Таланттуу актёрлордун бири Камчы Сарыбаев 2-октябрь күнү борбор калаада жентек той берди. "Эки уулумдан кийин кыздуу болгонума эмдигиче жетине албай жүрөм" деген актёр той тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Гүлнара Тойгонбаеванын "Асылзат" аттуу ырын угуп, кыздуу болсом атын Асылзат коём дечүмүн. Кудай тилегимди орундатып, кыздуу болуп аталган ысымды кызыма ыйгардым. Тойго досторумду, кесиптештеримди, туугандарымды чакырдым. Гүлнара Тойгонбаева жогоруда аталган ырын кызым үчүн ырдап, тойду ачып берди. Ал эми бул жакшылыгыбызды башкаруу тизгинин Назира Жетигеновага ыйгардык. 12 өкүл балам бар. Алар той өзгөчө болсун деп шоколаддан фонтан жасашыптыр. Бир досум аны стаканга куюп ичип жатканын көрүп өкүл балдарымдын бирөөсү "байке, жүрөгүңүз айланбадыбы? Бул шоколадга алма, бананды малып жейт" десе, досум уялган боюнча сыртка чыга качты. Тойдо ушундай кызыктар менен катар таарынычтар да болду. Тааныштарымдан "Мени эмне үчүн чакырбадың? Эл катарында чакырып койсоң болмок" деген капачылыктарды угуп жатам.