Курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча жылдык отчётунда Борбор Азиядагы алтындын эң ири кенин иштетип жаткан батыш инвестору экологияны сактоого жана өнөр жай өндүрүшүнүн терс таасирин минималдаштырууга багытталган программалар, иш-чаралар жөнүндө кеңири баяндаган.
Курчап турган чөйрө жана борбордук карьердин айланасындагы мөңгүлөргө, кен аймагындагы чаңдоо даражасы жана жарып кетүү коркунучу бар Петров көлүнө, биоартүрдүүлүк жана радиация деңгээлине мониторинг – экологиялык коопсуздук маселелери боюнча цифралар жана илимий изилдөөлөр менен бекемделген бардык маалыматтарды "Кумтөр" компаниясынын 2015-жылга карата отчётунан табууга болот.
Өзгөчө кен аймагындагы мөңгүлөрдү сактоо Кыргызстанда эң көп талкууланган маселелердин арасында. Мөңгүлөр өндүрүштүн терс таасиринен улам азайып жаткандыгы жөнүндө кеңири тараган пикирге карабастан, окумуштуулар башканы далилдешүүдө: Кумтөр алтыны турган Ак-Шыйрак мөңгү массивинин аянты алтын кен иштеп баштаганда алда качан кичирейе баштаган.
2014-жылы канадалык компаниянын демилгеси аркылуу Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин адистери менен бирге мөңгүлөрдүн абалына баамдоо жана мониторинг жүргүзүүнүн узак мөөнөттүү көп жылдык программасы даярдалып, иштеп баштаган. Орусиялык эксперттер изилдөөлөрдүн алгачкы натыйжаларын ачыкташты. Мисалы, криолитология жана гляциология кафедрасынын башкы илимий кызматкери Дмитрий Петраковдун корутундусу боюнча, Давыдов мөңгүсүнөн борбордук карьерде тоо-кен иштеринин жүрүшүндө ташылган музду алып салуу Ак-Шыйрак мөңгүсүндөгү табигый эрип кетүүгө салыштырганда кыйла аз жоготуу болуп калууда. Акыркы он жылда тоо массиви глобалдык жылуулануудан улам өзүнүн муз көлөмүнүн 95 пайызын жоготкон. 5 пайызы гана ташып барып кошуна өрөөнгө жайгаштырылган бөлүгү. Медалдын экинчи тарабы да бар. Музду башка жакка которуу – карьерди каптап кетүү жана андан келип чыгуучу экологиялык жана финансылык кайгылуу кесепеттерден келип чыккан муктаждык.
«2015-жылы Давыдов мөңгүсүнөн болжол менен 10 миллион тонна муз алынып, ал башка мөңгү талааларына ташылган. Компания бош текти мөңгүлөргө жайгаштырбайт жана алардын чогуу жайгашуусуна жол бербестен, бош текти муздан ажыратат», - деп айтылат курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү жөнүндө отчётто.
Мөңгүлүү капталдардын чаңдалуусуна келсек, гляциологдор "Кумтөр" өндүрүшү мөңгүлөрдүн чагылдыруу жөндөмүнө (альбедо) да, эрип кетүүсүнө да дээрлик таасир этпейт, чаңдоо болсо жаратылыш факторлоруна көбүрөөк байланышкан деген тыянакка келишкен. Илимий изилдөөлөрдүн жүрүшүндө борбордук карьерден 1ден 50 чакырымга чейин аралыкта жайгашкан мөңгүлөрдө альбедонун мааниси өзгөрбөгөндүгү аныкталды, а бул карлуу чокулардын чаңдоосунда "Кумтөрдүн" ролу өтө аз экенин билдирет.
Инвестор 100 жылдай мурда Петров мөңгүсүнүн этегинде табигый жол менен жаралган окшош аталыштагы көлгө тыкан мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Табигый көлмөнүн жарып кетүү тобокелчилиги экологдорду кооптондуруп келет. Бул тобокелчиликти минималдаштыруу үчүн инвестор бир катар конкреттүү чараларды көрүүдө.
«Акыркы бир нече жылда компания морена дамбасынын сыпаттарын жана көлдүн мүмкүн болгон жарып кетүү тобокелдиктерин жакшылап түшүнүү үчүн окумуштуулар менен инженерлер тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз изилдөөлөрдү колдоого алды жана демилгеледи. Алардын натыйжалары боюнча, дамбанын кыймылына мониторинг жүргүзүлүүдө, көлдөгү суунун көлөмдүн жөнгө салынуучу төмөндөтүү башталды. Петров көлүнүн жарып кетүү мүмкүнчүлүгүн алдын ала билдирүүчү системи иштөөдө», - деп кабыл алынган чаралар жөнүндө компаниянын адистери билдиришет.
"Кумтөр" Петров көлүнөн сууну өндүрүштүк жана чарба-тиричилик муктаждыктары (керектөө алдында ичүүчү сууга колдонулуучу санитардык-гигиеналык нормативдерге ылайык тыкан тазаланат) үчүн пайдаланып жаткандыгы жалпыга белгилүү факт. Бирок суу колдонуу көлдүн жылдык орточо суу көлөмүнө олуттуу таасир этпейт.
«Жыл ичинде андагы суунун деңгээли табигый түрдө 2 метр чегинде ооп турат. 2015-жылы ал 5,76 миллион метр кубду түздү. Мындан компания 4,96 миллион метр куб тазаланган агын суу түрүндө кайтарды. Ошентип, дарыя агымына таза таасир этүү дээрлик нөлгө барабар».
Өзүнчө маселе – кен ишканасындагы абанын сапаты. Технологиялык трассада жана кендин өзүндө абада цианиддин, күкүрттүн, мышьяктын, никелдин, селендин, цинктин, урандын, радий-226нын жана стронций-90дун курамын аныктоо үчүн үлгү алгычтар орнотулган.
«2015-жылы абадагы майдаланган бөлүктөрдүн жалпы санынын концентрациясы Кыргызстандын өнөр жай аймактары үчүн суткалык чектен – 500 мкг/м3 төмөн болгон. Чыгаруулардын негизги үлүшү жардыруу иштерине жана текти ташуу жана жүктөө иштеринен улам органикалык эмес чыгарууларга туура келген. Бул таасирди төмөндөтүү үчүн кен ишканасында иш зоналары тоо-кен жана башка иштерди жүргүзүү учурунда нымдалат. Барскоон капчыгайы аркылуу өткөн технологиялык жолго да суу себилет. Анда да чаңдоонун деңгээлине туруктуу мониторинг жүргүзүлөт. Барскоон капчыгайында белгиленген норма болгон метр кубуна 100 микрограммдан ашуу катталган эмес. Аныкталган металлдардын арасында болсо адамдын ден соолугуна зыян келтирген жогорку курамда бирөөсү да табылган эмес», - деп айтылат документте.
Жалпысынан 2015-жылы экологиялык баалоого жана курчап турган чөйрөнү коргоого "Кумтөр" компаниясы 6,8 миллион доллар жумшаган, ага 26 экологдон турган бөлүмдү кармоого, кен ишканасындагы жана аймактагы суунун сапатына, абага, биоартүрдүүлүккө, топуракка, тунган катмарларга, радиациянын деңгээлине мониторинг үчүн, ошондой эле баалуу жер, финансы жана адам ресурстарын үнөмдөө үчүн калдыктарды өз-өзүнчө жыйноого жумшоолор кирет.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча отчёт коомчулукка www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.
Ибрагим Жусуев