Тилекке каршы, турмушта кардардын укугу бузулган учурлар өтө эле көп кездешет. Айтсак, банк же микрофинансылык мекемелер өз кардарларына туура эмес маалымат берип коюп, учурунда билинбегени менен убакыт өткөндөн кийин эки ортодо жаңжалдын чыгышына алып келиши мүмкүн. Ошондуктан финансы-кредиттик мекеменин ишине карата кардардын кайчы пикирлери болсо, кайда барып, кимге кайрылыш керектиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн башкы юристи Мирлан Майтпасов менен маектештик.
– Саламатсызбы? Эгерде банк менен көз караштар келишпей калса эмне кылуу керек?
– Саламатчылык! Кардар финансылык мекеменин кызмат көрсөтүүсүнө канааттанбай, өзүнүн укуктары бузулду деп эсептеп, ошол финансылык мекемеге кайрыла алат. Эгер жаран алар кабыл алган чечимге дагы макул болбосо, арызы менен Улуттук банкка кайрылса болот. Улуттук банкта атайын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча бөлүм түзүлгөн, анда тиешелүү адистер керектөөчүлөрдүн даттанууларын карап чыгат. Бул бөлүм "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби тууралуу" мыйзамдын жана ушул нормативдик укуктук актынын негизинде түзүлгөн ички тартиптин алкагында иштейт. Каалаган жаран Улуттук банкка арызы менен кайрылууга акысы бар. Ал үчүн Улуттук банктын Бишкек шаарындагы Үмөталиев көчөсү, 101 дареги боюнча келип, жазуу жүзүндө же оозеки кайрылса болот. Мындан сырткары
mail@nbkr.kg электрондук дарегине же 0312 61-52-78 телефону аркылуу аталган бөлүм менен байланышууга шарт түзүлгөн.
– Арыздарды карап чыгуу мөөнөтү канча убакытты талап кылат?
– Мыйзам боюнча, Улуттук банк 14 күндүн ичинде жооп берүүсү керек. Бирок кээ бир учурларда андан көп убакытка созулуп кетиши мүмкүн. Мисалы, чырмалышкан окуялар же кошумча иликтөө талап кылынган кезде 14 күн эмес, 1 айга чукул убакыт кетет. Ал эми арыз ээсинин өздүк маалыматы жок болуп калса (дареги, аты-жөнү) же орунсуз сөздөр менен коркутуу-үркүтүү түрүндө жазылган каттар жоопсуз калат.
– Улуттук банкка банктардын ишмердүүлүгүнө гана байланыштуу суроолор менен кайрылуу керекпи?
– Жок, Улуттук банктын көзөмөлүндөгү бардык финансылык мекемелер, анын катарында банктар, микрофинансылык уюмдар, акча алмаштыруу бюролоруна байланышкан бардык арыздарды кароого алабыз. Мисалы, жыл башынан сентябрь айына чейин биздин дарекке келип түшкөн 450 арызды карап чыгыптырбыз. Анын көпчүлүгү кыйын кырдаалга кабылгандыктан, карызды төлөө мөөнөтүн узартуу же жокко чыгарып берүү өтүнүчтөрү.
– Мындай оор кырдаалдан чыгуу үчүн керектөөчүлөргө Улуттук банк кандай жардам көрсөтө алат?
– Мыйзам боюнча, банк менен анын кардарынын ортосундагы карым-катнашка үчүнчү жактын кийлигишүүсүнө чек коюлат. Муну түшүнүү зарыл. Бирок кээде банктын керектөөчүсүнүн арызы менен жакшылап таанышып чыкканда Улуттук банктын талаптары бузулган учурлар кездешип калышы мүмкүн. Ушундай учурларда гана мыйзам бузган банкка карата чара көрүлүшү мүмкүн. Көбүнчө жазуу жүзүндө мүчүлүштүктү жокко чыгаруу талабы коюлат.
Бирок банк тарабынан тартип бузуулар өтө эле аз учурайт. Анткени акча, карызды өндүрүп алуу тууралуу маселе коюлганда финансылык мекемелердин юристтери бардык тарапты кылдат иликтеп, мыйзам нормаларынын бузулбашын көзөмөлдөйт. Себеби талаптар бузулган учурда анын кесепети өтө өкүнүчтүү болушу, айтсак, келишимди жокко чыгарууга чейин болушу мүмкүн.
– Демек, финансылык мекеме эч качан адашпайт жана мыйзам бузбайт экен да?
– Кээде кездешет андай учурлар. Мисалга, финансылык мекеме тараптан насыя алуучунун төлөп берүү мүмкүнчүлүгү кылдат иликтенбей калышы мүмкүн. Ошондуктан эң биринчи кезекте насыя берүүчү насыя алуучунун финансылык мүмкүнчүлүгүн ийне-жибине чейин карап чыгат да, андан кийин гана күрөөгө коюлуучу мүлктү кароого алат. Мунун өзү банктын ички коопсуздугунун негизи болуп саналат. Насыя боюнча адистер өзүнүн милдетин кээде так эмес аткарып коюшу да мүмкүн.
– Даттануулар көбүнчө коммерциялык банктарга багытталабы же микрофинансылык уюмдаргабы?
– Көбүнчө банктарга, анткени алардын кредиттик портфели бир кыйла чоң жана ушуга жараша насыя алуучулары дагы көп болот. Кредитти реструктуризациялоо же пролонгациялоо (төлөө мөөнөтүн узартуу) өтүнүчү менен арызды форс-мажордук абалга кептелген бизнесмен-ишкерлер эле жазышпайт, алардын катарында ипотека, керектөөчүлөрдүн насыясы жана башка насыянын түрү боюнча арыздануучулар бар.
– Улуттук банкка барып даттанууга кеч болуп калышы мүмкүнбү?
– Албетте, окуянын чоо-жайы териштирилип, соттун чечими кабыл алынып калган кезде Улуттук банкка доо арыз менен кайрылууга кеч болуп калат. Мындай учурларда биз бир гана түшүндүрүү иштерин жүргүзө алабыз.
– Насыя алуучуларга, дегеле финансылык-кредиттик мекеменин кардарларына кандай кеп-кеңеш же сунуш, пикирлериңизди берет элеңиз?
– Эгерде коммерциялык банктын же микрокредиттик мекеменин ишмердүүлүгүнө карата нааразычылык болсо, аны алгач жеринде талкуулап, эки тараптын катышуусунда чечип алган оң. Ал үчүн алгач тийиштүү арызды жазып, финансы-кредиттик мекеменин жетекчилигине кайрылуу сунушталат.
– Финансылык-кредиттик мекеменин керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартиби кандай?
– Буга чейин ар кайсы финансы-кредиттик мекеменин кардардын арызын кароо тартиби ар башкача болуп, финансылык-кредиттик мекемелердин кардарлардын арыздарын кароо боюнча кандайдыр бир бирдиктүү укуктук ченемдик акты жок болгондугуна байланыштуу, Улуттук банк тарабынан 2015-жылы "Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо иштелип чыгып, бекитилген.
Бул жободо Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын карап чыгуу боюнча ишине карата минималдуу талаптар белгиленген.
– Бул жобонун негизги талаптарын баяндап берсеңиз?
– Ар бир финансы-кредиттик мекеме кайрылууларды кароо жол-жобосун жогоруда аталган жобонун талаптарына ылайык иштеп чыгууга милдеттүү.
Керектөөчүлөрдүн бардык кат жүзүндөгү кайрылуулары алгач финансы-кредиттик мекеменин аткаруу органынын жетекчиси, башка ыйгарым укуктуу мүчөсү же анын филиалынын жетекчиси тарабынан каралат.
Кайрылууларда керектөөчүнүн аты-жөнү, дареги милдеттүү түрдө көрсөтүлүп, кыскача мазмуну камтылып, керектөөчү өзү кол коюусу керек. Аталгандар кайрылууда көрсөтүлбөсө, анда ал жашыруун кайрылуу катары таанылып, кароого алынбайт.
Финансы-кредиттик мекеменин аткаруу органынын жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу мүчөлөрү, ошондой эле анын филиалдарынын жетекчилери керектөөчүлөрдү өздөрүнүн расмий сайтында (болгон шартта) жана маалымат такталарында жайгаштырылган, бекитилген графикке ылайык жеке кабыл алууга милдеттүү.
Финансы-кредиттик мекеменин дарегине келип түшкөн кайрылуулар катталгандан кийин 10 жумуш күн ичинде кароого алынат. Эгерде келип түшкөн кайрылуу кошумча текшерүүнүн жүргүзүлүшүн же башка чаралардын көрүлүшүн талап кылса, финансы-кредиттик мекеменин аткаруу органынын жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу мүчөсү, филиалдын жетекчиси кароо алуу мөөнөтүн 20 күнгө узартышы мүмкүн жана бул тууралуу керектөөчүгө маалымдалууга тийиш.
Кат жүзүндөгү кайрылуунун жообуна финансы-кредиттик мекеменин аткаруу органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу мүчөлөрү же анын филиалынын жетекчиси кол коюп, кайрылууну канааттандыруу (толук же жарым-жартылай), канааттандыруудан баш тартуу боюнча так негиздеме же керектөөчүнүн укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берилүүгө, ошондой эле аткаруучунун аты-жөнү жана байланыш маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл болгон учурларда тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү жоопко кошо тиркелип берилет.
– Насыя алуучулардын көйгөйлөрү аймактарда кандайча чечилип жатат, анткени элет жерине көбүнчө көңүл бурулбай калчу эле?
– 2016-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча банктык жана банктык эмес финансылык мекемелердин карыз алуучуларынын көйгөйлөрүн чечүү, консультация берүү, документтерди, арыздарды кабыл алуунун шарттарын кароо боюнча жана насыяны кайтарууда кыйынчылыктар болуп, насыяны төлөөнүн башка шарттарын кароого муктаж болгон зайымчыларга көмөк көрсөтүү максатында өлкөнүн бардык региондорунда атайын комиссиялык жумушчу топтор түзүлгөн. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, облустук укук коргоо органдарынын, Улуттук банктын облустук түзүмдөрүнүн, шаардык мэриялардын, акимчиликтердин жана финансы-кредиттик мекемелердин өкүлдөрү кирген. Учурда комиссия жер-жерлерде тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Бул комиссия түзүлгөн убактан 1-сентябрга чейин эле аймактарда 900дөн ашык арыз кабыл алынган. Арыздардын кароосунун жыйынтыктары менен финансы-кредиттик мекемелерине берилген сунуштардын негизинде 120га жакын насыя боюнча кандайдыр бир жардам көрсөтүлүп, анын ичинде насыянын мөөнөтүн узартуу же болбосо кредитти реструктуризациялоосу каралган. Азыр да башка арыздар боюнча иштер кызуу жүрүп жатат, атайын комиссия облустук гана эмес, райондук администрациянын деңгээлинде дагы иш жүргүзө баштады.
Мындай кадам аркылуу Улуттук банк финансы-кредиттик мекемелер менен карыз алуучулардын ортосунда баарлашуу аянтчасын түзүү аракетин көрүп жатат. Комиссия түзүүнүн башкы максаты – анын мүчөлөрү жеринде карыз алуучулардын реалдуу көйгөйлөрү менен таанышып, алардын финансылык абалын баалап, иликтеп, көйгөйлөрүнүн чечилишине өбөлгө түзүү болуп саналат.
– Атайын комиссияга кайрылган тигил же бул жарандын чындап эле оор абалда экендиги аныкталса, анын көйгөйүнүн чечилишине кепилдик барбы?
– Бул жерден баса белгилеп кете турган нерсе, комиссия кардардын абалындагы өзгөчөлүктөрдү эске алып, тигил же бул банкка барып, кандайдыр бир талаптарды коюуга акысы жок. Комиссиянын чечими бир гана кеңеш берүүчү мүнөздө болот.
Ибрагим Жусуев