МЫРЗАЛАРГА КУМАРЛУУ ЧАКЫРЫК ТАШТАҢЫЗ

Көпчүлүк айымдар мырзаларды чапталышкан көйнөк же чогуу отуруп көргөн эротикалык тасма дүүлүктүрөт деп билишет. Бирок сиз ойлобогон «күнөөсүз» кылыктар деле мырзаңызды төшөккө чакырышы мүмкүн.

КҮТҮҮСҮЗДҮК

Чоюлуп жүрө берүүнү токтото туруп, шамдагай болуңуз. Анткени сиздин шамдагайлыгыңыз күтүүсүз кылыктар менен айкалышканда мырзалар торуңузга оңой чалынат. Шайыр-шатман айымдар күтүүсүздүккө жакын келгендиктен, күйөөлөрү да «сол» жакка көп баспай турганын көпчүлүк биле бербейт.

АЛСЫЗДЫК

«Карьера деп жүрүп түгөй таппай калдым» дегендерди кулагыңыз чалганбы? Анын негизги себептери: айым көп убактысын жумушка арнап, өзүн күчтүү сезип калат. Ал эми эркектер өзүнүн жанында алсыз айымды көргүсү келишет.

КАМКОРДУК

Психологдордун изилдөөлөрүнө таянсак, башкаларга кам көргөн бийкечтер сексуалдык жашоодо мыкты өнөктөштөр. Кайсы мырза эле ага кам көрүп, анын каалоосун аткарып турган айымга жибибесин.

ДАРОО ЭЛЕ ТӨШӨК ОЮНУНА МАКУЛ БОЛБОГОНДУК

«Айт» десе «уйт» деп өзүңүздү жолдошуңузга дароо эле арнап койбоңуз. Анткени жаңы үйлөнгөн жаш жубайларга ансыз да төшөк оюну кызык. Анан эле өнөрүңүздүн баарын көрсөтүп койсоңуз, анын сизге болгон кызыгуусу тарайт.

КУМАРЛУУ КӨЗ КАРАШ

Биздин тирегибиз болгон эркектерди көз менен да сүйдүрүп алууга болот. Атүгүл каш кагып, кумарлуу көз карашыңыз менен түгөйүңүзгө кайырмак таштап турсаңыз, эмне кылар айласын таппай калат.

АШКАБАК ЖЫТЫ

Жолдошуңузга жагам деп кымбат баалуу атырлардын модасын кууп жүрсөңүз жаңылышасыз. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, 23 жыттын ичинен ашкабак менен лаванда аралашкан пирогдун жыты эркектердин кан айлануусун күчөтүп, дүүлүктүрөт. Андыктан ашкабактан көбүрөөк тамак жасаңыз. Курсагыңарды шашпай тойгузуп, маанилүү «маселени» бирге чечип келесиздер.

УЗУН, КӨРКТҮҮ КОЛДОР

Узун буттуу кыздарга суктанганды токтотуңуз! Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына келсек, узун колдор мырзаларга көбүрөөк жагары белгилүү болгон. Көрсө, мырзаларга мындай кыздар сымбаттуу көрүнөт экен. Жигиттердин оюнда бул айымдар активдүү келишип, кучакташууну сүйүшөт дешет.

ТҮСҮ АЙКАЛЫШКАН ИЧ КИЙИМ

Албетте, аппак денеңизди бирдей өңдөгү билинер-билинбес ич кийим коргоп турса, аны чечкен күйөөңүз бул түндү көпкө чейин эсинде сактап калат. Анткени төшөктө мырзалар үчүн ич кийим башкы орунда турат. Андыктан түгөйүңүзгө сюрприз жасагыңыз келсе же сексуалдык дареметин күчөтүүнү кааласаңыз, бир түстөгү ич кийимди тандасаңыз жаңылбайсыз.

ЧОҢ ЖАМБАШТАР

Кош алмаңыздан дагы томпойгон жамбашыңыз эркектердин шилекейин агызат. Чоң жамбаштуу айымдарда Омега-3 кислотасы көп. Бул витамин кош бойлуу кезде түйүлдүктөгү балага түздөн-түз жетип, келечектеги ымыркайдын акылдуу болуусуна себепчи болот.

КЕСИПТЕШТЕР

Айланаңызды жакшылап карасаңыз сизге көз артып, жадакалса сизди өзүнүкү кылып алгысы келген жигиттер четтен чыгат. Себеби мырзаларды сырттагы селкилерден көрө кесиптештери көбүрөөк кызыктырат. Андыктан бойдок болсоңуз, бүгүнтөн баштап жумушка жолугушуу кечесине баргандай жасанып келиңиз.

КАТКЫРЫК

Аста жылмайып коюу бардык айымдарга жарашары талашсыз. Ал эми жасалмасыз каткырыгыңыз менен да сиз кыялыңыздагы мырзаны кайырмагыңызга илип алышыңыз мүмкүн. Медицина илимдеринин доктору Мария Софоклестин айтымында, айымдардын каткырыгы төшөк оюну учурундагы үнгө окшошуп кетет. Ошол үчүн «үнүм катуу чыгып жатабы» деп кабатыр болбостон шыңкылдап каткырыңыз. Бир чети маанайыңыз көтөрүлөт, экинчиден түгөйлүү болуп калгыңыз бардыр.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (62)
Patriot...kg
2016-12-04 18:53:05
...☺☺☺☺
0
Erkinali85
2016-12-06 03:03:24
Ашкабак баарынарга береке алып келсин.
+1
ashuular_plus
2016-12-09 13:11:34
Бул жерде жалан эле ашкабак жонундо соз болгон жок да, ашкабак менен лавандадан жасалган пирогдун жыты деп жатпайбы, самсы же манты деген жок го?
+2
altuha8989
2016-12-10 13:57:07
Боорум эзилди силерди окуп
+1
Kalem.kash
2016-12-16 16:17:22
Омега3 даарысы сатылат эле а?
0
jama9210
2016-12-16 21:45:08
Комменттерди окуп алып ичим эзилдиго чиркин)))
0
Raha312
2016-12-22 18:19:20
Ашкабакты коптор жактыра беришпейт
+1
Khabib
2016-12-25 22:32:41
мен тошокто иштеп жатканда мен бактылуумун деп бакырып жиберген мен менен жаткан кыз
0
kelechekbizdiki
2017-02-13 02:51:52
Khabib,изчим эзилип калды.
0
Batma08
2017-02-23 18:34:54
Khabib,оой тоба
0
aa93
2016-12-30 14:19:05
Комменттерди окуп алып ичим эзилди. Ашкабак темасын билбейм го бирок тошок оюну жакшы болушу учун ар дайым ар турду позаларды колдонуу керек. Айымдар жакшынакай болуп, озун карап дегендей. Кээде кылыктанып, музыка коюп же бийлеп берсенер деле ашыкчалык кылбайт. Ар бир кошулууда фантазиянарды иштеткиле. Куйоонор жумуштан келгенде массаж жасагыла, сюрприз кылгыла ж.б. Ошондо куйоонор да кызыгат да бугун эмне даярдады экен деп. Эркек курсагы ток, кийим-кечеси таза, уйкусу норма,
+2
aa93
2016-12-30 14:21:13
Тошокто иш жакшы болсо эле башкага кетпейт. Анан да жумушка узатканда жылмайып, ооп жонотуп, кайра эле жаркылдаган маанай менен ошентип тосуп алганды унутпагыла. 3-4жолу ооп узатып койсонор кийин озу эле ооп кете турган болот))
+3
kanat_myrza
2017-01-13 11:14:17
aa93, туура айтасыз. жонотуп жатканда да жакшы маанай менен узатып кайра тозуп алса эле ошол эле сактайтка уй булоону
0
Murmur
2017-01-01 21:24:09
супер инфо Эробекетке кобуроок кызыктуу окуяларды киргизгилечи сураныч
0
admin_superstan
2017-01-03 14:50:42
Murmur, Саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
0
kambarALI2612
2017-01-03 23:37:46
Ашкабак корсо сыры булжакта турбайбы
0
kanat_myrza
2017-01-13 11:12:38
жашасын АШКАБАК)) мага негизи эле жамбашы чонураактар жагат, кош алмасы чонлорду коргондо далдаландап калам)) сулуу чырайлуу кызды коргондо токтоп каламго дейм
0
Mederbek0707
2017-03-03 23:43:53
Жанылары качан чыгат болдукен
0
ladynur
2017-05-17 09:33:51
Ашкабак самсыны сагынып кеттим ,
+1
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан