Көчмөн кыргыз калкы өзүнүн каада-салтын, улуттук баалуулуктарын бекем сактап келген эл. Бүгүн биз заман талабына жараша толукталып, ылайык келбегендерден арылып отуруп ушул күнгө чейин сакталган салттарыбыз тууралуу кеп козгоону чечтик. Кенен иликтөө жүргүзүүгө белгилүү тарыхчы, этнографтар жардамга келишти.
"ЖАР-ЖАР" АЙТУУ УНУТУЛУП, ТОЙ МЕНДЕЛЬСОНДУН МУЗЫКАСЫНДА ӨТҮП КАЛГАН"
Октябрь Капалбаев, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф:
– Мурун көчмөн кыргыз калкында жарчылар деген түшүнүк болгон. Жарчылар көбүнчө төкмө акындардан турган. Алар жар айтып элди тойго чакырып, үйлөнгөн эки жашты мактап-алкап турушкан. Жар айткан төкмө акынга той ээси ат мингизип, колуна комуз карматып, үстүнө тон жаап, тебетей кийгизген. Ал кезде аял кишинин жар айтканы уят болчу. Тойлордун баарын эркек адамдар башкарган. Ошол кездеги жарчылык кызматты азыркы күндө биздин тамадалар аткарып жатышат.
"Жар-жар" айтуу – бул элди тойго чакыруу гана. Ал эми жаңы келген келинди боз үйгө алып кирип, кайын журтуна көрсөтүп көрүндүк алган кызмат кыздын жеңелерине жүктөлгөн. Бирок мунун баары шаан-шөкөтсүз өткөн. Ал эми азыр жеңелердин да, төкмө акындардын да милдетин бир эле "Жар-жар" айткан ырчы эжекелерибиз аткарып калбадыбы. "Жар-жар" ыры кадимки сүйүү тууралуу ыр болбошу керек. "Жар-жар" ырында эки жаштын башын кошкон, акыл-насаат айтылган сөздөр камтылышы зарыл. Учурда ырчы айымдардын айтып жатканына каршы эмесмин, болгону ырдап жаткан ырынын сөзү "Жар-жар" ырын айтууга ылайыктуу болсо дегеним.
"Көч бара-бара түзөлөт" дейт. Мына, 70 жылдык тарыхыбызда башка өлкөнүн кучагында жашап көп эле салттарыбыз унутулуп калды. Ошолор жанданып, айрым каадаларыбыз азыркы заманга ылайыкташып толукталып жатканына сүйүнүшүбүз керек. Биз "Жар-жарды" унутуп, Мендельсондун "Үлпөт маршынын" коштоосунда тойго кирип калган учур деле болгон.
"ЖИГИТ ДА, КЫЗ ДА ӨЗ КАЙЫНДАРЫНА ГАНА ЖҮГҮНҮШҮ КЕРЕК"
– Жүгүнүүнүн тарыхы тээ "Манас" эпосуна барып такалат. Негизи биз "Манас" эпосун чоң этнографиялык тарыхый булак катары пайдалансак болот. Эпосто Кайыптын кызы Карабөрк мергенчи болгон. Манас кыргыздын жерлерин бошотуп баарын талкалап жатканда Карабөрк жаа менен атып Бакайды жарадар кылып коёт. Бакай да ал убакта жаш экен, аты менен буйтап кетип жебе санына тийиптир. Кийин Манас баарын багынтып баатыр болгондо Акбалта "хан баланын бойдок жүргөнү уят" деп, 15 жашында Карабөрккө никелейт. Карабөрк ошондо Бакайдан уялып каччу экен. Келиндин кайнагадан качып калганы ошондон калган. Кээде качканга мүмкүн болбой калганда жүгүнүп өтчү экен. "Ага, мени кечирип коюңуз" деп кечке айта бербейт да. Ошондон баштап келиндер кайнагаларына жүгүнүп калган дешет. Бүгүнкү күндө ысык-көлдүк туугандар бул салтты дагы деле өзгөртүүсүз сактап келишет. 90го чыккан кемпир деле жеңелерине, кайнагаларына күндө жүгүнөт. Биз көп салттарыбызды бузуп алдык, азыр тойдо эки жашты баарына алып кирип эле катарынан жүгүнтүп коюшат, жок, андай болбойт. Кыз барып өз кайын журтуна, жигит өзүнүкүнө жүгүнүшү керек. Мен баламды үйлөнтүп жатсам, ал мага эмнеге жүгүнүшү керек?!
