АЗИМЖАН АСКАРОВДУН ИШИ КАЙРА КАРАЛА БАШТАДЫ

4-октябрда Чүй облустук сотунда этностор аралык жаңжалды козуткан жана ошол Июнь окуясында милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду ырайымсыз өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров боюнча ишти кайра кароо башталды. Эске салсак, аталган укук коргоочунун укугу бузулгандыгын, аны калыбына келтирүү сунушун БУУнун адам укуктары боюнча комитети ушул жылдын апрель айында жиберген. Ошол сунуштан улам июль айында Жогорку Сот 2010-жылы чыккан Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн, 2011-жылы чыккан Жогорку Соттун токтомун жокко чыгарып, кылмыш ишин Чүй облустук сотуна жаңыдан кароого жөнөткөн. Бул сот процесси бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинде курал катары колдонулууда. Бирок серепчилер Баш мыйзамды өзгөртүүгө бул себеп жүйөөсүз, маселе бийликти кармап калуу аракетинде дешет.
Азимжан Аскаровдун соттук иши 11-октябрда улантылат.

Мирлан Өмүралиев,
Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан