндө он чакты ирет кыдырабыз. Расмий документтердин мындай ар кайсы жерде жайылып жатышына эл өзү күнөөлүү. Документ таап алышса эле радиотүйүнгө алып барып беришет экен. Албетте, бул мыйзамсыз, эмне кылабыз анан эл ошого көнүп калышса? Негизинен милицияны жакшы көргөн киши жок, иштери түшсө ыйлап-сыктап жетип келишет, аягында эле биз күнөөлүү болуп калабыз баарына. Бизди чөнтөкчүлөр менен иштешет деп айтышат, балким, арабызда андайлар болгондур, бирок аны далилдеген бир да факт болгон эмес.
Жогорудагы окуя боюнча юрист Айнура Сыдыкова жооп берет:
– Жоголгон документти кайтарууда эч кимдин акча талап кылууга укугу жок. Бирок өзүңдүн каалооң менен ыраазычылык билдирүү максатында акча берүүгө болот. Табылган буюм же документтер мамлекеттик табылган буюмдар бюросуна тапшырылышы керек. Эгерде сизден сүйүнчү катары кимдир бирөө акча талап кылган болсо, анда милицияга кайрылыңыз.
Бул иш чуу болуп, радиотүйүндөрдө иштегендер да сүйлөшүп алгандай бирдей жооп берип жатышты. Суроо узатсаң жооптору эзели андай ишти кылбагандай, баарыныкы окшош болуп чыга келди. Бирок радиотүйүндөргө жок дегенде бир жолу иши түшүп барган адам да витринадагы шурудай тизилген документтерди көргөнүн танбайт. Ушунча көп документтердин баарын таап алгандар радиотүйүнгө алып келип таштап кеткенине да ишенбей кетесиң.
2 күн мурун эле ушинтип илинип турган документтер көздөн кайым болуп, ордуна башка жарнамалар илинип калган.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg