КРЕМ ШОРПОЛОР

Ашканадагы тоюмдуу жана витаминдүү болгон тамак-аштын бири – крем шорпо. Суюк шорпо менен пюре шорподон айырмаланып ага каймак, сүт жана айран кошулат. Негизги азыктары – жашылча, эт, балык. Күнүмдүк менюну крем шорполор менен толуктап, мыкты кожойке экениңизди көрсөтүңүз.

ТООК ЭТИНЕН КРЕМ ШОРПО



Керектелүүчү азыктар: (3 литр шорпого)

  • Тоок эти – 2 килограмм
  • Айран – 2 стакан
  • Ун – 6 аш кашык
  • Жумуртка – 1 даана
  • Лимон – 1 даана
  • Татымына жараша туз

Соус үчүн:

  • Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

Табитиңизге жараша ачуу калемпир жана сарымсак

Даярдоо ыкмасы:

  • Тоок этин кайнатып бышырып алабыз да, майда туурайбыз. Шорпосун төкпөй коюп коёбуз.
  • Айранга жумуртканын агын, лимондун ширесин жана унду кошуп, бөлтөктөрү жок болгончо аралаштырып казанга куябыз.
  • Эми тооктун эти бышкан шорпону аз-аздан казандагы аралашмага куюп, жакшылап аралаштырып, жай отто кайнатабыз.
  • Кайнап чыккан шорпого тууралган этти салып, жай отто 2-3 мүнөт кайнатып, эң акырында тузду кошобуз.
  • Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, кызыганда калемпир менен сарымсакты салып, 2 мүнөт кууругандан кийин оттон алабыз. Соус даяр.

АШКАБАК КРЕМ ШОРПОСУ



Керектелүүчү азыктар:

  • Ашкабак – 2 килограмм
  • Каймак май – 2 аш кашык
  • Пияз – 1 баш
  • Сарымсак – 1-2 тишче
  • Каймак – 5-6 аш кашык
  • Татымына жараша туз, кара мурч жана бир чымчым кумшекер

Даярдоо ыкмасы:

  • Ашкабактын данектерин алып, кабыгын аарчып, төрт чарчы түрүндө туурайбыз.
  • Каймак майды кызытып, ага майда тууралган пияз менен сарымсакты салып кызарта кууруйбуз. Татымына жараша туз жана кара мурч кошобуз.
  • Андан кийин тууралган ашкабакты, кумшекерди кошуп, 5-6 мүнөт кууруйбуз.
  • 1 же 1,5 литр суу куюп, жай отто 20 мүнөт кайнатабыз.
  • Ашкабак бышкандан кийин блендер менен эзип, каймакты кошобуз.

ЖАШЫЛЧА КРЕМ ШОРПОСУ



Керектелүүчү азыктар:

  • Суу – 1 литр
  • Каймак – 200 грамм
  • Брокколи – 200 грамм
  • Жашыл буурчак – 100 грамм
  • Шампиньон – 3-4 даана
  • Пияз – 1 даана
  • Сабиз – 1 даана
  • Картошка – 1 даана
  • Татымына жараша туз, татымалдар жана ашкөк

Даярдоо ыкмасы:

  • Картошканы төрт чарчы, ал эми сабиз менен пиязды тегерек кылып туурайбыз. Казанга көрсөтүлгөн өлчөмдөгү сууну куюп, тууралган жашылчаларды салып, жай отто 15 мүнөт кайнатабыз.
  • Андан кийин майда тууралган брокколини, шампиньонду, жашыл буурчакты салып, дагы 10 мүнөт кайнатабыз.
  • Эми шорпосун башка мискейге куюп алып, жашылчаларды блендер менен эзип алабыз.
  • Боткону шорпого салып, каймак, татымына жараша туз жана татымалдарды кошуп, күчтүү отто 5 мүнөт кайнатабыз. Тамагыбыз даяр! Тамакты ашкөк менен кооздоп, үстүнө кургатылган нандан себелеп койсоңуз болот.

КРЕМ ШОРПОЛОР ҮЧҮН КАТЫРАК НАН



Керектелүүчү азыктар:

  • Нан – 1 даана
  • Зайтун майы – 2 аш кашык
  • Каймак май – 15 грамм
  • Ашкөк (тууралган) – 1 аш кашык
  • Татымына жараша туз жана кара мурч

Даярдоо ыкмасы:

  • Нанды төрт чарчы формасында туурап алабыз.
  • Зайтун майына майда тууралган ашкөктү жана татымына жараша туз кошобуз. Эми муну тууралган нандын үстүнө куюп аралаштырабыз да, казанда кызып турган каймак майга бардык тарабын кызарта кууруп алабыз.


Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан