Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу: "КАЙЫН ЖУРТКА БАРГАНДА "КВНЧИЛЕР КЕЛДИ. КҮЛӨБҮЗ, ЖЫРГАЙБЫЗ" ДЕШЕТ ЭКЕН. ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢ МОСТОЙГОН КҮЙӨӨ БАЛДАРБЫЗ"

Комедия тартуу өтө оор дешет. Мына ушул кыйын жанрдын үстүндө алектенип, элге күлкү тартуулап келе жаткан жаштардын сап башында Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу бар. Эске салсак, тамашоучу, актёр бул жигиттер "Сүйүктүүмдүн каарманы", "Бир тууганчик", "Напарниктер" тасмаларынын сценарийин жазышкан. Эми күйөрмандары бул эки жигит өздөрү режиссёрлук кылган тасмаларды көрө башташат.

– Быйылкы жыл деле сапарын карытуу алдында турат. Бул жыл эмнеси менен эсте калчудай?

Бакыт:
– Бул жыл Жеңиш экөөбүзгө тең жемиштүү жылдардан болду. Жыл башында Руслан Акундун "Апамды издей", өзүбүз режиссёрлук кылган "План Б" фильмине сценарий жаздык.
Жеңиш: – Мен "План Б" тасмасын тартууда өтө "авторитет" адам болдум. Анткени Бакыт режиссёр катары актёрлорду "мындай ойно" деп кагып-силксе, мен экинчи режиссёрмун да, Бакыт камера алдында болгондо мен аны "бул жерин мындай кыл" деп башкарып коюп жаттым. Башка актёрлор "оо, бул такыр эле кыйын экен" деп мен жакты карап калышат.

– Комедия тартыш оңойбу?

Б.:
– Жеңиш экөөбүз 100 тамаша жазсак, бул жаман, бул анча эмес деп отуруп 99ун жаратпай коёбуз, ушунчалык оор иш десем болот. Эркекти кыз кылып кийинтип азыр элди күлдүрө албайсың.
Ж.: – Эгер драма жаатындагы тасма жакпай калса, эл аягына чейин чыдап көрө берет. Комедияда биринчи тамашаң эле жакпай калса, көрөрман экинчисине "эк, бул күлдүрө албайт экен" дегендей мамиле кылат. Ошондуктан комедия башынан аягына чейин күлкүлүү болсо өтүмдүү болот.

– Киного сценарийди кантип жазасыңар?

Ж.:
– Кээ күндөрү сценарий жазабыз деп чогулабыз, бирок идея жок жөн эле тамак жеп, компьютерден ар кандай оюндарды ойноп отуруп түн бир оокумда үйгө барабыз. Ошентип, эргүү жок жүрүп айрым сценарийлер жылдап жазылат. 1-тема тандалат, анан ага карата тамашалар жазылат.

– Экөөңөр көптөн бери чогуу жүрөсүңөр, бири-бириңден тажаган учур болобу?

Ж.:
– Көп болот. Андай нерсе болбосо анда ишибиздин токтогону. Мен кээде оюмду катуу-катуу айтып алып качып кетем.
Б.: – Кимибиз эмне айтпайлы ооба дей берсек, анда туура эмес жакка кетип баратабыз деп билебиз.

– Көчөдөн таанып калгандарга кандай мамиле кыласыңар?

Ж.:
– Сахнада, кинодо тамашакөй жигиттин образын жаратканым менен, жашоодо оор басырыктуу, олуттуу адаммын. Көчөдөн таанып калып, жакшы эле жалжаңдайын дегендей кылган учурлар болот. Бирок менин олуттуу экенимди көрүп, дароо тыйылып калышат.

– Бакыт, Жеңиштин сага жакпаган сапаты барбы?

Б.:
– Биринчи жаккан сапатынан баштайынчы, Жеңиш ак көңүл, эч кимге жамандык кылгысы келбеген, өтө таланттуу адам. Мен жараткан образды көп эле актёрлор жаратышы мүмкүн, бирок Жеңиш ойногон ролду көпчүлүк ойной албайт. Эми бул сапат эмес келбет, Жеңиштин менден узундугу жакпайт. Анан да өтө жоопкерчиликсиз жигит, дайыма кечигет. Азыр жакшы, келинчеги мен тарапта, аяшыма телефон чалам да "кечикпесин, азыр жибер" дейм.

Ж.: – Мен деле айтып калайын. Бакыт кыйын психолог, бардыгына так, бирок өтө өзүмчүл. Өзүмчүлдүгү үй-бүлөсүнө жакшы го, жанында жүргөн мага окшогондорго кыйын эле. Өзү тамак жеп жүрө берет. Машинам бузулуп калса, мени жеткирбейт. Жеткирип койчу десең да болбойт, "тур, түш" деп эле жолдун ортосунан түшүрүп салат.

– Азыркы муундун аталары кандай болду экен?

Б.:
– Өзүмдү идеалдуу ата деп эсептебейм. Азыр убактымдын көп бөлүгү кино тартууга кетип жатат. Бирок балдарымды аябай жакшы көрөм. Кээде баланы анча-мынча какыс-кукус кылып туруш керек экенин акылым менен түшүнсөм да колум көтөрүлбөйт. Анын үстүнө апам мени эч качан сабачу эмес, бирок эжелерим сабачу.
Ж.: – Буюрса, жакында ата болсом, мен үлгү алчу аталардын бири Бакыт. Чет өлкөгө чыкканда сөзсүз балдарына кийим алат. Баланын кийимин көрсөтүп "мобу кандай экен?" деп сурагандан тажабайт. "Сага кичинекей" деп тамашалап коём.

– Кыздар эркектерди ыйлабайт деп ойлойбуз. Кошуласыңарбы?

Б.:
– Баланын ооруганы ата-эне үчүн өтө оор нерсе экен. Өткөндө балам катуу ооруп калды, жүрөгүм сыгылып укмуштай жаман болдум, келинчегиме көргөзбөй ыйлап да алдым.
Ж.: – Ыйлаганда ичтеги бук чыгып жеңилдеп каласың. Бирок мен эч эле жеңилдей албайм. Болгону көзүм жашылданат.

– Күлкү жаратуучулар кайын журтта кандай күйөө бала?

Б.:
– Кайын журтка барганда "оо, Бакыт келди. Азыр күлдүрөт, жыргайбыз, бийлейбиз" деп ойлошот экен. Каяктан, менден ашыкча сөз чыкпайт. Суроолорго жооп бергенди эле билген күйөө баламын.
Ж.: – Менин азыр үч бажам бар. Төрт күйөө баланын ичинен момурайып, мостойгону эле менмин. Берки үчөө укмуш сүйлөшөт. Алардын жанында КВНчи болуп туруп сүйлөй албаганыма уялып кетем.

Жеңиш: "Үйлөнгөндөн кийин Нурайым биздин үй-бүлөгө бат эле көнүп, ата-энеме менден жакын болуп алды".


Бакыт: "Келинчегим менден кыйын тамашалайт. Мени кээде юмор менен "жеп" коёт".


Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бакыт&Жеңиш: “Кайын журттун ичинде жоошпуз”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
tima_88
2016-10-10 16:32:47
Urmattuu Super info tumar radiosunda isntegen LEYLA rahimova jonundo jazgylachy. Kutom.
0
altynka95
2016-10-10 17:19:30
Сага кичинекей" дегени жакты)))
+6
altynka95
2016-10-10 17:20:02
Бакыттын оройлугу жузунон эле билинет го
+6
Izdeim_seni.
2016-10-10 17:40:24
эптеп эле кино тартмай болуп калды ушу квн шиктердики. кулдургону да эптемей
-2
Qnet
2016-10-11 15:01:50
Izdeim_seni.,"Чувство юмора"деген сизде вообще жок экен анда
+4
jama9210
2016-10-10 22:38:59
Ошо да башты оорутупбу
-2
aitieva00
2016-10-11 02:32:25
Жениш байке ийгилик!
+2
Totyua.71.
2016-10-12 05:58:58
Балдарга ийгилик!
+1
Nazaraliva.begaiym
2016-10-12 07:31:22
Биртууганчик тасмасы мага аябай жагат. Иштерине ийгилик.
+2
Santanna
2016-10-12 13:41:51
Капа болбогулаго чындык чычалат дейт,вапще обу жок эле жашбалача кыял болуп аласынар ушул силердин топтогу квншиктер жакшы деле кулдуро албайсынар эптеп эле ЭлГЕ корунушбу же?Кобураак изденип анан чыккылачы сахнага,чынын айтканда вапще коргум келбейт силердин чыгарма кулкунорду ачыгын айтыш керек...
-3
ZHaziko
2016-10-12 20:54:29
Атандын кору ушу силер бактылуу болгулачы! Мына сага деп
0
ZHaziko
2016-10-12 20:57:32
Бакыт орой, анан озуну да укмуш сезет экен. Откондо Бакытты дагы бир КВН шик бала барго Азамат деген ошого алмаштырып алыпмын. Бакытка келип Азамат экзамендеринди кандай? Экзамендеин буттубу десем. Бакыт эмне кайсы, ээ я вообще то женат дейт. Мен да тушунбой копко ойлонуп Я тоже замужем дептирмин. Ошондо билдим Бакыт ой бай укмуш жигит окшойт деп.
0
maratik.0708
2016-10-13 11:40:19
Азаматсынар жакшы кинолорду жаратышты элге бат эле синип кетишти
Мен дагы аябай кызыгам кино тартканга кинодо ойногонго грандиозный максаттым десемда болот
Бирок кара курсактын камын жеп иусапырчылыкта кун отуп жатат
Кедей жамагын жамагыча жай Бутот болуп биз баргыча энтузиазм кайтып кетет Москвага келсениздер жолугайын дегем силерге
0
maratik.0708
2016-10-13 11:41:23
Эн жакшы жуп баардык жагынан бар бул адамдар
0
akaichik
2016-10-13 16:16:55
Жеништен кийин уйлонгондор балалуу болуп жатышат го. Бирок кудайым берээрин унутпасын. Жубайы экоо баатыр ата-эне болушсун.
0
Bak.taalai
2016-11-23 01:38:20
Азаматсынар Бир тууганчик тасманар сонун болгон кыргызча кийинки чыккан кинолорду коргондо коонубуз толчу эмес эле силердики жакшы болуптур
0
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан