Темир Сариев, экс-премьер-министр: "2020-ЖЫЛГА ЧЕЙИН КОНСТИТУЦИЯГА ТИЙБЕЙ ТУРСАК ЖАКШЫ БОЛМОК"

Сентябрь айынын акыркы күнү мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев журналисттер менен жолугушуп, суроолорго жооп берип агынан жарылды. Биз баарлашуунун урунттуу учурларына токтолобуз.

"ЖОЛ БИЗГЕ КЕРЕК БОЛЧУ"

– Өкмөт башчылыктан кеткенден кийин көпкө чейин унчукпай жүрдүм. Көп жылдан бери саясатка аралашып жүргөн адам келип эле кызматы жок калган убакта унчукпай отуруп калышы оор. Кийинчерээк бир нече орчундуу маселелер чыкты, ошол боюнча ойлорумду билдирдим. Биринчиси – жол салуу чечими. Мен бүгүн да өкмөт башчы болуп калсам, ошол эле чечимди, ошондой эле тездик менен, чечкиндүүлүк менен кабыл алмакмын. Анткени жол бизге керек болчу. Быйыл 40 чакырымы салынат, эмдиги жылы толугу менен бүтөт.
Жол салуу бул туура иш болчу.

"КОНСТИТУЦИЯГА КАРАП ӨЗГӨРБӨЙ, ӨЗҮБҮЗГӨ КАРАП КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТКҮБҮЗ КЕЛЕТ"

– Экинчиси – Конституция боюнча. Бүгүнкү күндө баш мыйзамдын айланасында чоң талкуу жана саясий күчтөрдүн чоң тиреши болуп жатат. Биз акыркы 10-11 жылдын ичинде төңкөрүш кылуунун лимитин бүтүрдүк. Революция кайсы бир деңгээлде алдыга жылуу, прогресс, бирок ошол эле маалда регресс экени да түшүнүктүү.
Эң негизгиси ишеним кетип калат. Конституция боюнча бир аз чыдап, 2020-жылга чейин тийбей турсак жакшы болмок. Себеби элдин ишеними пайда болмок. Бизде бир жаман адат бар, Конституцияга карап өзгөрбөй, өзүбүзгө карап Конституцияны өзгөрткүбүз келип кетет. Өзгөртүү демилгесин президент Алмазбек Атамбаев көтөрдү деп айтылып жатат, бирок юридикалык жактан алганда Конституцияны өзгөртүүнү 4 фракция башчылары кол коюп колдоп жатат. Эгерде эртең териштирүү болуп калса, жоопкерчилик ошол 4 лидерге түшөт.

"ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО ДАЯРДАНЫП ЖАТАМ"

– Президенттик шайлоого даярдык болуп жатат. Болуш керек. Анткени биз багытыбызды, өмүрүбүздү саясатка арнадык. Азыр 53 жаштамын. Мүмкүнчүлүк бар. Эмдиги жылкы шайлоо абдан орчундуу болот. Саясатчылардын көбү даярданып жатышат. Алардын арасында мен да бармын. Мен да даярданып жатам.

"ИТ КҮЛҮГҮН ТҮЛКҮ СҮЙБӨЙТ"

– Өкмөт башчылыктан кетишиме президенттик аппараттын да тиешеси бар. Мен отставкага кетер алдында Фарид Ниязов менен жолуктум. Анын "Темир Аргенбаевич, сиз кеткенден кийин элдин "ушундай жакшы иштеп жаткан адамды эмнеге кетирдиңер?" деген суроосуна жооп берүү маселе болот" деп айтканы эсимде. Биздин иштеп жатканыбызды көрүп жатышкан. Азыр да жер-жерлерде калк менен жолугушканда "жакшы иштеп жаткансыз" деген алкоо сөздөрдү угам. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт да...

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан