БИЙЛИК ЭЛДИН АКЧАСЫН ҮНӨМДӨӨНҮ КАЧАН ҮЙРӨНӨТ?

Конституциялык палата 4-октябрда кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн тендер жарыялап, палатанын төрагасынын орун басарынын автоунаасы үчүн 1 миллион 308 миң сом, кызматтык жеңил автоунаа үчүн 960 миң сом бөлгөнү жатат. Мамлекеттик сатып алуулардын порталында жарыяланган тендердин шарттарына конституциялык палатанын төрагасынын орун басарына алынчу автоунаага Mercedes E-class үлгүсүндөгү машина төп келет. Дагы бир тендер талкууга алынууда. Мамлекеттик бажы кызматкерлеринин кесиптик майрамы үчүн швейцариялык кол сааттарды 648 миң сомго сатып алуу боюнча тендер жарыяланды. Жогорку Кеңештин 12 эшигин реставрациялоо үчүн бюджеттен 500 миң сомго чукул акча жумшала тургандыгы тууралуу да мамлекеттик сатып алуулар порталы 6-октябрда жазып чыкты.
Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы соңку жылдары кескин өсүп, кооптуу чекке жеткени калды. Бюджеттин тартыштыгы тууралуу ар бир өкмөттүк жыйында айтылат. Бирок иш жүзүнө келгенде чыгашаларды азайтуунун ордуна жогорудагы тендерлерге окшоп салык төлөөчүлөрдүн каражаты ысырапкорчулук менен пайдаланып жатканы көрүнөт. Элдин акчасын туура пайдаланууну качан үйрөнүшөт?

Мирлан Өмүралиев,
Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан