Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп КЫЯНБЕК САТЫБАЛДИЕВ дайындалды. Ал 2015-жылы КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген.
Быйыл өлкөдө 80 МЕКТЕП курулушу керек эле, бирок 20 мектеп гана пайдаланууга берилген. Мындай маалыматты Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган "Жылдын МЫКТЫ МУГАЛИМИ" сыйлыгын Лейлек районунан Бегайым Бегалиева жеңип алды.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жетектеген кыргыз делегациясы 1-октябрда Өзбекстандын чакыруусу менен АНЖИЯН шаарына барып, эки тараптуу кызматташтык боюнча документтерге кол койду.
УЛУУ ПАМИРДЕ жашаган кыргыздарга 3-октябрда жардам жөнөтүлдү. Миграция кызматынын маалыматына караганда, 8 жүк ташуучу автоунаага кийим-кече, ун, жана 50 боз үй салынган.
МАС АБАЛЫНДА автоунаа айдаганы үчүн айдоочуну өмүр бою айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталып жатат. Мындай мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.
Алматы шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан Казакстандан ИНТЕРНЕТТИ мурдагы баа менен алмай болду. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков билдирди. Эске салсак, август айында Казакстан интернетти ташып жеткирүү баасын 3 эсеге чейин кымбаттаткан болчу.
Мамлекет бир окуучунун тамактануусуна күнүнө 7 сом, алыскы райондордогу окуучуларга 10 сом бөлөт. ЫСЫК ТАМАК өлкөнүн 788 мектебинде бар. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Ибраимжановдун айтымында, аткаминерлерди ЖУМА НАМАЗДАН кийин дүйшөмбүгө чейин иш ордунан табуу мүмкүн эмес.
Кыргыз мамлекети БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ боюнча Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинде эң жогорку орунду ээледи. Мындай жыйынтыкты "Чек арасыз репортёрлор" эл аралык уюму жарыялады.
Бишкек шаардык мэриясынын билдиришинче, абанын температурасы 8 градустан төмөн болсо гана мөөнөтүнөн мурда шаарга ЖЫЛЫТУУ бериле баштайт. Адатта 1-ноябрдан 31-мартка чейин жылуулук берилип келген.
2012-жылы ачылган өлкөдөгү 50 КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРЛОРУНУН 20сы жабылган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.