Мындан сырткары:
Унутулуп бараткан салттарыбыз көп, мисалы, учурда кинодонбу, көчөдөнбү, башына жоолук байланган мырзаларды көрүп калабыз. Ал эми салт боюнча мырзалар бойдок кезинде "өзүмө колукту издеп жүрөм" деген белги менен жоолук байлашкан. Бул нерсе алардын сыпайы ишараты, орусча айтканда, "намёк" катары эсептелинген.
Кызга сөйкө салуу салтында да айрым учурда келинине сөйкөнү кайненеси салып коёт. Салт боюнча үйлөнө турган жигиттин жеңеси сөйкө салып, кайненеси жоолук салышы керек.
Тамак-аш маданиятына байланышкан боорсок бышыруу салты болгон. Кыргызда боорсок жакшылыкта, анан жамандыкта жасалып, экөөндө эки башка формада бышырылган. Жамандыкка жасалган боорсок төрт бурчтук формасында болгон. Бул өлгөн адам өлдү, төрт тарабы кыбыла, түбөлүк жашоого кетти деген маанини түшүндүрөт. Ал эми жакшылыкка ромб формасында, кыйгачынан кесилип жасалган. Ромб – көбөйүү деген маанини түшүндүрөт.
«Супердин» сурак бурчу
КААДА-САЛТТЫН ЗАМАНГА ЖАРАША ӨЗГӨРҮП ТУРУШУН КОЛДОЙСУЗБУ?
Ширин Сарыгулова, манасчы:
– Салт коомго ылайыктуу болуш керек.Андыктан заман талабы менен кошумчалап, толуктап турсак ашыкча болбойт. Бирок түп орду менен алмаштырып, өзгөртүүгө макул эмесмин. Түпкү тегибизди, кайдан келип чыкканыбызды, ата-бабаларыбыз туу туткан баалуулуктарды унутпай жүрсөк.
Шааникан Апазакова, үй кожойкеси:
– Салт – бул жашообузду кайсы бир эрежелер менен тартипке салып турган күч. Замандын өзгөрүшү менен өзгөртө берсек, анын түпкү тамыры алыстап жок болуп кетиши мүмкүн. Өзүбүз каалагандай өзгөртө бергенге каршымын. Аны сактап калуу улуттан көз каранды, биз канчалык өз баалуулуктарыбызга бекем турсак, ошончо жакшы.
Сагынбек Маматов, жумушчу:
– Демократия келгенден бери каада-салт, ырым-жырым деген түшүнүктөрдү сыртка чыгарып салып жатат. Өз улутунун салт-санаасын билбей туруп урпактарыбыз кантип өсөт?! Ошондуктан мен каадаларыбыздын өзгөрбөшүн каалайт элем. Урпактарга ата-бабалардан калган салт-санааны өткөрүп берүүчүлөр бизбиз. Дүйнөдө салт эмес, бүтүндөй улут жок болуп кетип жатпайбы.
Ырыс Окенова, режиссёр:
– Каада-салтыбыздын өзгөрүүсүнө каршымын. Кыргызды жок кылгысы келгендер салтыбызга кол салышууда. Аны өзгөртүп душмандарга оңой мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Мисалы, кытайлык кыргыздар салтты ушундай бекем кармашкандыктан, кыздарын дунган, уйгурга күйөөгө такыр беришпейт экен. Биз деле ошолордой бекем турсак эмнеге болбосун?!
Аблабек Асанканов, тарых илимдеринин доктору, профессор:
– Каада-салттын эволюциялык жол менен өзгөрүшүнө каршы болбошубуз керек. 19-кылымдагы кыргыздардын салты менен жашасак, анда эт, беш бармак жеп эле отура беришибиз керек. Коом өнүккөн жерде сөзсүз салт-санаа да өзгөрөт. Ата-энеге болгон сый-урмат сыяктуу салттарыбыз бар, булар түбөлүктүү, өзгөрбөс салтка кирет.
Гүлзат Байзакова, ырчы:
– Салт – муундан муунга, укумдан тукумга өтүп сакталып келген маданий мурастын элементи. Ал сөзсүз кайталанат. Кайталанбаган жосун салт болуп эсептелбейт. Бирок кайталангандын бардыгы эле салт эмес. Ал – каада. Каада заманга жараша салттын чегинде өзгөрүп турат.
Лунара Бекиева
koom@super.kg