МАДРИДДИН ХАНЗААДАСЫ АНТУАН ГРИЗМАНН

Лионель Месси жана Криштиану Роналдунун көз жоосун алган оюндары башка футболчуларды көлөкөдө калтырып келет. Бирок арасынан суурулуп чыгып, мыктылыгын көрсөтүп жаткандар да жок эмес. Алардын сап башында "Евро-2016" чемпиондугунун мыкты футболчусу наамына татыган Антуан Гризманн турат.

Аты-жөнү
– Антуан Гризманн
Каймана аты – "Кичинекей ханзаада"
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 21-март
Туулган жери – Франция, Макон шаары
Бою – 174 сантиметр
Салмагы – 72 килограмм
Ойногон клубу – "Атлетико Мадрид"
Жетишкендиктери – Жаштар арасында Европа чемпиону (2010-жыл), Испания суперкубок ээси (2014-жыл), "Евро-2016" чемпиондугунун мыкты бомбардири (6 гол), "Мыкты оюнчусу".

ӨЗҮНҮН СӨЗДӨРҮНӨН...

– Бала кезимден "Лиондун" күйөрманымын. Жактырган футболчум Сонни Андерсон болчу.
– Дайыма жеңи узун футболка кийип жүргөнүмдүн себеби – Дэвид Бекхем. Футболкамдын артындагы "7" дагы ошондон.
– Испанияда жашоонун эң кыйыны – Маконго кайтып келүү. Келгенден кийин кеткиң келбей калат.
– Диего Симеоне "Атлетикодон" кетип калса, мен да клубдан кетүүмдү ойлонуштурам.
– Жүрөгүмдүн ээси Эрика Чоперена быйыл мени кыздуу кылды. Атын Миа койдук.

НЕДВЕДГЕ ОКШОШКУСУ КЕЛГЕН

"Бул кимдин сүрөтү?" деп атасынан сурады кичинекей сары, бетин сепкил баскан 10 жаштагы француз. Бөлмөнүн дубалында "Ювентус" футбол клубунун оюнчусу Павел Недведдин сүрөтү чапталып турган эле. "Келечекте менин дагы сүрөтүм ушундай болуп чапталса..." деген ой келди балага. Атасы Ален Гризманн Франциянын анча белгилүү эмес "Макон" футбол клубунун спорттук директору болчу, баласы да футбол дегенде жеген ашын жерге таштап коёр эле...
Гризманндын атасынын айтымында, уулу Недведге окшошом деп чачын узун өстүрүп алгандыктан теңтуштары тарабынан көп жолу шылдыңга кабылган. Ошондой болсо да көк бет Антуан узун чачынан эч айрылгысы келчү эмес. Недведди аздектөөнүн артында футболго болгон чоң сүйүү турганын Ален эбак байкаган.
Антуан 6 жашынан тарта атасынын "Макон" футбол командасында гол киргизүүчү "машинага" айланып, өз жергесинде бедели өсөт. Ален баласынын чеберлиги өссүн үчүн өлкөнүн мыкты делген футбол академияларына көргөзүүгө алып баргандан тажачу эмес. Кайсы жерге алып барбасын "балаңыздын чеберлиги мыкты, бирок абдан кичинекей" деп машыктыруучулар узатып коюшчу.

БАГЫН АЧКАН СОСЬЕДАД

Андай көргөзүүлөрдөн капаланып келгенде Антуанды апасы Изабелль дайыма "кичинекей ханзаадам, сен өзгөчө футболдук командада ойнойсуң" деп сооротуп калчу. "Жарабайсың" деген машыктыруучулардын сөздөрү көкөйгө тийген учурда Антуан күндөлүк жазып, сүрөт тартып кирчү.
14 жашка чейин "Макондо" тарбияланган Антуанды Испаниянын "Реал Сосьедад" (Сан-Себастьян) футбол клубунун Эрик Олатс аттуу скауту чакырат. Испанияда француз боюнан уялчу дагы эмес, анын топту алып жүрүүсү бул өлкөнүн футболуна төп келген. 18 жашынан тарта "Реал Сосьедаддын" негизги курама командасына кошулуп, жалпы 5 жыл ойнойт. Бул аралыкта ал команданын лидери, күйөрмандардын сүймөнчүгүнө айланат. Апасы айткандай, Антуан үчүн өзгөчө клуб табылгандай... Бирок алдыда дагы бир команда турган эле...

ЖЫЛДЫЗГА АЙЛАНУУ

2014-жылы "Атлетико Мадрид" командасы 30 миллион еврого француз футболчусун өз карамагына алат. Клубдун машыктыруучусу Диого Симеоне Гризманнды чабуулчу катары көрүп, гол жаратууга шыктандырат. Эми "Атлетико" Роналдунун "Реалы" жана Мессинин "Барселонасына" каршы татыктуу күрөш жүргүзөт. "Келечектеги "Алтын топ" ээси дал ушул Антуан" деп белгилейт Симеоне. Ооба, чындыгында "кичинекей ханзаада" азыр эле Лионель менен Криштианунун ордун талашып жаткан чагы. "Барселона" жана "Реалдагы" ордун эмес, футбол тактысындагы ордун.
Быйылкы жылы "Атлетико" Чемпиондор Лигасында чуу жаратып, бирок финалда "Реалга" утулуп калды. Ал оюнда пенальтиден гол жарата албай калганы дагы деле коркунучтуу түш болуп кирип жатканын Гризманн жашырбайт. Ал эми Европа чемпиондугунда өз өлкөсүнүн намысын коргоп, финалда Португалияга уттуруп жиберди. Финалдан соң "Быйылкы жылы "Алтын топ" үчүн күрөшүү аяктады" деп тим болгон.
Учурда Макон шаарында жаан тынбай жаап жатса дагы, көчө бойлорунда мотурайган балдардын футбол ойноп жатканын көрүүгө болот. Алардын кийген футболкаларынын артында Гризманн деген жазуу турса, үйлөрүндө анын сүрөтү чапталып турары шексиз...

Сүйүктүүсү менен.


"Евро-2016нын" жарым финалында Гризманн Мюллер баштаган Германияга эки гол киргизген.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aduk_aksuu
2016-10-10 16:17:53
Бул баланын келечеги алдында
+3
aytkulova
2016-10-11 21:47:47
Аябай жагат мага ушул бала)). Евро-2016 финалда утулуп калганда, Гризманндан отуп ыйлагыдай болгом. Келечектеги "Алтын топтун" ээси)).
+2
eka3994
2016-10-13 01:14:56
Мыкты оюнчу чын эле келечеги бар
0
Dante
2017-02-03 22:22:29
Кулук ат кийин чап кетет
0
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан