Күз келгенде той-аш көбөйөт эмеспи. Дасторкон маселесине келгенде эле кожойкелер дайыма "эмне жасайм?" деп баш оорутушат. Төмөндөгү азыктардан жасалган тамактар даамдуу жана дагы жеткиликтүү болгондуктан ар бир кожойкенин чөнтөгүнө туура келет.
ФРАНЦУЗЧА ЖАСАЛГАН ЭТ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Эттин калыңдыгын 2 миллиметрдей кылып чакан кесимдерге бөлүп туздап, мурчтап, 10 мүнөт тыныктырып коёсуз.
2. Картошканы аарчып, эттей жалпак бөлүктөргө бөлөсүз. Ичи майланган табага алгач картошканы, андан соң этти тизесиз.
3. Эми анын үстүнө жарым шакекче түрүндө тууралган пиязды тегиз себелеп чыгасыз.
4. Катмардын үстүнө кайрадан картошка тизген соң майонезди тегиз сүйкөп, соңунда сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелеп, туздап, мурчтайсыз.
Эскертүү: Этте дагы туз бар, андыктан көп кошуп алуудан абайлаңыз!
5. Француз этин 200 градустагы ысып турган электр мешине 40 мүнөт бышырасыз.
6. Французча бышырылган этти өзүңүз каалагандай бөлүктөргө бөлүп, дасторконго коё берсеңиз болот.
БИЛИП АЛ
КОЗУ КАРЫН ГУЛЯШЫ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Козу карынды жууп-тазалап ар бирин 4кө бөлүп, жалпак кылып туурайсыз.
2. Пиязды аарчып, жарым шакекче түрүндө туурайсыз. Сарымсакты болсо жанчып майдалайсыз.
3. Болгар калемпирин аарчып, узун ичке тилимдерге бөлөсүз.
4. Ысып турган көмөч казанга кезеги менен пиязды, сарымсакты салып жумшаргыча (2 мүнөттөй) кууруйсуз.
5. Эми булардын үстүнө козу карынды кошобуз да, 7-8 мүнөт улам аралаштырып бышырабыз.
6. Анан тууралган болгар калемпирин салып, 5 мүнөттөй кармайсыз.
7. Ширелүү болушу үчүн томат пастасын жана 1 аш кашык унду салып кууруп, үстүнө 1-2 стакан суу куюп жай отто 20 мүнөттөй кайнатасыз.
8. Бул гуляшты гарнири жок деле берсеңиз болот.
Эскертүү: Унду казанга салып жатканда тынымсыз аралаштырып туруу керек, антпесе ал тоголоктошуп калат.
БИЛИП АЛ
КАРАПАДАГЫ КАБАКЧА
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти анча чоң эмес бөлүктөргө бөлөсүз да, аны кызытылган майга жакшылап кууруп аласыз.
2. Эми картошка менен сабизди төрт чарчы кылып туураган соң аларды башка казанга көп аралаштырбай, кызаргыча кууруйсуз.
3. Азыктардын үстүнө жарым шакекче түрүндө тууралган пиязды салып, соолуганча кууруп, татымына жараша туз, мурч кошосуз. Эми муну карапага саласыз.
4. Сүргүчтөн өткөрүлгөн кабакчаны карападагы эттин үстүнө ныктап саласыз.
5. Андан кийин кабакчанын үстүнө кызарта куурулган картошка менен сабиз салынат.
6. Каймакка кара мурч, ашкөк жана бир аз суу кошуп аралаштырып, карапага жаба куясыз.
7. Карапанын оозун фольга менен ороп бекитип, 200 градустагы ысытылган электр мешине 25 мүнөт бышырасыз.
8. Андагы азыктар бышканда үстүнө сырды себелеп, оозун жаппастан 10 мүнөткө электр мешине саласыз. Тамагыңыз даяр!
БИЛИП АЛ
Жазгүл Кенжеева
kenesh@super.kg