SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.
29-сентябрь:
БАШ МЫЙЗАМ ТИРҮҮЛӨЙ КӨМҮЛГӨНҮ КАЛДЫЖогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган документтердин топтомуна кирген "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Коалициялык көпчүлүктүн лидери жана "Кыргызстан" фракциясынын башчысы Канатбек Исаев суроолорго жооп берди. Депутат Аида Салянованын "Конституциянын кайсы беренесинин негизинде өзгөртүү киргизүү демилгеленди?" деген суроосуна ал бир катар беренелерди атады, бирок Салянова аталган беренелердин мааниси таптакыр башка экенин айтып, Исаевди Конституцияны жакшылап окуп чыгууга чакырды. Депутат Чолпон Жакупова "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык комитетинде 1-окууда каралып жатканда 4 эле мүчө добуш бергенин айтып, мындан улам палатанын кароосуна чыгарылбашы керектигин билдирди. Бирок КСДПнын өкүлү, спикер Чыныбай Турсунбеков "долбоор күн тартибине киргизилгени үчүн карап жатабыз" деп кутулду. Кечээ да аталган комитеттин төрайымы Асел Кодуранова ушул сөздү айткан. Депутат Каныбек Иманалиев азыркы Баш мыйзам тарыхый 3 миссияны ийгиликтүү аткарганын айтып, "дагы 5 жыл өмүрү бар Конституцияны биз бүгүн эле көмүп салдык" деди. Ошентип кызуу талкуу жүрүшүндө көп суроолор жоопсуз калып, айрым депутаттардын долбоордун маңызын түшүнбөй калганына жана котормодогу катачылыкка карабай Жогорку Кеңеш аталган долбоорду 1-окууда жактырды. Эгер бул документ калган эки окуудан өтүп, президент ага кол койсо, 4-декабрда референдум өтмөкчү. Референдумга 317 миллион сом жумшалары айтылды...
30-сентябрь:
АТАМБАЕВГЕ КАРШЫ КОМАНДА ТЕМИР САРИЕВ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫПремьер-министрликтен кеткенден кийин дайынсыз жүргөн Темир Сариев коомчулукка чыкты. Ал ММК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, түрдүү суроолорго жооп берди. Журналисттердин көбүн Сариевдин 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышары же катышпасы кызыктырды. "Саясатчылардын баары шайлоого даярданып жатышат, алардын катарында мен да бармын. Саясатта көрүнүп калдык. Багытыбызды, өмүрүбүздү саясатка арнадык. Мен 2000-жылы парламентке бизнестен келдим эле, ошондон бери активдүү саясатта жүрөм. Жашым 53тө, дагы 10-15 жыл саясатта жүргөнгө мүмкүнчүлүгүм бар" деди ал. Президенттикке ат салышуу дымагы бар делген саясатчылар азырынча шайлоого катышарын ачык айтыша элек. Экс-премьер президенттик жарышка камынып жатканын ачык айтты. Албетте, Сариевден Конституцияны өзгөртүү аракетине карата оюн сурагандар болду. Анын ою боюнча, башкы юридикалык документти 2020-жылга чейин өзгөртпөө зарыл жана өзгөртүүлөрдү сунуштаган бүгүнкү авторлор – Жогорку Кеңештин 4 фракциясынын лидерлери келечекте жоопко тартылышы мүмкүн. "Бизде жаман адат бар: өзүбүздү өзгөртүүнүн ордуна Конституцияны өзүбүзгө ылайыктап өзгөртө баштайбыз. Келечекте териштирүү жүрүп калса, төрт фракциянын лидерлери жоопко тартылышы керек", - деди Сариев. Ошентип азыркы бийликке дагы бир ыңгайсыз оппонент жанданды. "Текебаев менин премьер-министрликтен эмне себептен кеткенимдин бир четин гана айтып берди" деген жообу анын айтчу сөзү көп экенинен кабар берет...
3-октябрь:
КЫТАЙ КААЛАСА ТОКТОГУЛ ГЭСИН, КААЛАСА "ЖЕР-ҮЙДҮ" АЛЫП КОЁБУ?
Кыргыздын мамлекеттик карызы соңку жылдары кескин өсүп кетти. Эл аралык валюта фондунун өкүлү Эдвард Жемайэлдин билдиришинче, 2014-жылы өлкөнүн карызы ички дүң продукцияга карата 43-44 пайызды түзсө, бүгүнкү күндө 70 пайызга жеткени калды. Фонддун өкүлү Каржы министрлиги бул көрсөткүчтү 60 пайыз деп азайтып айтып жатканын билдирди. Ошентип мамлекеттик карызы боюнча Кыргыз Республикасы кооптуу чекке жетип калды. Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманованын айтымында, мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 72 миллион долларды түзөт. Башкача айтканда, ар бир кыргызстандык жарандын, анын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайдын да, эңкейген карынын да моюнунда 687 доллардан карызы бар. Андыктан ашыкча чыгашага алып келген долбоорлорго ар бир жаран көңүл бөлүп, салык төлөөчүлөрдөн чогулган акча, сырттан карызга келип жаткан акча эмне иштерге коротулганы жатканын тескеп турууга акылуу. Мисалы, жакында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз: "Оюндардагы көрсөтүүлөрдү койгон режиссёрго эле 150 миллион сом берилген", - деди. Бул иш-чарага коротулган чыгымдын бир уучу гана. Эмне үчүн кыргыз бийлиги Көчмөндөр оюндары сыяктуу долбоорлорду кийинки убакытка калтыра туруп, приоритеттүү долбоорлорду каржылабайт? Жакында бийликтин демилгеси менен Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлгөнү жатат. Каржы министрлиги 317 миллион сом чыгымдаларын билдирди. Эмне үчүн бул ишти 2020-жылга чейин калтыра туруп, 317 миллион сомду азыр зарыл болуп турган экономиканы көтөрүүгө жумшабайбыз? Бюджеттин тартыштыгы, тышкы карыздар мына ушуга окшогон мамлекет башындагы кайсы бир саясий күчтөрдүн жеке кызыкчылыгынан улам келип чыгат.
Эми карыз берүүчү тараптын койгон шарттарына келсек... Тышкы карыздын үчтөн бири – жолдорду курууга алынган кредиттер. Бул багытта Кыргыз мамлекетинин эң ири кредитору Кытай. Азыр Кытайдын "Эксимбанк" банкы берген карыздын көлөмү 1 миллиард 444 миллион доллар. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын айтымында, Кытай карызды Кыргыз өлкөсүнө сотто суверендүү иммунитетинен баш тартуу шарты менен берген. Жөнөкөй тил менен айтканда, Кыргыз мамлекети мүлктүн кол тийбестигинен баш тарткан. "Биз кайсы бир соттук иштерде күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн өзүбүз баш тартып, керектүү деген мүлктү Кытайга карматып коёбузбу?" - деп суроо салды Аида Исмаилова. Кытай менен келишимдер кийинки бийликтердин, кийинки муундун баш оорусуна айланары анык. Эртең Кытайдын карызын Кыргыз өлкөсү төлөй албай калса, анда коңшу өлкө кааласа Токтогул ГЭСин, кааласа алтын жана күмүш кендүү Ала-Тоону, "Жер-Үй", "Сандык" өңдүү кендерин алып коёбу?..
4-октябрь:
АТАМБАЕВ ТОЙ ӨТКӨРҮП ДАҢК АЛДЫ, КАРЫЗДЫ ТӨЛӨӨ – КИЙИНКИЛЕРДИН БАШ ООРУСУII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайсы акчага өткөрүлөт, кайсы булактардан каржыланат? Мамлекет жетекчилигине бул суроолор активдүү берилип келген. Мамлекет башчы, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы оюндар демөөрчүлөр тарабынан каржылана тургандыгын айтып келишкен. Андыктан Каржы министрлигинин "Прецедент юридикалык компаниясына" берген жообу бүгүн жарандык активисттердин жапырт нааразычылыгын жаратты. Министрлик II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланганын, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду кайра курууга эле
1 миллиард 584 миллион сом коротулганын билдирди. Мындан тышкары иш-чараны уюштурууга 249 миллион сом сарпталган. Министрликтин маалыматы боюнча 1 миллиард 833 миллион сомдун баары бюджеттен бөлүнгөн. Эл аралык валюта фонду Кыргыз мамлекетинин карызынын суммасы соңку 2 жылда кескин өсүп, 4 миллиард
72 миллион долларга жетип, улуттук дүң өндүрүштүн 70 пайызына жеткени калганын, мамлекеттик карыз боюнча өлкө кооптуу чекке барып калганын эскертүүдө. Өкмөт өткөн аптадагы жыйынында каржылай албайбыз деп бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартты. Мына ушундай тартыштыкта жашап жатып 6 күндө миллиарддаган сомду чачкан оюн-зоокту өткөрүү зарылчылыгы бар беле? Бул акча бюджеттин эсебинен бөлүнүптүр, элдин эсебинен мындай оюн-зооктор өткөрүлүшүнө коомчулуктун макулдугун сураштыбы? Сураган эч ким болгон жок. Тескерисинче, ар бир 2 жыл сайын бул оюндар Кыргыз мамлекетинде өткөрүлүп турары жарыяланды. Президенттик аппарат бул жарыяны кубанычтуу кабар катары көрсөтүүгө аракет кылып, атүгүл Сапар Исаков КТРКда түз эфир аркылуу "мындай чечим менен бүткүл кыргызстандыктарды куттуктайм" деген. Оюндарды жалаң Кыргыз мамлекетинде өткөрүү кубана турган эмес, аргасыз чечим болгондой. Башка өлкөлөр мындай ысырапкорчулукка жол бергиси келбеген соң "өзүбүз өткөрөбүз" деген чечим келип чыккан өңдөнөт. Бир жагдай көзгө дароо урунат: тышкы карыздарды төлөө кийинки бийликтердин баш оорусу болот. Ал эми учурдагы бийликке "укмуш шоу өткөрдү" деген даңаза калат. Элдин жашоосунда, экономикада көзгө байкаларлык жылыштар болбой жатканда мындай даңаза бийликке аба менен суудай зарыл...
5-октябрь:
ДЕПУТАТТАРГА МУГАЛИМДИН АЗ АЙЛЫГЫ ЭМЕС, ЖУПУНУ КИЙИМИ КӨРҮНҮҮДӨ
Мугалимдер күнүнө карата депутаттан сюрприз... Бийликтеги КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабекованын парламентте сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн сынына кабылды. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында Мусабекова мугалимдердин билим деңгээлине, кийинүүсүнө сын айтты. "Мурун мугалимдер кандай эле? Азыр мектепке барсаң, мугалимдер чабан менен саанчыларга окшош. Аларды туура кийинүүгө үйрөтүш керек. Окуучулар урматтабай калды деп даттанышат, биринчи өздөрүнөн башташсын", - деди депутат.
Мугалимдердин кийими – алардын айлык маянасынын деңгээлинин көрсөткүчү. Жарыбаган айлыкка иштеп жүргөн мугалимдерден стилдүү кийинүүнү талап кылардан мурун, депутаттар алардын айлыгын көтөрүүнү сунушташса жакшы болор эле. Жаш мугалимдердин айлыгы бүгүн 6-7 миң сомдун тегерегинде экенин жакында парламентте Каржы министрлигинин өкүлү билдирди. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, мугалимдердин орточо айлыгы 9 миң сом. Өлкөдө кымбатчылык, алган айлыгына мугалимдер үй-бүлөсүн багабы же депутаттардын көңүлүнө толорлук кийим сатып алышабы? Депутаттар мугалимдердин айлыгы качан көтөрүлөрүн сурашты эле, өкмөт өкүлдөрү так жооп бере алышкан жок. Демек, жакынкы жылдары мектепте иштегендердин эмгек акысында өсүш болушу күмөн. Ал эми бийликте отургандар олуттуу каршылыктарга, "шаштырган муктаждык жок" деген эскертүүлөргө карабай Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө 317 миллион сом жумшоону көздөп турат. Бул акча референдум өткөрүүгө кызыкдар тараптардын жеке чөнтөгүнөн эмес, эл төккөн салыктын эсебинен жумшалат. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов "Жер-Үй" кени боюнча сатыктан түшкөн
100 миллион доллардын эсебинен курулат делген мектептердин 60 пайызынын курулушу токтоп турганын, анткени 100 миллион доллар II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атада ипподром курууга жана бюджеттин башка тешиктерин бүтөөгө жумшалып кеткенин айтып чыкты.
Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы кескин өсүп кеткенин айтып жатышы – мамлекеттин акчасын үнөмдүү пайдалануу чакырыгы. Мугалимдерге шарт түзүүгө, балдардын сапаттуу билим алуусуна дегенде казына бош, бирок 6 күндүк оюн-зоокто мектеп курууга каралган миллиондор чачылып кеткени кызык. Бул балдардын сапаттуу билим алууга болгон мүмкүнчүлүгүнө кол салуу эмеспи? Депутат Мусабекова парламентте ушуну да айтып койсо жарашат...