5-октябрь күнү социалдык тармактарда "Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу зарыл. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Таланттуу кесиптешибизди сактап калууга көңүл кош эмес жарандардын баарын жардам берүүгө чакырабыз. 25-октябрь күнү Кыргыз драма театрында концерт жана марафон уюштурулат. Жардам берели" деген билдирүү тарады. Актёр менен байланышканыбызда, ден соолугу жакшыра баштаганын, дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатканын кабарлады. "Кудайга шүгүр, азыр жакшымын. Операцияны оорунун эң акыркы стадиясында жасашат экен. Мени андайга жеткирбей дарылап жатышат", - дейт Азиз Мурадиллаев. Ал эми актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева: "Ал жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деп билдирди.
Актёрго жардам берүүнү каалагандар үчүн эсеп ачылды.
ЖАК "Демир Кыргыз Интернэшнл" банк
Филиал "ДКИБ-ГЛАВНЫЙ"
BIC: 118005 SWIFT: DEMIKG22
Анара Сыдыгалиева. Клиенттин номери: 56499
Эсеп номерлери: 1180000025305688 (сом менен),
1180000078867674 (доллар менен),
1180000078867775 (евро менен),
1180000078867876 (рубль менен).