Адамдар кайсы жанрдагы тасма көрүүнү маанайына жараша тандашат. Коркунучтуу тасмаларды адреналинди сүйгөн, ал эми комедияны шайыр, оптимист адамдар жакшы көрүшөт экен. Ал эми чарчаганда эс алууну, тынчтыкты сүйгөн адамдар мелодраманы тандашат. Кадимки жай турмушту сүрөттөгөн англиялыктардын "Сени менен жолукканга чейин" тасмасына көпчүлүк "Жылдын эң романтикалуу фильми" деп баа беришүүдө.
Жанры – Драма, мелодрама
Режиссёру – Теа Шэррок
Сценарийди жазгандар – Барт Гавиган, Хью Хадсон, Брандо Квилиси
Башкы ролдордо – Эмилия Кларк, Сэм Клафлин, Женна Коулман, Чарльз Дэнс, Мэттью Льюис жана башкалар
Тасманын узактыгы – 1 саат 50 мүнөт
Тарткан өлкөлөр – АКШ, Англия
Бюджети – 20 миллион доллар
Сатыктан түшкөн каражат – 206 миллион доллардан ашуун
Бет ачары – 3-июнь, 2016-жыл (АКШда)
СҮЙҮҮ БААРЫН ЖЕҢБЕЙТ...
Луиза Кларк – карапайым үй-бүлөнүн кызы. Үй-бүлөсү жакыр жашаганына байланыштуу ал акча табуу үчүн колго тийген жумушту кылууга даяр. Кезинде тоок багып, сулуулук салонунда, кафеде официант болуп иштеген. Иштеген кафеси жабылып, жумушсуз отурган күндөрдүн биринде Луизаны хан сарайда жашаган үй-бүлө майып баласын карап берүүгө жумушка чакырат. Ата-энесине каржы жагынан жардам берүү үчүн ал ойлонбой макул болот.
Ак сөөктөрдүн баласы Уильям Трейнор автокырсыктан улам майып болуп, моюнуна чейин кыймылсыз абалда калган. Колу менен тамак жей албайт. Уильям кырсыкка чейин спортто активдүү, кыздардын көзүн күйдүргөн бойдок жигит эле. Ал майып болгондон кийин жашабай, жөн гана күн кечирип калган. Ата-энесинин макулдугу менен дарыгерлердин колунан кыйноосуз бул дүйнө менен коштошууну тилек кылып жаткан кези болчу. Уильямдын жанында шайыр, эпсиз, обу жок көп сүйлөгөн, табитсиз кийинген Луиза пайда болгондон баштап анын жашоосу түркүн түстүү боёкторго боёлуп, кызыктуу боло баштайт. Анткени Луиза анын өлүмгө даярданып жатканын билчү. Майып жумуш берүүчүсүнүн жашоого болгон кызыгуусун күчөтүп, аман алып калгысы келген. Жигити болгонуна карабай чунак кыз Уильямды сүйүп калат. Тилекке каршы, ортодо жанган сезимдерин таштап майып жигит өлүмдү тандайт. Ал эми Луиза сүйүктүүсүнүн тандоосуна баш ийип, акыркы көз ирмемдерине чейин анын жанында болот.
"1+1" ТАСМАСЫНЫН КӨЧҮРМӨСҮБҮ?
Көпчүлүк киносынчылар тасманын сюжеттик линиясы француздардын "1+1" тасмасына окшош, болгону француздар эки мырзанын достугун, ал эми англиялыктар эки жаштын сүйүүсүн сүрөттөшкөн дешүүдө. Ооба, чынында эки тасмада тең окуя майып адамдардын тегерегинде жүрөт. Француздардыкы бактылуу аяктаса, англиялыктар тасманын соңун трагедия менен бүтүрүшөт. Кино сүйүүчүлөр эки тасманы салыштырып "эмнеге майыптыкты достук жеңет, ал эми сүйүү жеңбейт?" деп ачууланышкан. Балким, англиялыктар француз кесиптештеринен фильмдин аягын кайгылуу бүтүрүп өзгөчөлөнгүсү келгендир.
МАЙЫП АДАМДАРДЫ НААРАЗЫ КЫЛГАН
"Сени менен жолукканга чейин" тасмасы журналист Жожо Мойестин 2012-жылы жарыкка чыккан "Сени менен жолукканга чейин" китебинин негизинде тартылган. Кызыгы, китебин окугандар тасмада кээ бир каармандар кошулбай калганын айтышат. Анан тасмада да, китепте да майып адамдарды өз жанын кыюуга үгүттөө бар деген сындарга кабылган. Уильямдын кунарсыз күндөрдөн тажап өлүмгө моюн сунганын көпчүлүк "кино жаратуучулар майыптарды маданияттуу жол менен өлүмгө түртүүдө" деп айыпташты.
Китептеги версиясында Уильям дубалда оркоюп чыгып турган мыкка арабасы менен алдыга-артка жылып сайылып каза болот. Анткени моюнунан ылдыйкы бөлүгү иштебегендиктен дары ичип же кан тамырын кесип жанын кыя алмак эмес. Автордун мындай мыкаачылык жол менен өлүмдү ойлоп тапканын көбү жактырышкан эмес.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Лунара Бекиева
star@super.kg