Алмамбет Шыкмаматов: "БУЛ БАЯГЫ ЭЛЕ "МАТРЁШКА-ГЕЙТТИН" ЭКИНЧИ СЕРИЯСЫ"

"Вечерний Бишкек" гезитинин сайты 5-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова Максим Бакиев менен "Мегаком" компаниясынан үлүш алып турушат деп макала жарыялады. Макалада экс-депутат Өмүрбек Абдырахмановдун "Өмүрбек Текебаев орусиялык "Мегафон" компаниясына "Мегакомду" алып берем деп 1 миллион доллар алган" деп айтканы негизги далил катары келтирилген.
Бул макала тууралуу Алмамбет Шыкмаматов: – "Вечерний Бишкек" басылмасына чыккан маалымат карандай калп. Биринчиден, "Мегаком" компаниясы 2010-жылы эле 100 пайыз улутташтырылып, мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Ушул жылдан тарта аталган компаниянын акциялары 100 пайыз мамлекеттин менчигинде жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аркылуу башкарылат.
Бул Фарид Ниязовдун жана ал көзөмөлдөгөн "Вечерний Бишкектин" эч нерсе таппай айласы кетип калгандагы кербези. Мына, Текебаевдин 3 бөлмөлүү батирин, 6 жылдан бери бүтпөй турган жер үйүн, партиянын кеңсесин көрсөтүштү. Мындан майнап чыкпай калганда ушул жомокту ойлоп табышты. Эгер биздин "Мегакомдо" үлүшүбүз болгондо эбак эле соттолуп, атылып кетмекпиз. Бул Фарид Ниязовдун акылга сыйбаган өтө пас интригасы. Бул баягы Өмүрбек Текебаевди каматабыз деген "матрёшка-гейттин" эле экинчи сериясы болуп калды.
Мен бүгүн 6-октябрда УКМКнын төрагасын, башкы прокурорду, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасын чакырып "Мегаком" боюнча угалы десек добуш бербей коюшту. Тескерисинче булар кызыкдар болуш керек эле да, - деп билдирди.
Ал эми 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова "Мегаком" компаниясына байланыштуу өкмөттүн маалыматын угууга чакырды. "Бүгүн бийликке сын айтып жаткан үч депутатты каралоо ким тарабынан уюштурулуп жатканы түшүнүктүү, айдан ачык эле. Калптын чеги болот да? Буга чейин депутаттар Мээрбек Мискенбаев,Осмонбек Артыкбаев аталган маселе боюнча комиссия түзүүнү суранышкан. Мен дагы териштирүүнү талап кылам. Өкмөттү чакырып, суроолорубузду берели. "Текебаев, Салянова, Шыкмаматов "Мегакомдун" айланасындагы жаңжалдар менен тыгыз байланышта" деп жалган жазган адамдан толук маалымат алсак. Мен башкы прокурор болуп турганымда "Мегакомдун" 51 пайызын мамлекетке өткөрүү боюнча эмгегим чоң. Мен мактанбайм, бирок муну айтууга туура келди", - деди депутат. Бул окуяга байланыштуу "Ата-Мекен" фракциясы "Вечерний Бишкек" гезитинин сайтын сотко берери маалым болду.

Мирлан Өмүралиев,
Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан