МОДАДА
Винклпикер – бул башы өтө учтуулугу менен айырмаланган бут кийим. Челси бут кийиминин "бир тууганы" деп койсок да жарашат. Винклпикерлер 1960-жылдарда рок-н-ролл менен "ооруган" жаштар арасында алмашкыс атрибутка айланган. 1980-жылдары модадан калган бут кийимге күтүлбөгөн жерден эми кайрадан талап жогору боло баштады. Мындай формадагы бут кийимдер мырзалардын гардеробуна караганда айымдардыкында көбүрөөк кездешет.
АШКАНАДА Фреш – жалгыз же бир нече мөмө-жемиш, жашылчалардан жасалган шире. Англис тилинен которгондо "накта, жаңы" деп түшүндүрүлөт. Бул ширени шире сыккычтын жардамы менен ар ким табитине жараша каалаган мөмө-жемиш менен айкалыштырып жасап алса болот. "Фреш барларда" фрештин түрлөрүн, смузи, коктейлдерди сатып алып ичсеңиз болот.
САЯКАТТАХостел – англис тилинен келип чыккан сөз. Бул "жатакана" же "европа мейманканасы" деп түшүндүрүлөт. Хостелдин бир номерине 2-10 туристке чейин жайгашат. Баасына жараша ал жерде сейф, тумбочка, стол сыяктуу буюмдар болот. Бул мекеменин кардарлары көп учурда студенттер менен спортчулар. Хостелдин тарыхы ХХ кылымдын башына келип такалат. Ширманн аттуу мугалим окуучуларын шаар четине саякатка алып чыгып, кеч киргенде түнөгөнгө жай таппай калышкан. Кийинки саякат учурунда Ширманн бир нече баланы батырууга мүмкүн болгон атайын бөлмөнү ойлоп тапкан.
Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg