ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК КЫЗГА НИКЕ КЫЙГАН МОЛДО ЖООПКО ТАРТЫЛАТ

Жашы жете элек кыздарга үйлөнүүгө тыюу салган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 5-октябрда колдоо тапты. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова демилгелеген долбоорго ылайык, жашы жете элек кыз менен үйлөнгөн жигит (эрезеге жеткен болсо), нике кыйган молдо, диний каада жасаткан тараптын ата-энеси же аларды алмаштырган адамдар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Салянова өз сөзүндө азыркы учурда төрөттөн улам өспүрүм кыздардын өлүмү көбөйүп кеткенин, бирок эч кимдин жазага тартылбай жатканы бул мыйзамды демилгелеп чыгууга себеп болгонун айтты.
Мыйзам долбоору колдоо тапкан соң Аида Салянова интернет баракчасы аркылуу кыздардын келечегине кайдигер карабаган бардык жарандарга ыраазычылык билдирди: "Кыздардын жаркын келечеги үчүн маанилүү чечим болду жана колдооңуздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдиремин!"
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдөгү турмушка чыккан кыздардын 15 пайызы 18 жашка жете электер. Анын ичинен 1 пайызы 15 жашка жете электер. Евразиядагы 35 мамлекеттин арасынан 15-18 жашта турмушка чыккан кыздар боюнча Кыргыз өлкөсү 5-орунду ээлейт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан